Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:04

Чаткалдын эли кен казуучуларга нааразы


Иштамберди кени
Иштамберди кени

Чаткалдыктар майда кен казган компанияларга лицензия берүү токтотулсун деген талап коюуда.

12-майда өткөн коомдук угууда Чаткалда кен казган компаниялар тарабынан аткарылган жумуштардын жыйынтыгы видеодон көрсөтүлдү. 2014-жылы кен казган компаниялар аймакта 20 млн. сомго чукул долбоорлорду аткарышкан.

Ал эми “Фонта” ишканасы 4 млн. сом жергиликтүү бийликке төлөп бере албаса, “Вертекс” компаниясы Айгыр-Жал - Каныш-Кыя айылдарын бириктирген көпүрөнү өз убагында бүтүрбөгөнү үчүн сынга кабылды.

- Көпүрө 2014-жылы ишке берилиши керек болчу. Азыр эч нерсе баштала элек. Акчаны да убагында которгон эмессиңер. Көпүрө салып жаткан фирманы алмаштыруу керек. Дагы качанга чейин элди алдайсыңар? Сиз өкүл катары жооп бере албайсызбы, анда жетекчиңиз келип жооп берсин. Биз 10 күн мөөнөт беребиз, элдин алдына келсин. Болбосо компания ишин токтотсун, ошентип ачык эле айталы.

Иштамберди кени
Иштамберди кени

“Вертекс” компаниясынын өкүлү тургундарга койгон шартка макул болуп, талаптарды жетекчиликке билдирерин айтты.

Жергиликтүү тургундар кен казган компанияларга 70% жергиликтүүлөр жумушка кабыл алынсын деген талап коюшууда. Мындай талап аймактагы кытайлык “Кичи Чаарат” компаниясына коюлду. Жыйын катышуучулары кытай жарандарынын саны жашырылып келгенин, ушул тапта ал жерде 150гө жакын киши барын белгилешти.

- Булар калдык сактоочу жайды былтыркы жылы куруп жатабыз деп айтышкан. Азыр да ошол эле сөздү айтышууда. Буларды көзөмөлдөгөн бирөө барбы? Компанияда иштеген балдардын айлыгын көтөрүү керек, кытайлар миллиондоп алышса, биздикилерге жарытып деле беришпейт. Айлык 30 миң сомдон кем болбосун деген талап койгонбуз, ал дагы аткарылабы? Элдин укугун ойлосуңарбы же жокпу, болбосо жаап салуу керек. 95 кытай бар дейсиңер, Чаткалды каптап эле кетти. Андан дагы көп болушу мүмкүн, тактоо керек, - деди Ойгонбай Кожобеков.

Компания директору У Ся Ган быйыл да курулуш иштери жанданып, кошумча элүү адам кабыл алынарын айтты. Ошондой эле элдин талаптарын акырындык менен аткарууга барарын белгиледи:

- Сиздер 70 пайыз бизден жумушчулар болсун деп жатасыңар. Азырынча аларды аткаруу мүмкүн эмес. Эртең комбинатты куруу иштери башталса, дагы элүү жумушчу алабыз. Үч жылдан кийин комбинат ишке кирсе, көбүрөөк жумушка кабыл ала баштайбыз. Бирок ага карабай талаптарды аткарганга аракет кылуудабыз.

Ал эми жергиликтүү активисттердин бири Өмүрзак Токтогулов кен казган кичи компаниялар көбөйүп, жер кыртышынын бузулушуна алып келип жатканын айтууда:

- Чаткалдын территориясынын баарын сатып жиберипсиңер, кен казуучулар бир чекеден келе баштады. Элдин саламаттыгын, экологияны коргоо деген ой барбы силерде? 15 килограмм алтын үчүн “Этгео” компаниясы 2 миң гектар, ал эми “Каинтер Прайс” 26 килограмм үчүн 75 гектар токойлуу жерди талкалады. Компаниялар биринчи кезекте аймакка инвестиция алып келсин, анан ишин баштасын.

Ала-Бука Чаткал унаа жолунда 10-май күнү түндөсү сел жүрүп, каттам убактылуу үзгүлтүккө учураган. Ага чейин авто жолдо “Эвентус” компаниясы казуу иштерин жүргүзгөнү маалым болду. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов лицензия берүүдө кемчиликтер бар экенин жашырбайт:

Жергиликтүү эл кен казуу айынан токой аянттары азайганын айтууда
Жергиликтүү эл кен казуу айынан токой аянттары азайганын айтууда

- Мен Чаткалга келер алдында облустук администрациянын адистери бул жакта 40 компания лицензия алган деп маалымат беришкен. Ал эми район акими 27 деп айтууда. Буларды тактап чыгуу керек. Азыр болор-болбос компанияларга эле Чаткалдын ар жеринен казууга уруксат берип коюшуптур. Азыр эле сатып түгөткөнүбүз жарабайт. Атүгүл мына Ала-Букадан Чаткалга келаткан жолго да “Эвентус” фирмасына лицензия берип жиберишиптир. Ал жерде казуу иштерин жүргүзүп, анын айынан кечээ сел жүрүп, каттам токтоду. Бул жагынан маселе бар, кайрадан карап чыгуу керек. Ал эми жергиликтүү эл айтып жаткан талаптар негизинен туура, бирок ошол эле учурда компаниялар да баарын аткарууга аракет кылууда.

Ала-Бука жана Чаткал райондорунда учурда кен казууга лицензия алган 40тан ашык компания бар. Алардын 32си каттоодон өтсө, калгандары белгисиз. Экологиялык техникалык инспекция жакынкы күндөрү кен казган компанияларды текшерүүгө аларын анын өкүлү Адылбек Алымов билдирди:

- Жергиликтүү тургундар тарабынан экологияга зыян келип жатат деген дооматтар көп. Бул багытта биринчи кезекте кен казган компаниялар өздөрү кызыкдар болуп элге маалымат берип турушу керек, ошол иш жоктугунан азыр маселе жаралууда. Чаткалдагы “Кичи Чаарат” компаниясына токой аянттарын зыянга учуратуу боюнча экотехинспекция тарабынан 6 млн. сомдук доо коюлуп, азыр иш УКМКга өткөрүлүп берилди. Дагы бир айта кетчү жагдай, алдыдагы жумадан баштап биз бардык компанияларда экологиялык коопсуздук боюнча текшерүү иштерин жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгы боюнча да сиздерди маалымдар кылабыз.

Чаткалда төрт айыл өкмөт болсо, алардын экөө кен казган компаниялардын эсебинен дотациядан чыккан. Дагы 500 жаран жумуш менен камсыз болгон. Быйылкы жылы жергиликтүү бийлик менен түзгөн социалдык пакетке компаниялар 40 млн. сомго чукул каражат которору белгилүү болду. Төрт сааттан ашык убакытка созулган жыйындын соңунда компаниялар жашоочуларга аткарган иштери боюнча маалымат берип турууга милдеттенме алышты.

XS
SM
MD
LG