Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:43

Чаткалда алтын ишканасы каракталды


Чаткал районуна барчу жол. Жалал-Абад облусу.
Чаткал районуна барчу жол. Жалал-Абад облусу.

Чаткалдагы Куру-Тегерек алтын кенин иштеткен кытайлык компанияны карактап кетишти. 7-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар “Фонта” компаниясынын үч кызматкерин жарадар кылып, 5 килограммга жакын алтынды алып кетишкен.

Чаткалдагы Куру-Тегерек кенин иштеткен кытайлык “Фонта” компаниясы жекшембиге оогон түнү каракталган. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, башына чүмбөт кийген куралчан эки адам ишкананын кеңсесине кирип келип, күзөттө турган коопсуздук кызматкери Курманбек Сулаймановду атып, жарадар кылган. Ал эми башка күзөтчүлөрдү вагонго камап салышкан. Нөөмөт башчы Алмазбек Эгембердиевди жана участок башчысы Шайлообек Жуматаевди ур-токмокко алып, ишкананын алтын сактаган кампасын ачтырышкан. Андан ары кампадагы 5 килограммга жакын алтынды жана 300 миң сом акчаны алып из жашырышкан.

Окуя кандай болгонун Жалал-Абад облустук милициясынын өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн башчысы Темирлан Мавлянов “Азаттыкка” төмөнкүчө айтып берди:

- Алтын сакталган кампаны ошол жердеги Жо аттуу кытай жаранына ачтырышкан. Андагы 5 килограммга жакын алтынды жана сейфтеги 300 миң сом акчаны алышкан. Андан соң компанияга таандык “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү автоунааны айдап, Чаткалдан Таласты көздөй иш жашырышкан. Автоунааны кийин жолго таштап кетишкен.

Карактоо учурунда жабыркаган компаниянын үч кызматкери райондук ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен ок жеген Курманбек Сулаймановдун абалы оор, калган экөөнүкү канааттандырарлык.

Чаткал райондук ооруканасынын дарыгери Сатылган Жоробековдун айтымында, учурда Сулаймановду Бишкекке которуу мерчемделүүдө:

- Ок Сулаймановдун далысынан кирип, омурткасын сындырган. Ага операция жасалды. Бирок абалы оор бойдон калууда. Ок жүлүнүн аралап кеткенби деп чочулап жатабыз. Бүгүн сүйлөшүп, Бишкекке которсокпу деп турабыз. Ал эми калган экөөнү мылтыктын кундагы менен катуу сабаган экен. Аларга жардам көрсөтүлүп, абалы оңолуп калды.

Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделип жатат. Бул боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, Чаткал районундагы бир нече жерге жана Талас облусу менен чектешкен аймакка атайын посттор коюлду. Ошондой эле кылмышкерлер тоодо жашырынып жатышы мүмкүн деген маалымат боюнча Чаткал жана Аксы райондорундагы тоо кыркаларында милициянын ыкчам топтору иштеп жатат.

Жалал-Абад облустук милициясынын өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн башчысы Темирлан Мавляновдун айтымында, компанияны карактагандар ишкана тууралуу жакшы билген адамдар болушу мүмкүн:

- Карактоого катышкандар компания тууралуу жакшы билген. Алтындын кайда сакталарын, күзөтчүлөрдө ок атуучу курал жок экенин билишкен. Жада калса кендеги жумушчулардын канчада тамактанарын, кайда отурарын тактап, ошого жараша оюн ишке ашырышкан. Мындан улам биз алар компаниянын ичинен болушу мүмкүн деп болжолдоп жатабыз.

Чаткалдын Чакмак-Суу айыл аймагында жайгашкан Куру-Тегерек алтын кенин бир нече жылдан бери кытайлык “Фонта” компаниясы иштетип келген. Анда негизинен аталган айылдын тургундары эмгектенет.

Айылдык кеңештин депутаты Садыр Исмаиловдун айтымында, компания кенди казууда бардык талаптарды аткарып, жергиликтүү тургундар менен чыр-чатак болгон эмес:

- Компанияда иштегендерди билебиз. Эми буга компанияны кайтарган күзөт кызматынын алсыз болгону себеп болду окшойт. Аларда курал жок эле. Муну кылгандар Талас тараптан келген өңдүү. Ошол жерде иштегендер беткапчан адамдар орусча, казакча сүйлөштү деп айтып жатышат. Жергиликтүүлөр болгон жок окшойт. Алар менен чыр-чатагы деле жок болчу.

Адатта Кыргызстанда кен казуу менен алектенген компаниялар жергиликтүү тургундар менен тил табыша албай, ар кандай жаңжалдар болуп келген. Бирок кен казган чет өлкөлүк компанияны минтип карактап кетүү биринчи жолу болуп отурат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG