Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

“Кумтөрдөн” кут качтыбы?


Кумтөр кениндеги ишкана
Кумтөр кениндеги ишкана

Кыргыз күч органдарынын “Кумтөр голд компани” ишканасынын кеңсесин тинтүүгө алышы, аталган компаниянын эки жетекчисинин Кыргызстандан чыгып кетиши коомчулукта кызуу талкууга айланууда.

“Кумтөр” компаниясынын айланасындагы иштерге арналган “Арай көз чарай” талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Кумтөр” боюнча бир нече комиссиялардын мүчөсү Эркингүл Иманкожоева жана “Кумтөр голд компани” ишканасынын өкүлү Актилек Түнгатаров, “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Кылычбек Шакиров.

“Азаттык”: Кылычбек мырза, олуттуу маселелерди директорлор кеңеши карап, талдап баа берет эмеспи, сиз мүчө болгон кеңеш бул окуяга кандай карап жатат, анын чечүүнүн жолун эмнеден көрөт?

Кылычбек Шакиров: “Центерра голд” компаниясынын директорлор кенеши стратегиялык орган болгондуктан ага караган дүйнөдөгү компанияларга көзөмөлжүргүзөт.

Биринчиден, бизге так маалымат керек, ошондо бардык маселелер туура чечилет деп ойлойм. “Кумтөр голд компани” Кыргызстандагы катталган ишкана болгондуктан анын мыйзамдарын сактап, аткарышы керек. 28-апрелде соттун чечими менен санкцияланып, тинтүү жүргүзүлүп жаткандан кийин бардыгы мыйзам жүзүндө чечилиши керек деген ойдомун.

“Кумтөрдүн” акциясы сатылбай калыптыр же арзандап кетиптир” деген маалымат чыгып кетти. Иш жүзүндө андай эмес, акциясы сатылып жатат. Мен өзүмдүн телефонум аркылуу акция кандай жүрүп, канчадан сатылып жатканын мүнөт сайын карап жатам. Ошондуктан тополоң кылбай иш козголгондон кийин бардык суроолорду юристтер, адистер карап мыйзам чегинде чечилиши зарыл.

“Азаттык”: Кылычбек мырза, айтылып жаткан ушул окуяны “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңеши карап талдайбы?

Кылычбек Шакиров: Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22де директорлор кеңешинин кеңешмеси болот. Кыргызстан тараптан үч мүчөсү жана Канада тараптын сегиз мүчөсү болуп бул маселени карайбыз. Тиешелүү документтерди, маалыматтарды сурап жатабыз. Бардык маселелер талдоого алынат, Кыргызстан тараптан да талаптарыбыз болот. Кандай суроолор талкууланганы жана кандай чечимдер болгону жөнүндө толук маалымат берилет.

“Азаттык”: Эркингүл айым, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы, Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Каржы полициясынын биргелешкен тобунун “Кумтөр голд компани” ишканасын тинтүүгө алышы компаниядагы мыйзам бузуулардын олуттуулугубу же “Кумтөрдү” ийге келтирүүнүн жолубу?

Эркингүл Иманкожоева: “Кумтөр” маселеси көп жылдан бери эле актуалдуу болуп келатат. Кыргызстандын күч органдарынын текшерип жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлойм. Мындай текшерүү беш-алты жыл мурун эле башталышы керек болчу. Мен бул маселени көптөн бери эле айтып келатам.

Компания Кыргызстанда жайгашкандыктан аны жылына бир жолу текшерүү жүргүзүшү керек эле. Тилекке каршы, “Кумтөр” биздин органдарды киргизбей келген. Азыркы текшерип жатышы, эки вице-президентинин качып кетиши жөндөн-жөн эле эмес. Демек бул жерде чоң мыйзам бузуулар бар. Болбосо, жанагы эки жетекчи суракка барып, айтып берип эле кетишсе болмок. Мындан сырткары компания экологиялык толгон көйгөйлүү суроолорго да жооп бербей тил эмизип келатат.

“Кумтөр голд компании” ишканасы PR кампанияларына көп акча жумшап, алар маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстанды төрт, бешке бөлүп-жарып бүтүштү. “Кумтөрдү” улутташтыралы дешсе аларды чыккынчы дедик, 50-50 келишимин кылалы дешсе мен баш болуп кыянаттык чечим деп чыктык.
Алмамбет Шыкмаматов

“Азаттык”: Актилек мырза, “Кумтөр” ишканасынын эки вице-президентинин Кыргызстандан чыгып кетиши акыркы окуялардын курчушуна себеп болгону айтылууда. Эгер алар таза болсо өлкөдөн чыкпай эле тергөө органдары менен кызматташса болот эле деген пикирлер аз эмес...

Актилек Түнгатаров: “Кумтөр голд компанинин” каржы маселеси боюнча вице-президенти Марк Бертон жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президент Лесли Лоу качып кеткен жок. Аны тастыктоочу мааалыматтарды ала келдим, сиздерге таштап кетем. Анткени алардын бул убакка чейин эле эмгек өргүүсү жөнүндөгү маселелери январь, февраль, март айларында эле чечилген экен. Демек 28-апрелде болгон тинтүүгө чейин эле алардын учактарга билети алынып, эмгек өргүү мөөнөттөрү такталган. 29-апрелде алар учуп кетишкени ошол окуя болгон күндөргө дал келип калган. Алар эч кайда качкан жок. Ошол тинтүү болгон күнү компаниянын жетекчилери, кызматкерлери тергөөчүлөр сураган документтерди берип көп жардам беришти.

“Азаттык”: “Кумтөргө” тагылып жаткан кинелерге эки жетекчинин түздөн түз тиешеси бар болчу, деп биздин күч органдар айтып жатышат. Ошондой болсо аларды кетирбөөнүн чараларын көрүш керек эле да...

Алмамбет Шыкмаматов: Муну ЧП деп коет. Болуптур, жанагы эки жетекчинин эс алууга кетери белгилүү болгон шартта, ушундай окуя болуп, соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлүп жаткандан кийин “Центерранын” жетекчилери “эмгек өргүү токтото тургула, тергөө менен кызматташып, ишти бүтүрүп келгиле” деп айтуу керек болчу. Бакандай эки жетекчилерге шек санап иш козголуп жатса, анан өлкөдөн чыгып кетишсе аларга ким ишенет? Анан биздин органдар тарабынан аларга карата “ормон опуза” мамилелер да болушу мүмкүн...

“Азаттык”: Алманбет мырза, “Кумтөр” маселесинин алдыга жылбай жатышына кыргыз өкмөтүнүн так позициясы, оюнун жоктугу себеп болууда, деген пикрлер арбын. Ар бир келген өкмөт ар кандай сунуштарды айтып жатып, маселени жеңилдетмек турсун, татаалдатып салганы айтылат. Сиздин пикириңиз кандай?

Алмамбет Шыкмаматов: “Кумтөр голд компании” ишканасы PR кампанияларына көп акча жумшап, алар маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстанды төрт, бешке бөлүп-жарып бүтүштү. “Кумтөрдү” улутташтыралы дешсе аларды чыккынчы дедик, 50-50 келишимин кылалы дешсе мен баш болуп кыянаттык чечим деп чыктык. Ошентип бизди митайымдык менен бөлүп-жарып, каалаганын кылып жатышат.

Бул жерде премьер-министрдин эле чечкиндүүлүгү керек. Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев да андай кыла алган жок, Темир Сариев үлгүрбөй калды. Азыркы өкмөт башчыдан катуу талап кылышыбыз керек, бул маселени приоритет кылып алышы керек.

XS
SM
MD
LG