Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Чаткалдыктар кен казуучуларга нааразы


Чаткалдын айрым тургундары андагы алтын казуучу компаниялар төлөгөн каражаттан жымырып алган фактыларды укук коргоо органдары жашырууда деп нааразы.

Акчанын сарпталышы боюнча ачык отчет берилбей, жол, көпүрө сыяктуу социалдык курулуштарды баштоо үзгүлтүккө учураганын айтып чыккан тарап жергиликтүү бийлик бири-бирин калкалап, чыныгы паракорлордун жоопкерчилиги каралбай калганын белгилеп, мамлекет башчысына даттанды.

Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары каржылык мыйзам бузуулар тууралуу дооматтарды четке кагууда.

Каражат каякка жумшалууда?

Чаткал району - Кыргызстандагы алтын кендери эң көп тоолуу аймак. Бул аймактагы алтын кендерин изилдөөгө жана иштетүүгө жалпысынан жүздөн ашуун уруксатнаамелер берилген.

Учурда Чаткалда жалпысынан кытайлык, түштүк кореялык, казакстандык жана түркиялык жети компания алтын кендерин изилдеп, иштетүүдө.

Инвестициялык макулдашууга ылайык, аталган компаниялар алтын кендерин иштетип баштаган учурдан тарта кирешенин кайсы бир бөлүгүн айыл аймактарынын бюджетине жана районду өнүктүрүү фондуна которот. Анын эсебинен райондун аймагындагы жол, таза суу жана көпүрө сыяктуу социалдык курулуштар жүргүзүлөт.

Чаткалдын жергиликтүү тургуну Тумарбек Ажыбеков тендерлер жең ичинен өткөрүлүп, бөлүнгөн каражаттар натыйжасыз чыгымдалып кеткен учурларга токтолду:

- Чаткал айыл аймагына "Таза суу" долбооруна өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн акчанын дайыны жок. Жалал-Абаддагы “Скай” деген фирмага жең ичинен тендерди беришип, анан ошол компания акчасын жеп кетип, бул боюнча эч ким эч нерсе дей албай калды. Буга жергиликтүү кеңештин депутаттары менен айыл аймагынын башчысынын тиешеси болгон. “Ак-Булак” суу каналы бүткөрүлө электе курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары кирген комиссия аны кабыл алып койду. Эми азыр суу чыкпай жатат.

Көпүрөгө бөлүнгөн акчанын көйгөйү

Буга чейин жергиликтүү калктын кайрылуусу менен Чаткалдын Жаңы-Базар айылындагы көпүрөнүн курулушуна Түштүк Кореядан келген инвестор уюштурган “Тоо Кен компани” фирмасы 177 миң доллар которгон. Инвестор, буюртмачы жана аткаруучу болуп, үч тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде көпүрөнүн 70 пайызы курулуп бүтүп калганда аны суу алып кеткен.

Чаткалдын жергиликтүү тургуну Асылбек Оморов көпүрөнүн курулушуна байланыштуу кыңыр иштин жагдайлары туурасында мындай дейт:

- Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурлан Мырзаяров менен Чаткалдын акими Канжарбек Эшалиевдин иштери көмүскө жасалып, элдин нааразылыгын жаратууда. Көпүрө бүтпөй көпкө туруп калып, анын салынган бөлүгүн суу алып кетти. Мындай шалаакылык үчүн жергиликтүү бийлик башчылары жооп берген жок. Анткени бул курулушка алар каяктагы эле өз адамдарын алып келип, көпүрөнү салдырып, инвесторду зордоп эле акчасын котортушуп, жыйынтыгында каражаттын көп бөлүгү каякка жумшалганы белгисиз. Айыл аймагынын башчысы менен аким инвестор берген акчаны көзөмөлдөп, көпүрөнү бүтүртө алган жок. Ал эми бул жерде ишти аткара албай калды деген ЕМКО деген курулуш компаниясынын башчылары гана камалып, сурак беришүүдө.

Ошол эле кезде арызданган тарап райондогу каржылык мыйзам бузуулар боюнча андагы эсепчилердин үстүнөн гана кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликти ала турган жетекчилер четте калган учурларды мисал келтирди. Чаткал айыл аймагындагы Жаңы-Базар айылына таза суу түтүктөрүн киргизүү боюнча долбоорго мамлекеттен 1,5 миллион сомго чукул акча бөлүнүп, алтын кенин иштеткен “Чаарат” компаниясы 1 миллион сомго демөөрчүлүк кылган.

Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурлан Мырзаяров көпүрөнүн курулушу жана таза суу долбоору боюнча анын дарегине айтылган дооматтарды четке какты:

- Текшерүүдөн жададык. Бизди мына 24 жолу текшеришти. Минте берсе, иштегенге деле мүмкүнчүлүк болбой калды. Көпүрөгө бөлүнгөн акчага биздин тиешебиз жок. Анткени инвестор акчаны түз эле куруучу компанияга которуп берген. Акча биздин айыл аймагынын эсебине түшкөн эмес. Биздин айыл аймак буюртмачы катары гана келишимде көрсөтүлгөн. Бирок акча каражаты боюнча биз эч кандай милдеттенме алган эмеспиз. Эми таза суу боюнча маселе жок. Ал долбоор ойдогудай ишке ашкан. Эсепчилерге кылмыш иши козголуп жатканы ага байланыштуу эмес. Ал 24 миң сом жетпей калган учур боюнча эле. Башка маселе деле жок.

Укук коргоо органдары унчугабы?

Ошол эле кезде Чаткалдагы демилгелүү топ райондогу үчүнчү бир чуулгандуу иш боюнча дагы Башкы прокуратурага чейин арызданган. Ал райондогу суу жетпеген жер аянттарын сугаруу үчүн “Ак-Булак” суу каналын оңдоп-түздөө иштерине мамлекеттен берилген акчанын сарпталышы боюнча. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Каржы министрлиги районго дем берүүчү гранттын эсебинен 1 миллион 633 миң сом бөлгөн. Оңдоп-түздөө иштеринин сапатына нааразы болгон райондогу жергиликтүү тургундар долбоорду ишке ашырууда да каражат кымырылган деп шектенүүдө.

Чаткалдагы коомдук активист Асылбек Оморов бул иштер боюнча жоопкерчиликти карай турган укук коргоо органдары менен жогорку бийлик өкүлдөрүнө дагы ишеним калбаганын айтты:

- ИИМнин Түштүк аймактык башкармалыгынын тергөөчүлөрү барып текшергенде акимчиликтен кен казуучу компаниялар менен түзүлгөн 31 меморандум табылган. Мисалы, бир эле меморандумда Чаткал районунун аймагындагы жолдордун асфальтына деп 5 миллион сом, экинчи бир пунктунда башка чыгымдарга деп 1 миллион сом бөлүнгөнү көрсөтүлгөн. Мындан башка бала бакчаларга жана мектептердин кем-каржысына деп дагы бир топ акча каражаттарын бөлүү туурасында аталган меморандумдарда көрсөтүлгөн. Бирок аким мына ошол каражаттардын каякка жумшалганы туурасында отчет берген эмес. Жалпысынан 70 миллион сомдук меморандумдун ичинен берилсе 20 миллион сомуна гана документалдык тастыктоо менен отчет болушу мүмкүн. Калган акча каякка жумшалганы белгисиз. Бул боюнча иш козголуп, бирок облустук прокуратура аны аягына чыгарбай жаап койду. Эч кимдин жоопкерчилиги каралган жок. Айыл аймактарындагы ушуга окшогон каржылык мыйзам бузууларды дагы тергөө органдары жаап салышкан.

Ошол эле кезде жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн мына ушул маселе тууралуу комментарий алуу үчүн Чаткалдын акими Канжарбек Эшалиев менен байланышууга мүмкүн болбоду. Райондук акимчиликтен ал алыскы айылдарда иш сапар менен жүргөнүн белгилешти. Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн ыйгарым өкүлүнүн орун басары Мамасаалы Акматов район акиминин жана айыл аймак башчыларынын дарегине жазылган арыздар көбүнчө тастыкталбай калып жатканына токтолду.

Ошол эле кезде Мамасаалы Акматов облустук өкүлчүлүк жергиликтүү бийликтегилерди калкалайт деген дооматты четке какты:

- Мисалы, көпүрөгө бөлүнгөн каражат жеке инвестордун акчасы. Биз бул маселени иликтөө үчүн канча жолу прокуратуранын өкүлдөрүн текшерүүгө жөнөттүк. Мына ошол көпүрөнүн акчасын жымырып койгондор камакка алынып, азыр сот башталганы жатат. Анан эми мына ошол Чаткалдагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча жазган адамдар текшерүүчүлөр барган учурда кайра берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, алардын ордуна башкалар эле кол коюп коюшканы туурасында айткандар дагы болду. Мына ошентип арызданып келе бергендердин арызын уга берип, чачым агарып бүттү.

Облус прокурорунун жообу

Соңку мезгилде жергиликтүү калктын баамында, Чаткалда алтын кендерин иштеткен компаниялар көбөйүп, андагы көмүскө кирешенин эсебинен пайдага туйтунгусу келген ар кайсы топтордун арааны ачылып турган учур.

Жергиликтүү активисттердин айтымында, айыл аймактарынан башталып, районго, андан облуска жана борборго чейин жетип, бири-бирин калкалап, бири-бирине чырмалышкан коррупциянын “чынжыры” ансыз дагы шарты катаал аймакты аябай эле алсыздандырууда. Алар бир нече кылмыш иштери ачылып барып эле, бирок аягында эч кандай жыйынтык чыкпаган учурлар кадимки көрүнүшкө айланып баратканына тынчсызданышты.

Бирок Жалал-Абад облусунун прокурору Нурлан Дарданов мыйзам бузуулар каралбай калган учурлар боло электигин айтып, жоопкерчилик жагы мыйзамдын чегинде каралып жатат деп эсептейт:

- Негизи арыздар аябай эле көп түшөт. Анын бардыгы азыр эсимде жок. Чаткалдагы көпүрөнүн курулушунан акча өөнөп калган факты боюнча курулуш компаниясынын эки кызматкери Беков жана Матраимов деген кармалып, камакка алынган. Былтыр алардын иши сотко өтүп, өкүм чыккан. Бирок прокуратура өкүм жеңил чыгарылып калды деген жүйө менен өкүмдү даттанган. Учурда бул иш облустук сотто каралганы турат. Анткени келтирилген зыян ордуна коюла элек болчу. Бул иште акчаны алган жана аны иштеткен тарап жоопко тартылды. Бирок бул иш боюнча райондун акими же айыл аймагынын башчысы тергөөдө сурак бергенби же жокпу,аны билбейм. Чаткал району боюнча көп эле иш козголуп, ар бир берилген арыздар жоопсуз калган жери жок. Биз өз учурунда тиешелүү жоопторун берип келе жатабыз.

Чаткал району Кыргызстандагы тоолуу, шарты катаал жана алыскы аймактардын бири. Район негизинен республикалык бюджеттин эсебинен дотацияда отурат. Бирок жергиликтүү тургундар алтын кендери иштетилип жаткан учурда алардан түшкөн акчаны сарамжалдуу пайдаланганда район өзүн-өзү бакмак түгүл, республикадагы экономикасы өнүккөн алдыңкы районго айланмак деп эсептешет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG