Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:37

Жергиликтүү телеканалдардын бири өзүнүн өкмөттөгү ишенимдүү булагына таянып, Кумтөр боюнча жаңы документ даярдалып жатканы тууралуу маалымат таратты. Бул маалыматты "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат кызматы ырастаган да, ошол эле кезде төгүндөгөн да жок.

Төрт жылдан кийинки "жылыш"

Жергиликтүү телеканалдардын бири өкмөттөгү ишенимдүү булакка таянып, өкмөт "Центерра" менен Кумтөр боюнча иштелип чыккан жаңы макулдашуунун долбоорун карап чыгып, ага жакында кол койгону жатканы тууралуу маалымат таратты. Ага чейин эл аралык ишкер кеңеш өкмөттү "Центерра" менен бул маселеде мунаса табууга чакырган кайрылуусун жарыялаган болчу.

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси, өкмөт башчысынын кеңешчиси Токон Мамытов буга чейинки сүйлөшүүлөргө эл аралык арбитраждагы сот жараяндары тоскоолдук жаратканын айтып, кыргыз тарап алардын баарынан утуп чыккан соң, жаңы макулдашууга барууга жол ачылганын белгиледи:

- Айрым учурларда канадалыктар камакка алынган акцияларга байланыштуу "силердин үлүшүңөр 33 пайыздан дагы төмөн түшүп калышы мүмкүн. Мына ошондуктан сот иштеринин жыйынтыгын күтө турбайлыбы" дегенге чейин барган. Анан биз Торонто сотунан утуп чыктык. Канаданын Жогорку Сотунан дагы уттук. Мына ошондон кийин биздин камоодогу акциялар бошотулду. Буга байланыштуу азыркы күндө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү бир-эки айда жыйынтыктап, маселени толугу менен чечип койгонго шарт түзүлдү.

Центерранын "шантажыбы" же...

Анткен менен айрым эксперттер жана саясатчылар "Центерра" кендин оңой жериндеги корун казып алууга үлгүрүү үчүн убакытты атайын эле создуктуруп келгенин, өкмөт болсо ага талап койгондун ордуна анын жетегинде калганын сындап келишет.

Акаевди айланган Кумтөрдүн миллиондору

Кумтөр боюнча 2003-жылдагы мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Акылбек Жапаров алтынга аралашкан кыңыр иштерге ошол кезде өлкө башында тургандардын тиешеси бар деп эсептейт.

"Центерра" кыргыз бийлиги 2009-жылдагы макулдашууну бир жактуу жокко чыгара турган болсо, анда ал эл аралык сотко кайрыларын, бул убакта Кумтөрдөгү алтын өндүрүшү үзгүлтүккө учурап, анын натыйжасында Кыргызстандын бюджетине келип жаткан 7 миллиард сомдон ашуун акча түшпөй калуу коркунучу бар экенин эскертип келген.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов бул маселеден жыйынтык чыкпай жаткан жагдайдын себебин мына ошол экономикалык шантажга байланыштырды:

- Биз "Центерранын" шантажына кабылып калдык. Алар "бизге катуу талап койсоңор, Кумтөрдөн алтын казууну токтотуп, кетип калабыз" деп коркутушат. Анткени биздин бюджеттин тартыштыгы 24 миллиард сомго жетип калганын алар жакшы түшүнөт. Анан дагы канадалык тарап кыргыз коомунун ынтымагы жок экенин аябай жакшы билип алып, ошол аркылуу бизди бурчка такап жатат. Негизи тарыхый адилеттүүлүктү орното турган болсок, бизге жылына 7 миллиард сом эмес, 30 миллиард сомго чукул киреше түшүп турушу керек эле. Экологиялык зыяндын ордун калыбына келтирүү зарыл болчу. Биз эл аралык соттон коркпой эле "чыгып кеткиле, болбосо келишимдин шарттарын кайрадан карап чыгалы" деген шарт коюшубуз керек.

2013-жылы мамлекеттик комиссия Кумтөр боюнча кыргыз тараптын кызыкчылыгын калыбына келтирүүнү көздөгөн корутунду чыгарып, анын негизинде парламент токтом кабыл алган. Бирок мына ошол токтомдун шарттары төрт жылдан бери аткарыла элек. Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кен долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү алып барууну толугу менен өкмөткө жүктөгөн.

Парламенттин отун-энергетика комплекси жана жер казынасы боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев жаңы макулдашуунун долбоору менен тааныша электигин айтып, сүйлөшүүлөр толугу менен жыйынтыкталганга чейин анын шарттарын алдын ала талкууга алуунун кажети жоктугуна токтолду:

Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

- Кумтөр - аябай саясатташкан чырдуу жер. Аны дагы улам саясатташтырып отурбай эле, биздин комитет парламенттин ал боюнча төрт жолу чыккан токтомун көзөмөлдөйт. Өкмөттөн бизге сүйлөшүүлөр жакшы нукта бара жатканын айтып, мына ошондуктан бул маселени дүрбөлөң кылып көтөрбөй турсаңыздар деген каттар келген. Өкмөт суранганына байланыштуу биз азырынча аны көтөрбөй турабыз. Бирок ал жактан "жакында алып чыгабыз, жакшы келишимдер болуп жатат" деген маалыматтар болду. Долбоор кагаз жүзүндө биздин комитетке түшө элек. Келип түшкөндөн кийин гана бул тууралуу маалымат бере алабыз. Биз буга чейин парламенттин токтомдорун аткарууну өкмөткө тапшырганбыз. Сүйлөшүүлөрдө мына ошол маселелер чечилип жатат.

Жыйынтыгы чыкпаган сот иштери

Жогорку Кеңеш 2011-жылдан бери Кумтөр алтын кен долбоору боюнча 2009-жылдагы макулдашууну жокко чыгарып, анын шарттарын кайрадан кароону көтөрүп келди. Бул маселенин айланасында парламентте түрдүү талаш-тартыштар орун алып, алтын кендеги экологиялык зыяндар изилденип, келишимдин айынан келтирилген экономикалык чыгымдар иликтенген болчу.

Анын натыйжасында 2013-жылы 22-майда өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция “Кумтөр оперейтинг” компаниясын Бишкек райондор аралык сотуна берген. Анда Кумтөрдөгү экологиялык зыяндын ордун толтуруу боюнча 6 миллиард 800 миллион сомго доо коюлган. Доо арызына алтынды туура эмес өндүрүүнүн кесепеттери катары мөңгүлөрдүн эриши, жер кыртышынын бузулушу жана уу калдыктардан суунун булганышы боюнча экологиялык экспертизанын жыйынтыктары тиркелген.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Канатбек Муратбеков иш сотто каралып жатканын айтуу менен гана чектелди:

- Азырынча бул иш боюнча соттун жыйынтыгы чыга элек. Иш шаардык соттун кароосунда турат.

Кумтөрдөгү экологиялык зыян боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги да сотко доо арыз берген. Аталган мамлекеттик мекеме келтирилген зыяндын өлчөмүн 15 миллиарддан ашуун сомго баалаган. Башында “Кумтөр оперейтинг” компаниясына экологиялык зыянды калыбына келтирүү боюнча доо арыз даярдоодо маселе келип чыккан. Анткени мындан 16 жыл мурдагы уруксат берүүчү баштапкы документтерди табуу кыйынга турган. Мына ушуга окшогон экологиялык зыяндын ордун толтуруу жана келишимдеги Кыргызстандын үлүшүн калыбына келтирүү маселеси жаңы макулдашууда кандайча чечилери азырынча белгисиз. Төрт жылдан бери токтоп калган эки тараптуу сүйлөшүүлөр быйыл жаздан бери жандана баштаганы жарыяланган. Бирок тараптар кандай жыйынтыкка келип жатканы ачыкка чыккан эмес.

Уу калдыктан башка эмне калат?

Буга чейинки өкмөттөр улам бир жаңы макулдашуунун шарттарын жарыялап, бирок бир жыйынтыкка токтоло албай келишкен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов бул маселени чечүүнү атайын создуктуруу аракети гана болгонун төмөндөгүчө белгиледи:

Ачык казып алуудагы алтындын запасы азайды. Бизге эмне калды? Бизге уулуу калдыктар жана таштандылар калды. Биз эми аны кантип иштетебиз? Ага акчаны каяктан табабыз жана аны ким берет? Канадалыктар байып алды. Биз болсо бардыгынан куржалак калдык.
Максат Мамытканов

- Өкмөт менен парламент бул үчүн эл астында жооп берүүгө тийиш. Төрт жылдан бери сүйлөшүүлөр бүтпөй келе жатат. Башында 50-50 пайыздык үлүш боюнча долбоор сунушталып, кийин ал дагы талаш жаратып токтоп калган. Ошондон бери эле маселе чечилбейт. Төрт жыл ичинде канадалыктар Кумтөрдөн төрт миллиард долларлык алтынды эбак эле казып, алып чыгып кетишти. Ачык казып алуудагы алтындын запасы азайды. Бизге эмне калды? Бизге уулуу калдыктар жана таштандылар калды. Биз эми аны кантип иштетебиз? Ага акчаны каяктан табабыз жана аны ким берет? Канадалыктар байып алды. Биз болсо бардыгынан куржалак калдык.

Мына ушундай көз карашты колдогон парламенттин "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев дагы Кумтөр маселесин Кыргызстандын кызыкчылыгына карата чечүү жагдайы туңгуюк абалга кептелгенин мындан төрт жыл мурун эле көтөрүп чыкканын эскерди.

Мыктыбек Абдылдаев өкмөт соңку мезгилде Кумтөр маселесин ачык көтөрүүдөн айбыгып, анын кесепеттеринен чочулагандай абалда калган жагдайга төмөндөгүчө мүнөздөмө берди:

- Мен мындан төрт жыл илгери маселе жакында чечилбесин айткам. 2020-жылга чейин бул маселе созулуп жүрүп отурат деген элем. Аягында мен айткандай эле болду. Анткени бул жерде сүйлөшүлгөн схема бар болушу мүмкүн. Ошонун негизинде башында "чечебиз" деп барып эле анан маселени чече турган жерге келгенде кайра иш ордунан жылбай токтоп калып жатканы ошондон го деп ойлойм. Жантөрө Сатыбалдиевдин тушунда 50-50 деген үлүш боюнча талаштуу долбоор сунуштала калды. Биз ага каршы чыкканбыз. Андан кийинки өкмөттөр болсо бул маселени атайынбы же атайын эмеспи, иши кылып көтөргөндөн айбыгып келе жатышат. Маселени чечүү мына ушинтип создуга берсе, мына ушинтип талашып-тартышып отуруп 2020-жылга чейин кирип барабыз. Анан андан кийин канадалыктар өздөрү эле кетип калат. Анткени ал жерде арзан жолу менен казыла турган алтын запасы түгөнөт.

Саясий чайкоочулук?

Ошол эле кезде 2013-жылы Кумтөр маселесин иликтеген мамлекеттик комиссияга эксперт катары тартылган мурдагы вице-премьер-министр жана мурдагы элчи Базарбай Мамбетов бул алтын кен долбоорундагы мамлекеттин кызыкчылыгын калыбына келтирүү аракети мына ошол учурда эле чоң тоскоолдуктарга учураган жагдайга токтолду. Анын айтымында, парламентте мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алуу учурунда мамлекеттик кызыкчылыкка караганда саясий кызыл кулактык үстөмдүк кылып кеткен.

Базарбай Мамбетов депутаттар келишимди жокко чыгаруу боюнча экранга сүйлөп, бирок иш жүзүндө башкача иш тутканын мындайча белгиледи:

Базарбай Мамбетов
Базарбай Мамбетов

- Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөндө парламент фракцияларында, комитеттерде бул маселени биротоло чечүүнү макулдашканбыз. Биринчи кезекте 2009-жылдагы макулдашууну жокко чыгарып, бул боюнча ратификация болгон мыйзамды дагы жокко чыгаруу маселеси чечиле турган болгон. Бирок Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын бир топ депутаттары бир жумадан кийин эле өзгөрүп калышыптыр. Канадалык тарап алар менен бир жума "иштеп" койгон соң, ал депутаттарыбыз баштапкы позициясынан кайтып, такыр башкача сүйлөп калганын көрүп түңүлгөм. Мына ошондой мамиледен улам Кумтөрдүн маселеси ушул күнгө чейин чечилбей калып кетти.

Мындан сырткары Базарбай Мамбетов Кумтөр маселесин иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, ошол кездеги экономика министри Темир Сариев башында катуу киришип, бирок аягында, келишимди жокко чыгаруу боюнча чечкиндүү маселеге келгенде жумшарып калган учурду эске салды.

Ошондой эле Базарбай Мамбетов жогорку кызмат адамдарынын арасында Кумтөр маселеси боюнча саясий эркин көргөзгөн адам болбогонуна төмөндөгүчө токтолду:

- Сариев экономика министри болгон кезде мамлекеттик комиссияны жетектеп турганда бул маселеге түшүнгөндөй болду эле. Бирок ал министр болуп турганда да, премьер-министр болгондо да Кумтөр маселесин чечип койсо болмок. Чече албады. Эми президенттикке талапкерлигин коюп жатат. Эртең элдин астына чыкканда, албетте бул тууралуу маселе көтөрүлөт. Анткени ал колунда турган ишти учурунда чече алган жок. Анан президентибиз Атамбаев да Кумтөр маселеси созулушуна кайдыгер карап, анын президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин каралышына аракет кылбады. Президент болгондон кийин бул маселенин улуттук кызыкчылыкка карата чечилишине салым кошуп, оң жагына чечилишине таасир этип койсо болмок.

Бул маселе боюнча мурдагы премьер-министр, учруда президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Темир Сариев бул доомат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми парламенттин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Кумтөр маселесин чечүүдө азыркы парламентке жана президентке доомат коюуга негиз жок экенин билдирди. Анын айтымында, өкмөт бул маселени чечүү жолдорун сүйлөшүп, талкуулап анан ошонун негизинде жыйынтык чыгарууга милдеттүү.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

- Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында Кумтөр маселеси көтөрүлгөн жок. Биз болгону буга байланыштуу кылмыш иштеринин эскирүү мөөнөтүн гана карап бердик. Анан эми бул чарбалык, экономикалык маселе болгондон кийин аны чечүү өкмөттүн түздөн-түз милдети да. Анан эми мамлекет башчысы парламентке да, өкмөткө да бирдей караган, бийлик бутактарынын ортосундагы теңсалмактуулукту кармап турат. Өкмөттүн карай турган маселеси болгондон кийин, аны өкмөт чечиши керек. Базарбай Мамбетов президент Кумтөр маселесинин аягына чыкпай койду дегени бул эми жөн эле көрпенделик, - деди депутат Рыскелди Момбеков.

Ошол эле кезде өкмөт башчысынын маалымат катчысы Кумтөр боюнча жаңы макулдашуунун долбоору даярдалып бүткөнү туурасында маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Анын айтымында, тараптар сүйлөшүүлөрдө бир жыйынтыкка келип, кол коюлмайынча жаңыдан иштелип чыккан долбоор жана анын шарттары тууралуу алдын ала маалымат таратылбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG