Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Кумтөр: келишимдер кайра каралат


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча мурдагы келишимдердин мыйзамдуулугун кайра карап чыгууну Башкы прокуратурага тапшырды.

Президенттин тапшырмасына ылайык, Башкы прокуратура кенди иштетүүгө байланыштуу коррупциялык фактыларды, 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдагы макулдашууларды кайрадан карап чыгышы керек.

Мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча президенттик аппараттын маалымат кызматынын өкүлү Адилет Султаналиев “Азаттыкка” төмөнкүлөр билдирди:

- Президент Алмазбек Атамбаев калыс тергөөнү камсыз кылуунун маанисине токтолуу менен катар көрүлүп жаткан чаралар тууралуу коомчулукту өз маалында кабардар кылып туруунун зарылдыгын баса белгиледи. Президент "Кыргызстандын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоору болуп кала турган Кумтөр тескерисинче эмне себептен эл арасында “эң ири алдамчылык”, “эки үй-бүлөлүк-кландык режим үчүн жемкордук акыр” жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына саткынчылык катары кабыл алынганын адамдар билүүгө тийиш” - деп билдирди.

Президент мындай тапшырманы “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы президенти Дастан Сарыгулов камакка алынган соң берди. Сарыгулов ушул жуманын башында Кумтөргө байланыштуу жаңы жагдай ачылганына жана жаз айларындагы бийликти басып алуу аракеттерине шектелип камакка алынган эле.

Дастан Сарыгулов
Дастан Сарыгулов

Башкы прокуратура президенттин тапшырмасынын негизинде иликтөө башталарын билдирүүдө. Башкы көзөмөл органынын өкүлү Алмамбет Абдрамановдун айтымында, ишти иликтөө боюнча атайын тергөө тобу түзүлүшү мүмкүн:

- Президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн Башкы прокуратура бардык чараларды көрөт. 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдардагы макулдашууларга юридикалык баа берүү үчүн мекемелер аралык тергөө тобу түзүлө турган болсо кошумча маалымат берилет.

Жаңы териштирүүнү эксперттер кендин айланасындагы кырдаал боюнча жогорку бийликте бир чечим пайда болгондугу менен байланыштырышууда. Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Кубатбек Байболов Кумтөр боюнча кабыл алынган келишимдер эртеби-кечпи териштирилип, укуктук баа берилиши керек болчу дейт:

- Кумтөр боюнча акыры жүрүп ушундай иликтөө болуш керек эле. Анткени бул башынан эле чырлуу маселе болгон. Ошондуктан мындай иликтөөнү туура деп эсептейм. Мен башкы прокурор болуп турган учурда да ушундай иш ачууга аракет кылып, бирок жогорку жетекчиликтен колдоо тапкан эмесмин. Мурун маанай башка болчу. Азыр эмне өзгөргөнүн мен жакшы баамдай албай жатам. Бирок бул териштирүүгө саясий колдоо болгонунан кабар берүүдө.

Ошол эле учурда мындай териштирүүлөрдү жүргүзүүдө кыргыз бийлиги абдан этият болушу зарылдыгын эскерткендер бар. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева буга чейинки тажрыйбаларды эске салды:

- Буга чейин канча деген сатып алуулар болгонун биз билебиз да. Башыбыздан да өткөргөнбүз. Айтып атсаң деле, какшап атсаң деле көңүл бөлбөй, жакшы эле позицияда келаткан адамдар туруп эле өзгөргөн учурлар болгон. Эми президент өзү киришип, тапшырма берген соң акыр-аягына чыгат го деген ишеним бар.

Кумтөр боюнча келишимдерди текшерүү тапшырмасы бул долбоордун айланасындагы экологиялык доолор боюнча соттук териштирүүгө дал келди.

Буга чейин Бишкек райондор аралык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кенди иштетүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелери сакталбады деген доосун толук канааттандырып, канадалык компанияны 7 миллиард сомго жакын айыппул төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кумтөр
Кумтөр

Ал эми учурда аталган сот “Кумтөр" кени боюнча жаңы ишти териштирүүдө. Анда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Кумтөрдүн жетекчилиги кенди казууда экологиялык талаптарды бузуп, айлана-чөйрөнү булгаган деген жүйө менен 15,7 миллиард сом компенсация талап кылууда.

“Кумтөр голд" компаниясы долбоордун айланасындагы акыркы доолорду мыйзамсыз деп эсептейт. Компаниянын маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Нуржан Алымканованын айтымында, экологиялык доолор Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимдерге каршы келет:

- “Кумтөр голд компани” Кыргызстандын айлана чөйрөнү коргоо органдары мыйзамсыз түрдө доолорду талап кылып жатканын билдирет. Кумтөр долбоору иштеп баштагандан бери органдардан уруксат албай же бекитилбей жасалган бир да иш болгон эмес. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коюп жаткан доо арыздары «Кумтɵр» долбоору үчүн бардык салыктардын, тɵлɵмдɵрдүн жана которуулардын толук тизмеси кɵрсɵтүлгɵн Инвестициялык макулдашуунун шарттарына карама-каршы келет.​

Ошол эле учура “Кумтөр Голд Компани” бул арыздар боюнча эл аралык арбитражда соттошорун эскертүүдө.

Ал арада Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы соңку алты жыл аралыгында «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасы Кыргызстандын Эмгек кодексинин эрежелерин сактабай келгенин билдирип чыкты.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG