Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:27

Бүгүн кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлду.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, келишим «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт.

«Центерра Голд Инк.» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларын каржылоо, биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясын сактоого багытталган жаңы милдеттемелерди алды.

Түзүлүп жаткан Жаратылышты өнүктүрүү фондуна бир жолку төлөм катары 50 млн доллар которулат. Аны менен бирге жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм каражаты 310 миң доллардан 3 млн долларга чейин өсөт.

Калыбына келтирүү фондунун механизмине ылайык, каражат Кыргыз Республикасынын финансылык башкармалыктарында сакталып, 69 млн долларга чейинки төлөм жыл сайын 6 млн доллар болуп көбөйөт.

Онкологиялык кызматты өнүктүрүүгө канадалык инвесторлор 10 млн доллар бөлүүгө даяр экени айтылды.

Макулдашууга кол коюлгандан кийин премьер-министр Сапар Исаков бүгүн өкмөт жана Центерра “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруунун жаңы этабын ачканын, андагы негизги приоритет экология, социалдык өнөктөштүктү кеңейтүү жана инвестиция экенин билдирди.

Кумтөр.
Кумтөр.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов макулдашуунун шарттары тууралуу "Азаттык" радиосуна маек курду.

"Азаттык": Бүгүн Кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимде тараптарга кандай милдеттер коюлган?

Улан Рыскулов: “Центерра” менен бул макулдашуу экология боюнча маселелерди чечүүгө ташталган кадам. Келишимдин алкагында Жаратылышты коргоо фонду түзүлөт. Азыр билесиз, бизде экологиялык төлөмдөрдүн баары өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттк агенттигине түшөт. А бул өзүнчө фонд болот. Ысык-Көл менен Нарын облустарынын экологиялык маселелерин чечүү менен алектенет. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата, Балыкчы, Каракол шаарларында сууларды тазалоо керек. Биринчи ошол жакка фонд түзүлүп, ага 50 миллион доллар которулат. Келишим боюнча дагы бир Онкологиялык илдеттерге каршы күрөшүү фонду түзүлмөкчү. Дартты өз убагында аныктап, ракты дарылоо оор болгон 3-4-стадиясына жеткирбей билүү үчүн заманбап медициналык жабдуулар коюлат. Негизинен Балдар онкологиясына жардам берилет. Ал фондго 10 миллион доллар которулат.

2009-жылдагы келишим боюнча экологияга келтирилген зыян үчүн төлөмдөр 310 миң доллар болчу. Ошол акча эми он эсеге көбөйүп, "Кумтөр" иштеп аткан кезде 3 миллион доллар жылына бюджетке төлөп берет. Мисалы, "Кумтөр" дагы он жыл иштесе, бул мезгил аралыгында кошумча 30 миллион доллар каражат казынага келет. Азыркы келишим менен 310 миң доллар, он жылда араң 3 миллион доллар болмок. Кумтөр маселесин көтөргөндө эл аралык көз карандысыз компанияларды чакырганбыз. Алар экология боюнча жасала турган иштер жаатында тиешелүү сунуштарын берген. Канадалыктарга айтканбыз “мына бул көз карандысыз эл аралык компания, ошолор кандай сунуш бербесин макул болосуңарбы” деп. Алар макул болорун билдиришкен. Натыйжада биз чакырган АМЕС компаниясынын сунуштарын аткарабыз дешти. Ошону аткарууга болжолдуу түрдө дагы 10 миллион доллар которулушу мүмкүн.

“Азаттык”: Онкологиялык илдеттерге каршы күрөшүү, Кумтөрдү калыбына келтирүү, Жаратылышты коргоо фонддору ишке кирет деп атасыздар. Канадалык компания келишимдеги милдеттерин аткарат деген кепилдик барбы?

Улан Рыскулов: Албетте. Анткени мындай да. Келишимдин аткарылышын мамлекеттик тиешелүү органдар көзөмөлдөйт. Бул деген келишим. Эки тарап бир пикирге келип, “силер муну кыласыңар, биз муну кылабыз” деп макулдашуу түзүлгөндөн кийин аны аткарышыбыз керек. Биз өз милдетибизди, “Центерра Голд” өз милдетин аткарат.

“Азаттык”: Демек, канадалык компания Кыргыз өкмөтү койгон талаптардын дээрлик баарына көндү десек болобу?

Улан Рыскулов: Келишимде биз койгон талаптардын көбүнө макул болду. Башта айтып өткөндөй, AMEC компаниясынын сунуштарын аткарууга, фонд түзүлсө ага акча которууга көндү. Мындан тышкары Кумтөр иштеп бүткөндөн кийин ошол жерди ордуна келтириш керек да. Ошого долбоор боюнча акча каралган. Ал каражат Англияда банкта жатат. Биз ошол акчаны Кыргызстандын банкына которууну талап кылганбыз. Ошого да макул болушту. Азыр фонддо 23 миллион доллар бар. Бирок AMEC компаниясы Кумтөрдү калыбына келтирүүгө 69 миллион доллар керектелет деген сунуш айтты. Ошонун негизинде фондду 69 миллион долларга көбөйтүү тууралуу талабыбыз да орундалмай болду. 69 миллион долларга жетмейинче жыл сайын 6 миллион доллар которуп турууну убада берди.

“Азаттык”: Мунун ордуна кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясына кандай жеңилдиктерди берет?

Улан Рыскулов: Азыр бири-бирибиз менен соттошуп атабыз да. Биз экологияга келтирилген зыян боюнча алардын үстүнөн Кыргызстандын сотторуна кайрылганбыз. Алар буга макул болбой, "кыргыз тарап 2009-жылдагы келишимди бузуп атат" деп эл аралык арбитраждарга кайрылган. Эми макулдашууга ылайык, биз соттордон доо арыздарыбызды чакыртып алабыз, “Центерра Голд” дагы Кыргызстандын үстүнөн жазган доо арыздарын кайтарып алат. Бул эки тарапка тең ыңгайлуу чечим. Кыргызстанга чоң-чоң инвесторлордун келишине шарт түзөт. Келишим чоң инвесторлорду чакырган белги болуп атат.

“Азаттык”: Жогоруда айтылган үч фонд качан ишке киришет?

Улан Рыскулов: Эми тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилет. Алар иштеп чыккандан кийин келишимдин шарттары аткарыла баштайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG