Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Кумтөр боюнча экологиялык макулдашууга кол коюлду


"Кумтөр" кени
"Кумтөр" кени

Бүгүн кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлду.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, келишим «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт.

«Центерра Голд Инк.» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларын каржылоо, биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясын сактоого багытталган жаңы милдеттемелерди алды.

Түзүлүп жаткан Жаратылышты өнүктүрүү фондуна бир жолку төлөм катары 50 млн доллар которулат. Аны менен бирге жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм каражаты 310 миң доллардан 3 млн долларга чейин өсөт.

Калыбына келтирүү фондунун механизмине ылайык, каражат Кыргыз Республикасынын финансылык башкармалыктарында сакталып, 69 млн долларга чейинки төлөм жыл сайын 6 млн доллар болуп көбөйөт.

Онкологиялык кызматты өнүктүрүүгө канадалык инвесторлор 10 млн доллар бөлүүгө даяр экени айтылды.

Макулдашууга кол коюлгандан кийин премьер-министр Сапар Исаков бүгүн өкмөт жана Центерра “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруунун жаңы этабын ачканын, андагы негизги приоритет экология, социалдык өнөктөштүктү кеңейтүү жана инвестиция экенин билдирди.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясы түзгөн бүгүнкү макулдашуу Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында азыр абакта олтурган депутат Садыр Жапаров баштаган депутаттык комиссиянын 2012-жылдагы иликтөөсүнөн кийин башталган жараяндын натыйжасы.

Комиссиянын баяндамасы парламентте угулгандан кийин “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү баштап, анын алкагында экологиялык талаптар эле эмес, Кыргызстандын үлүшүн кеминде 50% чейин көтөрүү маселеси коюлган. “Центерра Голд” жаңы актив сатып алганына байланыштуу азыр Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү мурдагы 33%дан 26%га түшкөнү жакында белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG