Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:25

Апта: кыргыз-өзбек алакасынын жаңы барагы, Мьянмадагы кризис


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Өзбек-кыргыз алакасындагы үч маанилүү жаңылык

5-сентябрда Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Коңшу өлкөнүн лидери кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин спикери, фракция башчылары жана өкмөт башчы менен жолугушту. Бир катар документтерге, анын ичинде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюлду.

Атамбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы чек аранын 85% чечилгени, калган талаштуу 15% боюнча иш улантылары белгилүү болду.

Кытайга кирүүгө кыска жол саналган Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар автожолун куруу боюнча эки президент тиешелүү органдарга тапшырма берди.

Ташкент мындан беш жыл мурун эле долбоор даярдап, аны ишке ашурууга кеминде 40 миллион доллардай каражат керек деп эсептеп чыккан. Маалыматтарга караганда, Өзбекстан Кытайга жылына сегиз млн тонна товар жөнөтөт. Бир тонна жүктүн чыгымы 65 доллар болот жана анын 50 доллары эле "Казак темир жолуна" төлөнөт.

Кыргыз-кытай чек арасында Эркечтам өткөрмө бекети Оштон 240, ал эми Анжияндан 285 чакырым алыс. Эркечтам менен Кашкардын ортосу 250 чакырымды түзөт.

Мындан тышкары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору дагы колго алынаары айтылды. Бул курулуштун техникалык экономикалык негиздемеси даярдалган. Кыргызстан Ат-Башы аркылуу Өзбекстанга өтө турган маршрутту берген. Кыргызстандын транспорт министри Жамшитбек Калилов Өзбекстан бул долбоор боюнча кыргыз тарап менен жолугушууну каалап жатканын айтты. Долбоор сунушталганына он жылдан ашты. 2012-жылкы эсептөөлөр боюнча темир жолду курууга 6-6,5 млрд доллар кетет.

Президенттер ГЭСтердин курулушу боюнча да макулдашышты. Мирзиёев Ташкент Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча Бишкектин сунушун колдоорун жарыялады. ​"Атамбаев бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусусуз курулбайт деп айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан: каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз" -деген Мирзиёев ГЭС коңшуларга да маанилүү экенин баса белгиледи.

Буга чейин Камбар-Ата сыяктуу көлөмдүү ГЭСтердин курушулуна өзбек бийликтери каршылыгын билдирип, маселени эл аралык трибунадан да айтып келген.

Президент Мирзиёев Өзбекстан Кыргызстандагы жүрүп жаткан саясий курстун ырааттуу өнүгүшүнө кызыкдар экенин дагы билдирди. «Социалдык олку-солку жагдай, саясий төңкөрүштөр жана ар кандай «революциялардын» эч кимге кереги жоктугун” баса белгилеп, саясий туруктуулук менен бейкуттуктун баасын Өзбекстан жакшы билээрин айтты.

«Кыргыз эли бул жылдары Алмаз Шаршенович күч үрөп жасаган иштин ырааттуу уланышы, ошондой эле тынчтык жана туруктуулук үчүн добуш берет» - деген Мирзиёев Кыргызстанда президенттик шайлоо ийгиликтүү өтөөрүнө ишенип турганын билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери.
Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери.

Стамбулда жашаган бозгундагы өзбекстандык ишмер Мухаммед Салих «өзбек өкмөтү Ташкент менен алака-катышты жакшы деңгээлде кармаган башчынын келишин кааларын» айтат. "​Шавкат Мирзиёев акылдуу инсан. Ал Кыргызстанда президенттикке талапкер болгондордун кай бирине симпатиясын билдирип, кай бирине антипатия көрсөтөт деп ойлобойм. Башка өлкөнүн ички ишине аралашпайт" - дейт Каримов заманында мекенинен качууга аргасыз болгон ишмер.

Борбор Азиянын саясаты боюнча эксперт Аркадий Дубнов орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде Бишкекте кол коюлган кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим коңшулаш эки элдин жашоосун гана жеңилдетпестен, бийликтер үчүн саясий пиар да болуп берет деген пикирин айткан.

«Келишим Атамбаевдин жетишкендиктерин толуктап, шайлоодо анын мураскору Сооронбай Жээнбековго добуш кошот» - деген Дубнов Мирзиёев болсо келишимдин пайдубалын кыргыз бийлиги менен бекемдеп салууну көздөгөнүн белгилейт.

«Бул келишим эки тарапка тең милдеттеме тагат. Андыктан Жээнбеков президент болбой калган күндө дагы келишимди бузууга жол берилбейт. Эгер андай болсо жалпы региондо бейстабилдүүлүккө түрткү болот» - деп чечмелейт орусиялык эксперт.

Эки өлкөнүн саясий алакасынын тарыхына абай салсак, Өзбекстандын лидери мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга 2000-жылы келген экен. 1991-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов Ошко келип кеткен.

1996-жылы 24-декабрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Ташкентке алгачкы расмий сапар менен барып, эки өлкө ортосунда Түбөлүк достук келишимине кол коюлган.

1999-жылы Өзбекстан Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолун оңдоого Кыргызстанга 30 млн доллар насыя берген. Ошол эле жылы өзбек өкмөтү КМШ мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына визалык режим киргизген.

2006-жылы президент Курманбек Бакиев Ташкентке расмий сапар менен барган.

2001-жылы эки өлкө ортосунда суу маселеси курчуган. Ташкент Бишкек карызын төлөбөгөнү үчүн Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Кыргызстан болсо кышында элин жылуулук менен камсыздоонун аргасынан Токтогул ГЭСин нормадан тышкары иштетип, анын кесепетинен Өзбекстандын миңдеген гектар айдоо жерлерин суу каптаган.

2008-жылы Борбор Азиянын беш өлкөсү Алматыда чогулуп, көп тараптуу келишим түзүлгөндөн кийин гана маселе чечилгендей болгон. Бирок сууга байланыштуу тымызын тиреш улана берген.

"Центерра" экологиялык чыгымды төлөйт

Ушул аптада Жогорку Кеңеште ант берип, расмий ишке киришкен өкмөт Кумтөр кениндеги экологиялык талаптарды аткаруу боюнча "Центерра Голд" менен сүйлөшүүлөр аяктап калганын билдирди.

Канадалык компания Жаратылышты коргоо фондуна каражат бөлүүгө жана талаптарды аткарууга макулдугун берди. Буга кошумча экологиялык соттук доолор боюнча эки тарап бир пикирге келүүнү сүйлөшүп жатат.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 8-сентябрда "Азаттык" радиосуна берген маегинде жакынкы күндөрү экологиялык талаштарды жөнгө салуу боюнча "Центерра” компаниясы менен келишимге кол коюларын айтты.

“Биздин макулдашуунун алкагында жыл сайын төлөнө турган экологиялык чыгымдарды 310 миң доллардан 3 миллионго чейин көтөрөбүз. Учурда Британияда жайгашкан рекультивациялык фондду Кыргызстанга кайтарабыз. Бул фонддун акчасы биздин өлкөнүн экономикасы үчүн иштешин каалайбыз" - деген премьер Исаков "Центерра" 50 миллион доллар берерин, ал акча Ысык-Көлдүн айланасында пайдаланылган сууну тазалай турган программаны ишке ашырууга кетерин түшүндүрдү.

2009-жылдагы келишимге ылайык, Кумтөрдөгү кенден чыккан зыяндуу калдыктардыы сактоочу жайды кармоо үчүн "Центерра Голд" жыл сайын 6 миллион доллар которуп, акча Кыргызстандагы банктарга сакталары дагы белгилүү болду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов кыргыз өкмөтү жалдаган кенде экологиялык иликтөө жасаган АМЕК деген эл аралык компания берген көп сунуштарды дагы канадалыктар "толугу менен аткармай болгонун" "Азаттыкка" бышыктады.

"Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы вице-президенти Кылычбек Шакиров эл аралык соттошууну токтотууну кубаттайт. "Себеби бул башка инвесторлор үчүн да белги. Кыргызстанда экологияны сактап, мыйзамдарды аткарсаң эле эч бир тоскоолдуксуз иштөөгө болот деген ишара берип жатабыз" - дейт "Центерра Голддун" башкаруучулар кеңешинин мүчөсү.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоеванын пикиринде, "Центеррадан" рекультивациялык фондго келчү каражат өкмөтү айткандай "кыргыз экономикасынын башка жактарына эмес", дал ошол калдыктар төгүлгөн жерлердин экологиялык маселелерин чечүүгө гана жумшалышы керек. "Ал каражат эртеби-кечпи Кумтөрдөн канадалыктар кеткенден кийин ал жердин коопсуздугун камсыз кылууга кете турган гана акча. Тиги банк, бул банкта болот, анан экономикабызга жумшайбыз деп отурсак, ар кайсы чиновниктин банктарына которуп отуруп, экологиялык катастрофа болсо акчанын дайынын таппай калсак ким жооп берет?" - деп суроо коёт экс-депутат.

Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү азайды

Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү кыскарды. Буга канадалык компаниянын Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алганы себеп болгон.

Кыргыз бийликтери Кумтөрдөгү экология маселеси акыркы алты жылдан бери чече албай, сүйлөшүү процесси өтө татаал болуп жатканын байма-бай эскертип, “Центерра голд” улам бир талапты коюп жатат деп коомчулукка маалымдап келген.

Сүйлөшүүлөргө катышкан, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" берген маегинде “канадалыктар экологиялык зыян боюнча дооматтан баш тарткыла, коррупциялык схемалар боюнча далилденген кылмыш ишти токтоткула деген талаптарды коюп жатышат" деп айткан эле.

Өткөн жылдын 25-майында Бишкектин райондор аралык соту Кумтөр кенин иштетүүдө экологиялык эрежелер сакталган эмес деп таап, "Центерра Голд" компаниясын 6,7 миллиард сом төлөөгө милдеттендирген. Бир айдан кийин «Центерранын» укуктук кеңешчиси Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясы Кумтөр кени боюнча талаш-тартышты эл аралык арбитраж аркылуу чечүүнү көздөп жатканын билдирген.

Эл аралык адистердин эсебинде рекультивацияга кеминде 50 миллион доллар бөлүнүшү керек. Кумтөр кенин камсыздандырган Лондондогу камсыздандыруу фондунда 2013-жылы болгону 11 миллион, айрым маалыматтар боюнча 13 миллион доллар гана бардыгы айтылган.

"Кумтөр Голд" ишканасынын расмий интернет сайтында 2017-жылы алтын өндүрүү 525-555 миң унций же 16,33-17,26 тоннага жетээри көрсөтүлгөн. Кенди казуу 2023-жылы соңуна чыкса, комбинатта алтынды алуу иштери 2026-жылы токтотулат деп көрсөтүлгөн.

Азимбек Бекназаровго кылмыш иши козголду

5-сентябрда Улуттук коопсуздук комитети президенттикке расмий талапкер болуп катталган Азимбек Бекназаровго "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген деген айып менен кылмыш иши козголду. Оппозициялык саясатчы Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөн кезде жазылып алынды деген аудиотасманын атайын жасалганын кайталап, comment.kg сайтынын журналисти Раушан Айткулова-Рыкунова жарыялаган видеону атайын кызматтын "буюртмасы" деди. "​Бул жерде менин конституциялык укугум бузулуп жатат. Эки адамдын ортосундагы сүйлөшүү - көрсөтмө, билдирүү эмес. Жөн эле сүйлөшүү" - деди Бекназаров.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Коопсуздук кызматы болсо аудиотасма Алматыда фоноскопиялык экспертизадан өткөрүлүп, тастыкталганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамында талапкерлер расмий катталгандан кийин жоопко тартылбайт деген жобо бардыгына карабай, Бекназаровдун жагдайын карап чыгышы мүмкүн.​ "Бекназаровду камакка алуу тууралуу макулдук берилип калышы деле мүмкүн. Андай мүмкүнчүлүк бар. Тескерисинче, баш тартып коюшу деле ыктымал. Маселе [БШК мүчөлөрүнүн] көпчүлүк добуш менен чечилет" – деп түшүндүрдү БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

Кылмыш кодексинде сотто атайылап жалган көрсөтмө бергени үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова "шайлоо жөнүндө мыйзамда кылмыш жоопкерчилигине шайлоо жараяны бүткүчө тартууга болбойт деп көрсөтүлүп турат" - деп расмий катталган талапкердин иммунитети бардыгын эскертет.

Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши каралып жатканда Бекназаров көрсөтмө берип, Текебаевдин "Мегаком" компаниясына эч тиешеси жок болгон эмес деп айткан.

Текебаев менен Чотоновдун соту шаардык сотто карала баштады.
Текебаев менен Чотоновдун соту шаардык сотто карала баштады.

Ага удаа эле интернетте Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү деген аудиотасма тараган. Анда үнү Бекназаровдукуна окшош эркектин “сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "кудай өзүң кечир" деп жаттым” деп айтканы угулат.

Андан көп өтпөй comment.kg порталынын журналисти Раушан Айткулова интернетке видео тасма чыгарган. Анда видеого тартылып жатканын билбеген саясатчы жогорудагы айткандарын кайталаган.

5-сентябрда Бишкек шаардык сотунун коллегиясы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ушул эле партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин карай баштады. Соттук коллегия райондук сотто суралбай калган 18 күбөнүн көрсөтмөсүн уга баштады. Азимбек Бекназаров дагы сотто кайра көрсөтмө берүүгө чакырылат.

Мьянмада кризис уланууда

Дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда Мьянма (же Бирма деген аталган) өлкөсүндөгү рохинжа мусулмандарына каршы зордук-зомбулук болууда. Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин соңку маалыматында бул өлкөдөн коңшу Бангладешке агылган рохинжалардын саны 270 миңге жетти.

Рохинжа качкындары Бангладеште. 1-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжа качкындары Бангладеште. 1-сентябрь, 2017-жыл.

Мьянмадагы соңку кырдаал бүгүн Астанада баштала турган Ислам кызматташтык уюмунун жыйынында дагы талкууланат.

“Биз Мьянмадагы мусулмандарга байланыштуу маселеге көңүл бурдук. Мевлүт Чавушоглу Мьянмадан качкан качкындар менен жолугуп келип өзүнүн таасирлери менен бөлүштү. Түркия тарап Астанада өтө турган Ислам кызматташтык уюмунунун саммитинде ушул маселени талкуулоого нитеттенип жатат”, - деп айтылат Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун билдирүүсүндө.

Мусулман өлкөлөрү жаңжал боюнча Улуттар Уюмун чара көрүүгө чакырса, Мьянма бийлиги жаңжалды рохинжалар башташканын билдирип жатышат.

4-сентябрда Иран Мьянмадагы зордук зомбулукту “этникалык тазалоо” десе, Түркия "геноцид” деп сыпаттады.

3-сентябрда Москванын борборундагы Мьянманын элчилигинин алдында жүздөгөн мусулмандар акцияга чыгышты. Орус маалымат каражаттары чогулгандар “Аллаху акбар” деп кыйкырып турушканын жазышты.

Чеченстандын борбору Грозныйда миңдеген адамдар башкы мечиттин алдына демонстрацияга чыгышты. Ал жерге чечен лидери Рамзан Кадыров, жергиликтүү парламенттин спикери Магомед Даудов жана башка расмийлер келишти. Дагестандын борбору Махачкалада дагы ушундай эле акция өттү.

Казак парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаев Твиттер аркылуу Улуттар Уюмун “Мьянмадагы кооптуу окуялар боюнча өз позициясын билдирүүгө” чакырды. “Көптөгөн бейкүнөө адамдар аёосуз репрессиянын курмандыгы болууда” деп жазды Токаев.

4-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси атайын билдирүү жасады.

Мьянмадагы окуялардын жаңырыгы интернетте мурда болуп көрбөгөндөй сезилди. Социалдык медиада үрөй учурган сүрөт-видеолор таркап, эмоционалдуу маанайдагы ар кандай чакырыктар пайда болду. Бишкектик жарандык активист Анара Асанова “мурда Мьянма кайда экенин билбегендер элди ал жакка барып согушууга үндөп жатышканына” чындап тынчсызданганын “Азаттыкка” айтып берди.

“Башкаларды өлтүрөлү, алар дагы мусулмандарды өлтүрүп жатышат деп чакырык жасагандар болду" - деген Анара социалдык медиада "өтө күчтүү агрессия" байкалганын айтат.

Мындан соң жергиликтүү адистер рохинжа мусулмандары кабылган кризисти кылдат талдап, социалдык медиада тараган маалыматтардын чын-бышыгын таразалап, интернет колдонуучулардын реакциясына көңүл бурууга үндөшөт.

Кыргыз бийликтери 5-сентябрда Бишкекте пландалган Кыргызстан менен Мьянманын футболдук командаларынын беттешүүсүн токтотту. Жаңы дайындалган премьер-министрдин өкмөтү “теракт коркунучу чоң” жана диний кастыкты козуткан чыр-чатак болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуудан улам чукул чечим кабыл алды.

Маалыматтарга караганда, 25-августта рохинжа козголоңчуларынын тобу Ракхайн аймагындагы полиция бөлүмүнө кол салгандан кийин тутанган кагылышуулардан кеминде 400 киши набыт болду.

Рохинжа качкындары Бангладештин чек арасына өткөн учур. 3-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжа качкындары Бангладештин чек арасына өткөн учур. 3-сентябрь, 2017-жыл.

Куралдуу кагылыш 2016-жылдын 9-октябрында күчөгөн. Жаңжал быйыл 25-августта кайра курчуп, “Аракан рохинжаны сактоо аскерлери” деген исламчыл топ 30 аскердик объектке жана полиция участокторуна капыстан кол салып, 15 адамды өлтүрүшкөн.

Ага жооп кылып бийлик аскердик “жазалоо акцияларын” баштаган, “террорчулукка” шектелип жүздөгөн адамдар камакка алынды. Расмий бийлик “козголоңчулардын” 400дөй адамы жок кылынганын жарыялаган.

Карапайым рохинжалар аскерлер менен полиция кызматкерлери миңдеген жөн-жай адамдарды жок кылышканын, кыштактарын тыптыйпыл өрттөшкөнүн, карапайым калкка адам чыдагыс азап-тозокторду салганын, кыйноолор менен кыз-келиндерди массалык зордуктоолорун айтып беришкен.

Ракхайн штатында жашаган буддистер рохинжа жоокерлери менен мусулман кошуналары аларды аёсуз кыйнап, зомбулук көрсөтүшкөнүн айтып чыгышты.

Мьянманын батышында ушул тапта эмне болуп жатканынан дүйнө дээрлик кабарсыз, штатка аскерий абал киргизилген, ал жерге журналисттер, укук коргоо менен гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү бара алышпайт.

Буддисттер басымдуулук кылган Мьянмада бир миллиондон ашуун рохинжа мусулмандары жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG