Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Кыргызстан-Өзбекстан: "Достук" бекети ачылды


"Достук" бекетине чогулган эл. 6-сентябрь, 2017-жыл
"Достук" бекетине чогулган эл. 6-сентябрь, 2017-жыл

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетин ачуу маалында чек аранын эки тарабында миңдеген адам чогулуп турду.

Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян облустарынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан, 2010-жылдагы окуялардан кийин өтүү катаалдаган “Достук” өткөрмө бекетинен чектөөлөр алынды. Бул тууралуу 6-сентябрда бекетти ачуу салтанатына арналган иш-чарада айтылды.

Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңеш депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, миңдеген тургундар катышты. Ошондой эле өзбек тараптан да бийлик адамдары келген.

Кыргызстан тараптагы салтанаттан кийин Дүйшөнбек Зилалиев баштаган кыргыз делегациясы чек аранын Өзбекстан тарабындагы иш-чарага катышты.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Жогорку Кеңеш депутаттары Искендер Матраимов, Айнуру Алтыбаева баштаган расмий делегацияны өзбек тарап ыр-бий, шаң менен тосуп алды.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов бир нече күндөн кийин бул бекет аркылуу эч тоскоолдуксуз өтсө болорун жарыялады:

- Паспортту көрсөтүп өтө бересиңер, телеграмма деген балээ жок болот.

Абдрахмановдун бул айткандарын эл узак кол чабуу менен кубаттап турду.​

"Достук" бекетиндеги эл.
"Достук" бекетиндеги эл.

Телеграмма болбой турганын жана чек арадан өтүү жөнөкөйлөштүрүлөрүн Кыргызстандын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев да билдирди:

- "Достук" чек ара бекетинин күнү-түнү иштөөсүн жандантуусу - кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхындагы маанилүү учур болуп калды. Бул окуя эки өлкөнүн көп багыттуу кызматташтыгын жана достук-ынтымагын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот. 2010-жылдан тарта аталган бекеттен өтүүгө тиешелүү сааттарда гана уруксат берилип келди. Анын үстүнө чек арадан өтүү үчүн бир катар документтер, чакыруу же телефонограмма талап кылынчу. Эми мындан ары эки өлкөнүн жарандары чек арадан кошумча документтерсиз, жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өтө алышат.

6-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлган. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын 85 пайызын макулдашканы боюнча да документ бар.

"Достук" бекетинин ачылыш салтанаты өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

Шавкат Мирзиёевди 5-сентябрда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өзү "Манас" аба бекетинен тосуп алып, бүгүн да өзү узатты. Эки лидердин Бишкектеги жолугушуусу достук жана боордоштук маанайда өттү деп сыпатталууда.

Бүгүн кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков менен жолугушууда Мирзиёев “Чын эле Анжиянга ээн-эркин каттап калабызбы деп жатышат. Ооба, катташат. Бул үчүн элге шарт түзүшүбүз керек” деп айткан.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 3-4-сентябрда эки өлкөнүн эксперттери Ошто жолугуп, кайсы бекеттерди биринчи кезекте ачса элге ыңгайлуу болорун талкуулаганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол. Бүгүнкү күнгө чейин алардын үчөө гана ачык болуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG