Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Салих: Ташкент Бишкектин ички ишине аралашпайт

Мухаммад Салих
Мухаммад Салих

Жаңы нуктагы кыргыз-өзбек мамилеси тууралуу учурда чет мамлекетте жашап жүргөн өзбек саясатчысы, оппозиционер Мухаммад Салих "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.

"Азаттык": Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жанданган алаканын келечеги тууралуу өзбек саясатчыларынын пикирлери, божомолдору кандай болуп жатат? Сиздин оюңуз кандай?

Мухаммед Салих: Соңку 25 жыл аралыгында Өзбекстандын мамилеси Кыргызстан менен гана эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттер менен да начарлап кеткен. Мамлекет башчылар жолугушкан учурда кучакташып, бири бирине жылмайса да, саясий тажрыйбада маркум президент Ислам Каримов өз билгенин жасай берди. Натыйжада Өзбекстан коңшулардан алыстап, талаш-тартыш күчөгөндөн күчөп барды. Бул абалды жаңы жетекчи Шавкат Мирзиёев жумшартат деп үмүт артып жатабыз.

Мирзиёевдин Бишкекке жасаган мамлекеттик сапары чиелешип кеткен ошол маселелердин чечилишине салымын кошот деген ишеничибиз бар. Саясат гана эмес, бардык тармак кризиске кабылган. Андан чыгууга өзбек президентинин Кыргызстанга сапары ийгиликтүү кадам болсун деп тилеп отурабыз.

Кыргыз-өзбек алакасынын жаңы тарыхы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:07 0:00

"Азаттык": Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапарынын алдында берилген расмий маалыматтарга ылайык, көбүнчө чек ара маселелерин чечүүгө этибар каратылып жатат. Андан башка экономикалык, социалдык маселелер да бар эмеспи. Ал көйгөйлөр жакын арада чечимин табышы мүмкүнбү же көп убакыт талап кылабы?

Мухаммед Салих: Албетте, убакытты талап кылат. Аны тездетүү үчүн тараптардын саясий эрки зарыл. Жакында Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөнү турат. Жаңы жетекчи кандай адам болорун, жаңы президенттин шайланышы кыргыз-өзбек мамилесине таасир тийгизеби же жокпу, азыр божомолдой албайбыз. Ал эми өзбек тарап боюнча айта турган болсом, чек араны тактоо маселесине гана негизги көңүлдү буруп албай, аны менен катар өз ара интеграция жаатында аракеттерди да жандандырууга макул.

"Азаттык": Шайлоо жөнүндө кеп козгоп калдыңыз, 15-октябрда президенттик шайлоодон соң, Алмазбек Атамбаев 1-декабрда бийликти башка адамга өткөрөт. Өзбек тараптын бул шайлоо жыйынтыгына кызыкчылыгы бар деп ойлойсузбу? Ташкент кимди каалайт, Атамбаевдин ишин уланткан адамдыбы же айырмасы жокпу?

Кыргыз-өзбек соода алакасы качан жакшырат?

Кыргыз-өзбек соода алакасы качан жакшырат?

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Бишкек сапарынан соң эки өлкөнүн ортосундагы мамиле, анын ичинде экономикалык карым-катыш жакшы жагына өзгөрөт деген үмүттөр жанданууда.

Мухаммед Салих: Менимче, өзбек өкмөтү Ташкент менен алака-катышты жакшы деңгээлде сактаган башчынын келишин каалайт. Шавкат Мирзиёев акылдуу инсан. Ал Кыргызстанда президенттикке талапкер болгондордун кай бирине симпатиясын билдирип, кай бирине антипатия көрсөтөт деп ойлобойм. Башка өлкөнүн ички ишине аралашпайт. Бирок ким Борбор Азиядагы интеграцияны жактаса, ошонун бийликке келишин каалайт.

"Азаттык": Эгер Кыргызстан менен Өзбекстандын ички саясий айырмачылыгы тууралуу сөз кылсак, бири бирине окшобойт. Биринде демократиялык аракеттер көбүрөөк, экинчисинде ийкемдүү саясат. Бул жагдайдан алып караганда, эки мамлекет ортосунда бири бирин саясий жактан колдоп-кубаттоо маселеси канчалык реалдуулукка жакын?

Мухаммед Салих: Шавкат Мирзиёев акыркы кездери либерал кадамдарга барып жатат. Экономика жаатында өзгөрүүлөрдү жасаганга умтулууда. Ал өзгөрүүлөр саясатта да болот деп күтүп турабыз. Анткени саясий өзгөрүүлөр жана коомдун демократияга багыт алышы экономикадан да маанилүү. Биз 25 жыл бою бул маселени Каримовго көп айттык. Бирок кулак аскан жок. Натыйжада демократиялык абал начар экенин көрүп турасыз. Буга Шавкат Мирзиёев өзү да күбө болду. Ал каталарды кайталабашы керек. Ошондо тышкы саясатта да ийгиликтер жаралат.

Өзбекстандын лидери Кыргызстанда

"Манас" аба майданынан Улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда өзбек президенти жана анын жубайы Зироатхан Мирзиёеваны кыргыз лидери жубайы Раиса Атамбаева менен бирге тосуп алышты.
1/17 "Манас" аба майданынан Улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда өзбек президенти жана анын жубайы Зироатхан Мирзиёеваны кыргыз лидери жубайы Раиса Атамбаева менен бирге тосуп алышты.
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
2/17
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
"Манас" аба майданынан Улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда өзбек президенти жана анын жубайы Зироатхан Мирзиёеваны кыргыз лидери жубайы Раиса Атамбаева менен бирге тосуп алышты.
3/17 "Манас" аба майданынан Улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда өзбек президенти жана анын жубайы Зироатхан Мирзиёеваны кыргыз лидери жубайы Раиса Атамбаева менен бирге тосуп алышты.
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
Мирзиёевдин сапары учурунда ортодогу мамлекеттик чек ара боюнча өткөөл келишим түзүлөөрү алдын ала расмий кабарланган.
4/17 Мирзиёевдин сапары учурунда ортодогу мамлекеттик чек ара боюнча өткөөл келишим түзүлөөрү алдын ала расмий кабарланган.
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
Эки тараптуу кызматташуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ж.б. боюнча бир катар документтерге кол коюлмакчы.
5/17 Эки тараптуу кызматташуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ж.б. боюнча бир катар документтерге кол коюлмакчы.
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган.
6/17 Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган.
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
7/17
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
8/17
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
9/17
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
10/17
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
11/17
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
Коңшу республиканын башчысы акыркы жолу Кыргызстанга 17 жыл мурда келген: мурдагы президент, маркум Ислам Каримов расмий сапар менен Бишкекте 2000-жылы болгон.
12/17 Коңшу республиканын башчысы акыркы жолу Кыргызстанга 17 жыл мурда келген: мурдагы президент, маркум Ислам Каримов расмий сапар менен Бишкекте 2000-жылы болгон.
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
13/17
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 16-февралында башталган. Андан бери эки тараптуу 130га жакын келишим, макулдашууга кол коюлду.
14/17 Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 16-февралында башталган. Андан бери эки тараптуу 130га жакын келишим, макулдашууга кол коюлду.
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
Эки мамлекет ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 58 аймак бар.
15/17 Эки мамлекет ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 58 аймак бар.
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
16/17
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
17/17
Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.
Артка
Алдыга

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Санжар Эралиев

    "Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG