Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:05

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга кийинки аптада келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 28-августта Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркаган эл менен жолугушкан учурда билдирди.

Өзбек президентинин сапары эки өлкө ортосунда 25 жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара, транспорттук байланыш, эң негизгиси - карапайым эки элдин бири-бирине каттамын жеңилдетүүгө түрткү болот деп үмүттөндүрүүдө.

"Эне баласын, бала энесин көрө албай калды..."

Эки өлкөнүн мамилеси жакшырса, чек аралар ачылса деген үмүт Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жашаган Чыныкан апанын көптөн бери эңсеген тилеги. Анткени дал ушул такталбаган чек ара талашынан улам, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси муздап, анын азабын эки тарапта жашаган карапайым калк тартып келгени белгилүү.

Чыныкан апа эки өлкөнүн салкын мамилесинин айынан 90-жылдары Өзбекстанга турмушка чыккан кызын беш жылдан бери көрө элек:

- Кызымдын өзбек жарандыгы жок болгондуктан эч жакка чыга албайт. Бизди да телеграмма берип дагы чакыра албайт. Беш жылдан бери көрүшө элекпиз. Анын балдарын - неберелеримди да көрө элекмин. Уул үйлөндүрүп, кыз берди, неберелүү болду. Бир да жакшылыгына бара албадым. Ооруп калса да жетип бара албайм. Телефондон гана сурап, байланышып турабыз. Кызым өзү да бизди көрө албай, сагынып, кыйналып жүргөнүн айтып ыйлайт.

Чыныкан апа кийинки аптада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келерин телевизордон угуп, кубанып жатканын да жашырбады. Байбиче президенттер жолугушуп, чек ара маселесин, анын эки тарабында жашаган эки элдин каттамын жеңилдетсе деген үмүттө:

- Президенттер барды-келди каттамды ачып, мамилени жумшартып берсе жакшы болот эле. Эне баланы, бала энени көрүүгө зар болбой, жашайт белек деген үмүттөмүн.

Такталбаган маалыматтар боюнча, Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш аймактарында 1 миллионго жакын кыргыз жашайт. Ал эми өзбектер Кыргызстандын элинин 14% түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен чектеш аймактарда жашайт.

Өзгөнгө барып эле менен жолуккан президент Алмазбек Атамбаев сөз учурунда Шавкат Мирзиёев менен жылуу мамиле түзүлгөнүн да айтып өттү:

- Чек ара маселеси чоң көйгөй болчу. Эмки жумада Өзбекстандын президенти келет. Ал киши менен мамилебиз абдан жакшы. Эки жума мурда эки өлкөнүн премьер-министрлери чогуу отуруп, чек аранын 84 пайызы боюнча келишим түздү. Өзбекстандын премьер-министри 26 жылдан бери биринчи жолу келди Кыргызстанга.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин кийинки аптага күтүлүп жаткан сапары ортодо көп жылдан берки чечилбей келаткан бир топ маселелерди чечүүнүн башталышы болуп калышы ыктымал.

Кыргыз-өзбек соода алакасы качан жакшырат?

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Бишкек сапарынан соң эки өлкөнүн ортосундагы мамиле, анын ичинде экономикалык карым-катыш жакшы жагына өзгөрөт деген үмүттөр жанданууда.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев эки тараптын ортосунда анклавдар көйгөйүн чечүү, автоунаа, аба жана темир жол каттамдарын жандантуу маселеси турганын белгиледи:

- Анжиян окуясынан кийин Өзбекстан чек араны бир жактуу жапкан. Андан кийин автоунаа каттамы токтоду. Чектеш аймактар аралык 28 автобус каттамы бар болчу. Темир жол каттамы такыр тыйылган. Аба каттамы да азайды. Ушулардын баарын кайра жандандыруу керек. Биз ЕАЭБнин курамындагы өлкөбүз. Ошондуктан чек ара биздин эле эмес, жалпы биримдиктин чек арасы болуп жатат. Ага ылайык, биз Өзбекстан менен чогуу отуруп, чек ара өтмөктөрүнүн маселесин чечүү керек. Мындан тышкары анклавдар бар. Өзбекстан Сох менен Шаймерден анклавына коридор сурашып, ага кыргыздар макул болгон эмес. Ал эми Өзбекстандагы Барак анклавына кирип-чыгуу кыйла эле оор болуп, андагы элдин көпчүлүк бөлүгү көчүп баса берген. Бирок ошентсе да ал аймак канча жер, канча мүлк болсо да Кыргызстанга таандык. Кыскасы, кирип-чыгууну жандандырсак, эки элдин бири-бирине каттамы оңойлоп, соода-экономикалык кызматташтыкка да жол ачылмак.

Негизи эле чек ара көйгөйү коңшулаш эки өлкөнүн ич ара мамилесин аныктоодо да негизги маселе болуп келгени белгилүү. Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келгенде өкмөт башчылардын жолугушуусунда каралган.

"Азаттыктын" архиви: Кыргыз-өзбек расмийлеринин өткөөл келишими 17-август, 2017-жыл

Жыйынтыгында чек аранын буга чейин такталган 1170 чакырымын бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Кыргыз өкмөтү бул келишимди жогорку жетишкендик катары баалап, чек аранын 84 пайызын тактоо боюнча саясий чечим кабыл алынганын, алдыда картага түшүрүү, парафирлөө сыяктуу техникалык иштер калганын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1378 чакырым. Анын ичинен 320 чакырымы талаштуу, тагыраак айтканда, эки тарап тең өзүнүкү деп эсептеген 58 аймак бар. Ал эми жакында шайланган өкмөт башчы Сапар Исаковдун маалыматына таянсак, ортодогу талаштуу аймак дагы кыскарды, эми кыргыз-өзбек чек арасынын эң талаштуу 208 чакырымы калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG