Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:48

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоого кадам ташталды


Кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду. Аталган келишим өзбек премьери Абдулла Ариповдин Бишкекке сапары учурунда кабыл алынды. Акыркы тогуз жылдан бери алгач ирет өткөн өкмөт аралык жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртуу макулдашылды.

Шаршембиде Бишкекке иш сапар менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолукту.

Ариповдун сапарынын жүрүшүндө кыргыз-өзбек алакасын жакшыртуу боюнча “Ала-Арча” резиденциясында эки комиссиянын жыйыны өттү.

Биринчиси - тогуз жылдан бери алгач ирет өтүп жаткан кыргыз-өзбек кызматташтыгы өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны. Анын жүрүшүндө кызматташтыкты жакшыртуу боюнча протокол кабыл алынды.

Кыргыз премьери Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы алаканы жакшыртууга мезгил келгенин билдирди:

- Биз Абдулла Негматович менен биз ортодогу чектөөлөрдү алмайын эки өлкөнүн өнүгүшү мүмкүн эмес деген түшүнүккө келдик. Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттердин ишин жандантуу зарылдыгын белгиледик. Ошондой эле биргеликте инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, биргелешкен ишканаларды ачуу керек деген пикирдебиз.

Ал эми өзбек премьери Абдулла Арипов акыркы учурда жакшыра баштаган кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи:

Кыргыз премьери Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов.
Кыргыз премьери Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов.

- Бул башталышы гана деп ойлойм. Башкача айтканда, биз мамилебизди кайрадан карап чыгып, жаңы барактан башташыбыз керек. Экинчиден, биз бекерге өткөрүп жиберген убакыттын ордун толтурушубуз керек.

Эки өлкө өкмөт жетекчилери экономикалык алаканы жакшыртууга басым жасашты. Жээнбековдун айтымында, акыркы жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү.

Ал эми экинчи жыйын эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоого арналды. Ал узакка созулуп, кызуу талкуулар менен коштолду.

Жыйын жүрүшүндө өзбек тарап бир канча жолу тыныгуу алып, Ташкент менен кеӊешкени айтылды.

Жыйынтыгында эки өлкө чек арасынын буга чейин такталган 1170 чакырымын бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлганын премьер Сооронбай Жээнбеков билдирди:

- 2016-жылдын август айынан азыкы учурга чейин өкмөттүк жумушчу топтордун 15 жыйыны өтүп, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын сызыгын чийүүнүн долбоору дайындалды. Азыркы күндө жалпысынан мамлекеттик чек аранын 1170,53 чакырымы сызылып, кыргыз тарап кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге киргизүүнү сунуштады. Өткөөл келишимге кол коюлушу кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча биздин делегациялардын ишине позитивдүү дем берет деп ишенем.

Жээнбеков бул күндү тарыхый окуя деп атап, чек араны тактоо боюнча иштер уланарын кошумчалады. Ошондой эле жакын арада президент Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке расмий сапар менен барары белгилүү болду.

Коопсуздук жана чек ара маселери боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Раззаковдун айтымында, өткөөл келишим саясий мүнөзгө ээ:

- Бүгүн эки тарап кыргыз-өзбек чек арасынын орточо эсеп менен алганда 84 пайызын тактоо боюнча келишимге киргизгени абдан маанилүү. Башкача айтканда, чек аранын 84 пайызын тактоо боюнча саясий чечим кабыл алынды. Эми картага түшүрүү, парафирлөө сыяктуу техникалык иштер бар. Эми аларды тиешелүү адистер иш алып барат.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзөт. Анын ичинен 320 чакырымы же 58 талаштуу аймак бар экени айтылып келген.

Буга чейин кыргыз бийликтери бул аймактарды келишим менен бекитүүнү сунуштаган. Мурдагы өзбек бийлиги буга көнбөй келгени маалымдалган.

Бирок быйыл жазында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын такталган 1000 чакырымга жакын бөлүгү келишим менен бекитилерин өзбек расмийлери айтканы кабарланган эле. Мына ушул маалыматтар өткөөл келишим кабыл алуу менен ырасталып отурат. Негизи эле чек ара маселелери эки мамлекеттин мамилесин аныктоодо негизги көйгөйлөрдөн болуп келген.

Бул маселеден улам эки кошуна ортосунда чыр-чатактар тез-тез катталып, адам өмүрүнө зыян келген учурлар да болгон. Мындай жагдай расмий Бишкек менен Ташкенттин жалпы алакасынын чыңалышын шарттаган.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов көз жумгандан кийин өзбек тарап мамилесин жумшартып, мурдагы кол коюлган протокол-келишимдердеги талаштуу жерлерди кайра карап чыгууга макулдугун берген.

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр жыл аягында Өзбекстанга сапар менен барып келген соң чек ара маселеси боюнча эки тараптын бийлик өкүлдөрү бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Ал эми өзбек премьери Абдулла Арипов эки өлкө мамилеси жанданган былтыр кыштан тарта Кыргызстанга келген алгачкы өзбек жетекчилеринен бири болду.

Коңшулардын чек араны чечүү убадасы

Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн Ошко болгон сапарынын алкагында кыргыз-өзбек бийликтери жаңы меморандумга кол койду.

Дегеле өзбек жетекчилери Кыргызстанга ар кыл эл аралык уюмдардын жыйынына катышуу үчүн гана келбесе, мамлекеттик же расмий сапарлар акыркы жылдары уюштурулган эмес.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков бул сапар кыргыз бийлигинин тамырын тартуу аракети болушу мүмкүн:

- Менин түшүнүгүмдө бул киши балким биздин өкмөт башчыны жакында Кыргызстандын президенти болуп калышы мүмкүн деген ниетте, жакындан сүйлөшүп, анын тышкы саясаттагы, анын ичинде Өзбекстанга болгон көз карашын, позицияларын билүү, изилдөө максатында келиши мүмкүн. Ошол эле мезгилде биз үчүн да маанилүү маселе - Өзбекстандын жаңы президентинин кошуна өлкөлөр менен карым-катышыбызды жаңы деңгээлге көтөрөлү деген ниети бар. Маалыматтарга караганда Өзбекстандын биринчи президентинин саясаты сынга алына баштады.

Ошентсе да, кыргыз-өзбек чек арасында 15 өткөрмө бекети бар. Бул пунктардан бешөө гана ачык режимде иштеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG