Линктер

жума, 28-июль, 2017 Бишкек убактысы 00:52

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков эки өлкө ортосундагы алака-катыш боюнча “Азаттыкка” маек берди.

“Азаттык”: Сиз жакында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин кабыл алуусунда болуп, ишеним грамотасын тапшырдыңыз. Ошол жолугушуу тууралуу айтып бересизби? Өзбек президенти жылуу кабыл алганы кабарланды эле.

Данияр Сыдыков: Мен ишеним грамотаны 2-майда тапшырдым. Өзбекстандын президенти “жакын кошуна – жан кошуна, кошунаң тынч болсо сен да тынч болосуң, эки мамлекеттин, эки элдин ортосундагы боордош мамилелер абдан тыгыз болушу керек, бири-бирибизге жакын болушубуз керек”, - деген аябай жакшы сөздөрдү айтты.

Президентибиз Алмазбек Атамбаев Самаркандга келип кеткени эки мамлекет ортосунда алака-катыштын жаңы барагын ачканын, бири-бирибизге сый-урмат үстүндө жакшы ниеттер бар экенин белгиледи. Мага болсо “жаңы элчи эки мамлекет ортосундагы мамилелерди мындан дагы жакындатууга зор салым кошоруна ишенебиз” деген каалоо айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев башынан бери эле "биздин кошуна мамлекеттер ортосундагы мамилени өзгөртүшүбүз керек, элибиз чек ара болсо деле аны сезбегендей болушу керек" деп айтып келет. Эң негизгиси ушул. Биз бара-бара ушул деңгээлге жетерибизге көзүм жетет. Азыр мамилелер жакшы нукта өнүгүп жатат.

Билесизби, мурдагы жылы июнь айында Ташкент шаарында ШКУнун мааракелик саммити өткөндө президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримов менен жолуккан. Эки президент бир сааттан ашык, узак сүйлөшкөн. Негизи протокол, программа боюнча 20 мүнөттүк эле жолугушуу болушу керек эле.

Ушул жолугушууну эки тараптуу мамилелердин өзгөрүшүнүн башталышы десе болот. Анда аябай жылуу сүйлөшүү болгон. Ошондо эң негизги оор маселебиз – бул чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо деп айтылган. Аны чечүү өз нугу менен кете берсин, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышты күчөтүү керек деп сүйлөшкөн. Тилекке каршы, Ислам Каримов сентябрь айында дүйнөдөн өтүп кетти. Биздин президент былтыр декабрда Самаркандга барганда, ал кишинин жайына барганда Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиеёвге жолуккан, аны менен жолуккан биринчи чет өлкөнүн башчысы болгон.

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты. Өздөрүнүн чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын коңшулар болуп көрбөгөндөй жылуу кабыл алды.

Анда дагы зор сүйлөшүү болгон. Алмазбек Атамбаев 24-декабрда барган, бул күн өзү эки өлкө ортосундагы түбөлүк достук келишиминин түзүлгөнүнө 20 жыл болгон мааракелик датага туш келди. Ошондо Алмазбек Атамбаев, “келгиле, бул келишимге кайра жаңы дем берели” деп айткан. Ага чейин Мирзиеёв мамлекет башчынын милдетин аткаруучу болуп иштеп турганда эки өлкөнүн чектешкен жеринде жайгашкан облустар ортосундагы мамилени ынтымакка, достукка алып келели, облустарды бириктирген форум өтсө деп сунуш кылганбыз.

Биздин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана облустары менен чектешет. Бул жердеги эл бири-бири менен куда-сөөк күтүп, туугандашып, ондогон жылдардан бери калыптанып калган алака-катыш бар. Өзбек тарап бул сунушту колдоп бизди биринчи чакырышты.

Өткөн жылдын октябрь айында Анжиянга келип кеткиле, эки эл кайсы жактан, кандай кылып иштешсек болот деп ошондо бири-бири менен сүйлөшүп алышсын дешти. Биринчи вице-премьер-министрибиз баш болгон топ Анжиянга барган. Бул жерде эң башкы жетишкендик – алты облустун ортосунда мамилелерди улантуу, көйгөйлүү маселелерди өздөрүнүн деңгээлинде чечүү, кайсы бир маселени жаңжалга чейин жеткирбейли деген мазмундагы меморандумга кол коюлган.

Өзбек делегациясын тосуп алуудан бир көрүнүш, 26-октябрь, 2016-жыл
Өзбек делегациясын тосуп алуудан бир көрүнүш, 26-октябрь, 2016-жыл

Биз андан кийин 26-октябрда өзбек туугандарды куду эле өздөрүндөй кылып Ошко чакырдык. Анда Ош менен Анжиян университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Алар Ош мамлекеттик университетинде 26 мамлекеттен келген студенттер окуй турганына, медициналык факультетке аябай таң калышкан. "Окуу жайдын деңгээли мындай деп ойлогон эмес элек, силерден үйрөнө турган нерселер бар экен" дешкен.

Эми ошол учурдан бери өзүңөр байкап жатсаңар керек, Өзбекстан менен чектешкен райондордо кадимкидей эле тынчып калды. Чек ара кызматыбыз дагы мал өтүп кетсе, же эки мамлекеттин жарандары бири-биринин аймагына билбей өтүп кетсе, ушул өңдүү кандайдыр бир учурлар катталса дагы мурдагыдай чоң ызы-чуу кылбай, күндөлүк иштер катары өздөрүнүн деңгээлинде чечилип жатат деп айтышууда.

"Чек арадагы аймактардын байланышы бекемдейт"

“Азаттык”: Эми региондордогу мындай эки тараптуу жолугушуулар бир жолку эле иш-чара болбосо керек. Бул багытта кандайдыр бир план-программа барбы?

Данияр Сыдыков: Биз дагы ушундай жолугушууларды бир жолу өткөрүп эле калтырып койбойлу, мындан ары дагы улана турган системага салышыбыз керек деген сунуш айтканбыз. Эки тараптын пикири бир чыккан. Азыркы учурда атайын бир программанын долбоору даярдалды. Өзбек тарап долбоорду биз даярдап, анан макулдашууга силерге жөнөтөлү дешти.

Эки өлкөнүн чектешкен жеринде жайгашкан алты облустун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтык программасынын долбоору даяр. Азыр ал боюнча макулдашуу процесси жүрүп жатат.

Кудай буюрса бул программага эки тараптан кол коюлгандан кийин ушундай жолугушуулар, иш-чаралар бир системага салынат. Бул негизи узак мөөнөттөгү программа болот.

“Сүйлөшүүлөр жаңы деңгээлге жетти”

“Азаттык”: Соңку жылдары кыргыз-өзбек алака-катышын сынаган, чек ара маселелеринен чыккан бир топ орчун окуялар орун алды. Атүгүл кайгылуу фактылар менен да коштолду. Өткөн айда расмий Ташкент буга чейин такталган миң чакырым жерди атайын келишим менен бекитип койгонго даярдыгын ишара кылды. Бирок 300 чакырымдан ашык тактала элек жер бар, анын ичинде 58 талаштуу участок турат. Чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө орток пикир табылып жатабы? Сүйлөшүүлөр кайсы нукта жүрүп жатат?

​Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко келди

Өзбек өкмөтүнүн атынан Ош шаарына конокко келген делегацияны жергиликтүү бийлик "Достук" чек ара бекетинен тосуп алды.

Данияр Сыдыков: Өзбекстандын тышкы иштер министри такталган чек араны атайын келишим менен бекитүүгө даярбыз дегенден кийин биздин вице-премьер-министрибиз Жеңиш Раззаков ушул эки өлкө ортосунда 1054 чакырым жер боюнча эч кандай талаш-тартыштуу маселе жок деп айткан. Калган 300 чакырымдын тегерегиндеги чек ара боюнча процесс уланып жатат жана ал токтобойт.

Жумушчу топтор ай сайын жөн эле жолугуп койбой элди, чек араны кыдырып, жеринен карап, талдап жатышат. Жумушчу топту биз тараптан өкмөттүн аппаратынын биринчи орун басары Курбанбай Искандаров, ал эми өзбек тараптан атайын иштер боюнча элчи бар, Нематов деген киши жетектейт. Жумушчу топ жакын арада Жалал-Абадда жолугушуу өткөрөт. Мындай сүйлөшүүлөр тынымсыз болуп жатат. Эң жакшы жери эки тарап тең бул талаш-тартыштуу маселелер канчалык азайса ошончолук жакшы болорун түшүнүшөт. Ошондуктан эки тараптуу сүйлөшүүлөр абдан конструктивдүү деңгээлде өтүп жатат. Мурда мындай болгон эмес. Мурда ар кандай шылтоолор менен өздөрүнүн позицияларын бербеген учурлар болгон. Бүгүнкү күндө мындай көрүнүш жок.

Эгемендик алган 25 жылдан берки чогулган маселелер бир күндө, же бир жылда эле чечилбей турганын баарыбыз эле билебиз. Бирок бири-бирибизге конструктивдүү мамиле жасап, чек арага жакын айылдардагы жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, алардын кызыкчылыгын сактап, алардын позицияларын угуп туруп анан чечимдер кабыл алынып жатат.

Чек ара боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия бар. Алардын дагы жолугушуусу болот. Ал жакта бекитилгенден кийин документ Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Ал жактан макулдук алгандан кийин эки өлкөнүн президенттери кол коет.

Атамбаев Ташкентке барат

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга жакында расмий сапар менен барат деп айтылды эле. Ушул сапардын мөөнөтү белгилендиби? Анда дагы башка кандай документтерге кол коюлушу мүмкүн?

Данияр Сыдыков: Бул жолугушуу биздин бүгүнкү күн тартипте бар. Биз бул жолугушууга байланыштуу чоң даярдык, иш-аракеттерди көрүшүбүз керек. Жөн эле курулай сапар болуп калбашы керек. Анын алдында биздин соода-экономикалык комиссиябыз бар, ошолордун жолугушуусу өтүшү керек. Биз азыр бизнес форум менен көргөзмөнү даярдап жатабыз. Бул тууралуу эки президент Самаркандда сүйлөшкөн.

Мындан башка дагы жакшы документтер даярдалып жатат. Алар тууралуу объективдүү себептерден улам азырынча маалымат бере албайм. Эки тараптуу келишимдердин долбоорлору бар, бир нече келишимдер боюнча макулдашылган. Сапардын алкагында кол коюуга даярдап жатабыз. Аны биз президенттин иш сапарынын мөөнөтү аныкталганда, жакындаганда сөзсүз жарыялайбыз.

Июндан баштап Ташкенттен Балыкчыга поезд каттайт

“Азаттык”: Соода-экономикалык алака-катышты жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар барбы? Биргелешкен ишканаларды ачуу, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сөздөр айтылды эле. Бул жаатта жылыштар барбы?

Данияр Сыдыков: 2016-жылдагы эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык статистикага карасак соода жүгүртүүнүн көлөмү 200 миллион доллардан ашкан эмес. Эң көбү мен жаңылышпасам 2012-жылы болгон жана анда 260 миллион долларды түзгөн. Бул чектешкен, потенциалы бар эки мамлекет үчүн өтө эле аз.

Жакында Бишкекте “Айыл агро-2017” иш-чарасы өткөнү жатат. Өзбек тарап бул иш-чарага сөзсүз катышабыз деп айтышкан. Ушул ай башында көлдө сезон ачылды деп жарыяланбады беле. Ошого дагы Өзбекстандан жети компания барып катышкан. Анын алдында, апрель айында бул жакта туристтик көргөзмө өткөн. Ага биздин 21 туркомпания, министрдин орун басары Азамат Жаманкулов баш болуп катышып кеткен. Ошондо 200дөн ашык келишиге кол коюлган. Анда өздөрү келишимдердин баасы 1,5 миллион доллардан ашты деп баалашкан.

Былтыр бул жакта эл аралык айыл чарба көргөзмө өткөн. Ага биздин Ош жана Баткен облустарынан ишкерлер келип катышып кеткен. Биздин маалыматыбыз боюнча Ноокаттагы агрокомпания Өзбекстандагы "АгроУзЭкспорт" ишканасы менен 10 миллион долларлык келишим түзгөн. Бул жакшы жаңылыктар. Соода-экономикалык алака-катышты өнүктүрүү боюнча зор иштер болуп жатат.

Июнь айынан баштап эки өлкөнүн ортосундагы темир жол каттамы жанданат, Ташкенттен Балыкчыга поезд каттай баштайт. Бул көлгө келип эс алып кеткиси келген өзбекстандыктарга жакшы туристтик мүмкүнчүлүк. Июль айынан баштап эки ай Ташкенттен Тамчыга учкан чартердик рейс ачылып жатат. Ушунун баары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүгө оң таасир берет деген ишеничтебиз. Мына бир фирма 10 миллион, туроператорлор 1,5 миллион долларлык келишим түздү. Мендеги маалымат боюнча Жалал-Абадда жапайы алманын ширесин чыгарган фирма өзбекстандык бир фирма менен беш миллион долларлык келишим түзүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Өзбекстан буга чейин суу маселеси боюнча орток пикир таба албай келген. Мисалы, расмий Ташкент Кыргызстандын айрым бир гидроэнергетикалык долбоорлоруна каршы чыгып келгени белгилүү. Ушул жаатта да сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?

Данияр Сыдыков: Өзүңүз билгендей, былтыр президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрдагы маалымат жыйында Камбар-Ата-1 ГЭСи Өзбекстан жана Казакстан менен бирге курганга даярбыз деп айтпады беле. Өзбек тарап бул сөздөрдү туура эле кабыл алды деп айтсам туура эле болот. Азыр эки өлкөнүн ортосунда суу боюнча эч кандай талаш-тартыш жок. Эки тараптуу келишимдердин негизинде Өзбекстанга канча суу керек болсо кыргыз тарап ошончо суу бергенге аракет кылып жатат. Бул жакта деле сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өтүп жатат деп айтсам жаңылышпайм.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат, ийгилик болсун.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG