Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:00

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинде кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүү маселеси талкууланды. Кыргызстандын элчиси Данияр Сыдыков менен министрлик кызматкерлеринин жолугушуусу тууралуу расмий Ташкент кабарлап, ымаланы бекемдөө маселелери да сөз болгонун билдирди.

Ушундай эле жолугушуу 24-январда да өткөн.

Эки өлкө ортосунда былтыр октябрдан бери өкмөттөр аралык жумушчу топ чек араны тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Жаңы жыл алдында президенттер Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев Самаркандда кезигишип, мамлекеттер аралык маселелерди чечүүнү жандантууну макулдашкан жана тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилген.

Расмий кабарларга ылайык, 1378 километрге созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 320 километри тактала элек. (SE)

XS
SM
MD
LG