Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды


Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты. Өздөрүнүн чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын коңшулар болуп көрбөгөндөй жылуу кабыл алды.

Алар меймандарды Анжиянды түрө кыдыртып, ыр-бий, дасторкон толо дүйүм тамактар менен коноктоду. Сапардын соңунда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салчу меморандумга кол коюшту.

“Достуктан” башталган сапар

Ташкенттин өзүнүн атайын чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын “Достук” чек ара бекетинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов башында турган расмий өкүлдөр тосуп алды. Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, маданий ишмерлер жана улуттук борборлордун башчылары болуп, Кыргызстандан жалпы 130 адам барды. Аларды өткөрмө пункттан ары өзбек тарап төрт-беш автобуска салып алып кетти.

Андижан
Андижан

Анжиянга чукулдаган жолдо коңшулар кыргызстандыктарды алгач эле “Бабур жана дүйнө” музейи менен тааныштырды. Ал жерде ыр-күү уюштурулуп, мөмө, жашылча - жемиштердин көргөзмөсү даярдалган экен. Андан ары Анжиян мамлекеттик университетининин студенттери менен жолугушуу болуп, окуу жайдагы кыргыз филологиясы факультетин көргөзүштү. Кийин кыргыз делегациясын шаардагы "Достук" үйүндө коноктоп, ал жердеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кездештирди. Өтө тез уланган иш-чаралар Анжиян салтанат сарайында өзгөчө сый тамак менен коштолду.

Кыргыз тили филологиясындагы иш-чара.
Кыргыз тили филологиясындагы иш-чара.

Өзбек даамдарына толгон түштөнүүнү Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов жылуу сөзү менен ачты:

- Урматтуу бир тууган, кыргыз боордоштор, достор! Ынтымакты, достукту бекем туткан Анжиянга куш келипсиздер! Мына бүгүн эртеден бери учурашып, баарлашып, аңгемелешип жатып, биз бири-бирибизди абдан сагынганыбызды түшүнүп жатабыз. Биз бири-бирибиз менен мамилебизди өтө бекемдешибиз керек экендигин аңдап жатабыз. Ушул биримдигибизге эч качан көз тийбесин! Арабыздагы мээрбандык, бурадарчылык, аке-үкөчүлүк ымалабыз эч качан эч бирибизден кетпесин. Урматтуу премьер-министрибиз жана президенттин милдетин аткаруучу Мирзиёев Шавкат Миромонович бүгүн эртең менен телефондон сүйлөшкөнүбүздө да “кыргыз боордошторду өтө жылуу, жарык жүз жана ачык-айкындык менен тосуп алгын” деп эскертти. “Кыргызстандын облус жетекчилери, акимдер менен учурашканда, биринчи жолу көрүшүп жатсаң да аке-үкөдөй болуп көрүшкүн” деп айтты. Буюрса, бүгүнкү күн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилени бекемдей турган күн болуп калат.

Карапайым эл күткөн жолугушуу

Дасторкон четине кыргыз делегация өкүлдөрүнөн сырткары жергиликтүү активдер, аксакалдар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да отургузулду. Тамактануу бүткөнчө эки тараптын ырчы-бийчилери өнөрлөрүн тартуулап турду. Чогулгандар өзгөчө жаркын маанайда кеп куруп, сүйлөшүп жатышты. Эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоого жетекчилерден мурда карапайым адамдар өтө кызыкдар экени жүздөрүнөн байкалып турду.

Кыргыз-өзбек өкүлдөрү Анжиянда кездешти
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:13 0:00

Ферганалык энелердин бири, маданий ишмер Энахон Сидикова бул күндү миңдеген адамдар күткөнүн ырастады:

- Бүгүн кыргыз бурадарларыбызды көрүп, жүрөгүмө чок түшкөндөй толкунданып, кубанып, сүйүнүп турам. Ата-бабаларыбыз бир арыктан суу ичкен, асмандагы бир ай-жылдыздын алдында тең өскөн, маданияты, адабияты бир элбиз. Илгертен куда-доспуз, тойлорубуз, ойлорубуз, үрп-адаттарыбыз бир, өзгөчө жакынбыз. Биздин бири-бирибизге болгон сүйүүбүз дээрибизде бар. Соңку жылдары ортобуз аз-маз сууп кеткен болсо, эми ошонун баарын унутуп кайрадан жакындашуу мезгили келди. Мурдагыдай тойлорубузга каттап, кайрадан жамандык-жакшылыктарыбызда чогуу бололу. Көптөн берки арзууларыбызды, сагынычтарыбызды кандырып, достугубузду кеңейтели. Ошондо өзбек калкында да, кыргыз калкында да өнүгүү болот, келечегибиз кең болот. Дүйнөдө эң кудуреттүү күч бул эки адамдын ортосундагы достук, андан да кудуреттүүсү, андан да кереметтүүсү эки калктын ортосундагы достук.

Кыргыз делегациясы үчүн уюштурулган иш-чаралардын бири.
Кыргыз делегациясы үчүн уюштурулган иш-чаралардын бири.

Күндүн экинчи жарымында кыргызстандыктар Анжияндын темир жол бекетин жана Өзбекстандын өзүндө өндүрүлгөн электр поезддерин жакындан көрүштү. Сапар андан ары спорттук жайларга, мамлекеттик программа аркылуу курулган бир кылка бюджеттик үйлөргө саякат менен уланды. Кыргыз тарап ошондой эле 10 миңдей адам иштеген General Motors Uzbekistan автозаводуна кирип, анда чыгарылган он чакты автоунаалардын үлгүлөрүн көрдү. Андан кийин да өзбекстандыктар кыргыз тарапты ресторанда белгилүү ырчылардын коштоосунда коноктоду.

Кызматташтык меморандуму

Соңунда эки тараптын расмийлери протоколдук отурумга чогулуп, эки өлкө ортосундагы айрым жагдайларды жана маселелерди талкуулады. Натыйжада эки тарап өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча меморандум кабыл алышты. Ага Кыргызстан тараптан Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев, Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев, Жалал-Абал облусунун жетекчи орун басары Мамасалы Акматов жана Өзбекстан тараптан Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов, Наманган облусунун акими Хайрулло Бозаров, Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевдер кол коюшту. Маалым болгондой, эки өлкөнүн так ушул облустары бири-бири менен чектешет.

Кыргыз делегациясын биринчи вице-премьер министр Мухаметкалый Абулгазиев жетектеп барды.
Кыргыз делегациясын биринчи вице-премьер министр Мухаметкалый Абулгазиев жетектеп барды.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов мамилени чыңдоого алар толук кызыкдар экенин билдирди:

- Эки өлкөнүн мамилесин жакшыртуу маселесине буга чейин эле көңүл бурулуп келген. Ташкенттеги ШКУнун жыйынында Кыргызстандын президенти Алмазбек Шаршенович менен биздин биринчи президентибиз Ислам Абдуганиевич бир сааттык сүйлөшүүсүндө да ушул маселе талкууланган. Бирок бүгүн биз эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин жаңы формасы, жаңы импульсу катары – жаңы меморандумду кабыл алдык. Бул импульс өзгөчө чек аралаш аймактардагы көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул меморандумдун алкагында эми көп маселелер жергиликтүү деңгээлде, губернатор менен акимдердин, күч органдарынын башчыларынын дэңгээлинде чечиле баштайт. Ортобузда бир топ көйгөйлөр бар экени чын, аны жашыргыбыз келбейт. Бирок анын баарын буюрса акырындык менен чечип баштайбыз. Бул бышып жетилген маселе. Биздин достугубуздун чыңдалышын кыргыз тарапта да, өзбек тарапта да миңдеген адамдар күтүп жатат.

Ал эми Кыргызстандын биринчи-вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев тараптар тез-тез жолугуп, ортодогу көйгөйлөрдү талкуулап, чечип тураарын ортого салды:

- Эки мамлекеттин ортосундагы маселелерди, чек аралаш аймактарда жашаган элдин турмушундагы көйгөйлөрдү, эки тараптын ортосундагы түшүнбөстүктөрдү кантип чече турганыбызды бүгүн биз ийри олтуруп, түз кеңештик, сүйлөштүк. Бизди жакшы тосуп алгандын өзү деле өзбек элинин достукка маш экенин көрсөтөт, биз аларга аябай ыраазы болуп турабыз. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр, меморандум кылымдар бою ынтымак жашаган калктарыбыздын ынтымагын дагы да бекемдейт. Экономикалык, маданий жактан мамилелерибизди жакшыртат жана жарандарыбыздын карым-катнашын күчөтөт. Буюрса ушул меморандум достук мамилени жаңы деңгээлге чыгарат, ошого түрткү берет. Ушул макулдашуунун негизинде эки тараптын жергиликтүү бийликтери ар бир айда жолугуп, өздөрүнчө иш-пландарды түзүп, маселе-көйгөйлөрдү ошол жерде чечип башташат.

Ошентсе да тараптар ары-бери өтүү жеңилдеп, кенен-кесир каттоо үчүн чек ара кайсы күнү толук ачылаарын ырасташкан жок. Бирок соңку макулдашуунун негизинде ал маселелер жакын арада белгилүү болоору айтылды.

Музду жарган кездешүүбү?

Кантсе да кыргыз делегациясынын Өзбекстанга сапары жана соңку меморандум дээрлик 10-15-жылдан берки мамиледеги тоңуп калган музду жаргандай болду. Эки тараптан тең көпчүлүк муну колдоого алып, кубаттоодо.

Айрымдар бул аракетти Каримовдон кийинки бийликтин диалогго кызыкдарлыгы менен байланыштырса, өзбек тараптын расмийлери өздөрү ар бир сөзүндө муну биринчи президент Ислам Каримов каалап келгенин белгилеп жатышты. Бирок факт – бул күн Каримов каза болгондон бир айдан кийинки күнгө туш келди.

Андижандагы сапарга катышкан Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков буларга токтолду:

- Бул күн – эки өлкө жарандары үчүн тарыхый күн. Эки тараптын расмийлери, маданий ишмерлери жакшы маанайда жолугуп, баарлашып жатканы да жакшы жышаан, жакшыга жоруй турган окуя. Кошуна жайгашкан кыргыз-өзбек мамлекеттеринин ымаласы бүгүнкү нотадагыдай динамика менен өнүгүп кетсе, бул көп жылдан берки сууп кеткен мамилени кайрадан жаңыртат деп кабылдасак болот. Бул жалпы региондун өзүнө да позитив берет.

Ошентсе да кээ бир байкоочулар өзбек тараптын Кыргызстанга боор тартуу аракетин бул өлкөдөгү жакында өтө турган президенттик шайлоо менен да байланыштырууда. Учурда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёев өзү кайра тактыда калуу үчүн ар бир аймактагы жарандардын каалоосуна үмүт берүүдө дешет алар.

Маселен, Кыргызстан менен чек араны жеңилдетүү демилгеси менен чек арадагы көйгөйлөрлөрдөн жабыр тартып келген Анжиян, Наманган жана Фергана өрөөндөрүндөгү элдин добушун алуу максатын көздөшү мүмкүндүгү айтылууда. Бирок жолугушууда өзбек тараптын жетекчилери мамиле мындан ары эми жакшы жагына гана оңолоорун убада кылып жатышты.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салып, 3-сентябрда Самаркандда жерге берилген. Учурда Өзбекстан президентинин милдетин премьер-министр Шавкат Мирзиёев аткарууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG