Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Чечилбес чек ара...


Баткендеги кыргыз чек арачысы
Баткендеги кыргыз чек арачысы

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажиккстан менен чек араларындагы талаштуу аймактарды иликтөөгө алды.

Чек арага байланышкан кезектеги чыр Баткендин Ак-Сай айылында катталды. Муну акыркысы деп айтып болбойт, анткени Ак-Сай менен Көк-Таш чек ара чатагы эң көп катталган айыл катары Кыргызстанга гана эмес, Тажикстанга да белгилүү.

17-сентябрда тажик жарандары Ак-Сай деген жазуусу бар бетон мамыны талкалап кетишет. Коңшулар аталган жер документ жүзүндө Кыргызстанга караса да, өздөрүнүкү деп эсептешет. Ошондон улам мамыны түн жамына тымызын бузушат. Анткен менен аксайлыктар 1989-жылы тургузулган жазууну кайрадан тикелеп, өз жерин коргоого даяр.

Ак-Сайдагы чек арачылар жана жергиликтүү бийлик жаңжал чыгып кетет деген шылтоо менен айыл аты жазылган мамыга бизди да жолотушкан жок. Аргасыздан тажик чек арачылардан бекинип, машинеден тасмага түшүрдүк.

Кыргызстан менен Өзбекстан 1378 чакырым аралыкта чектешет. 320 чакырым чек ара тилкеси ушул кезге чейин такталбай келет. Кыргыз-тажик чек ара тилкеси 971 чакырымды түзөт. Анын 471и талаштуу бойдон калууда. Кыргыз-өзбек чек арасында Үңкүр-Тоо сыяктуу такталбаган 58 тилке болсо, Тажикстан менен талаштуу жердин саны 70ке жетет.

Тарыхка үңүлсөк, 1960-жылдан бери кытай-кыргыз ортосунда талашка түшүп келген Үзөңгү Кууштун 30 пайызы коңшуларга берилип маселеге чекит коюлган. Эл бул үчүн жер сатты деп ушу күнгө чейин Аскар Акаевди күнөөлөп келет. Ал эми Бүткүл союздук аткаруу комитетинин документинде кыргыз-казактын орток жайлоосу деп жазылган Каркыра боюнча да талаштар бүтпөй келет. 190 миң гектар жердин 130у коңшуларга берилип, Кыргызстан 60 миң гектарга эле ыраазы болгон. Бул үчүн Курманбек Бакиев да жер саткыч атка конду.

Эми болсо Үңкүр-Тоо маселеси азыркы бийликтин түн уйкусун бөлүүдө. Аталган тоону кыргыз тарап да, өзбектер да өзүбүздүкү деп келет. Темир Сариев премьер-министр болуп турганда Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы деген токтом чыгарылган деп, ал табышмактуу жагдайда жок болуп кетти. Кийин коңшулар телемунарага десант түшүргөндө Үңкүр-Тоо Бакиевдин убагында эле коңшуларга берилмек болуп, алгачкы документтерге ошол кездеги өкмөттүн чек ара боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов, экс-тышкы иштер министр Аликбек Жекшенкулов кол койгон деген маалыматтар да чыкты. Ошондо күнөөнүн баары эскилерге үйүлүп, Үңкүр-Тоо арасат жолдо калабы?

Чечилбес чек ара...
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:29:14 0:00

XS
SM
MD
LG