Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:39

Бишкек менен Ташкенттин бийик максаты


Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара маселелерин чечүүнү, соода-экономикалык алака-катышты жакшыртууну макулдашты.

Эки тараптуу мамилелер 24-декабрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга бир күндүк иш сапар менен барганда талкууланды.

Атамбаев мурдагы өзбек президенти, маркум Ислам Каримовдун бейитине барып гүл коюп, куран түшүрдү.

Соңку жылдары кыргыз-өзбек мамилесин сынаган бир топ орчун окуялар орун алды. Талдоочулар быйыл сентябрь айынан бери оңоло баштаган эки тараптуу алака-катышка чоң үмүт артып турат.

Самарканддагы кыргыз-өзбек президенттеринин сүйлөшүүсүндөгү башкы темалардын бири – чек ара маселелерин чечүү болду. Анда тиешелүү мамлекеттик органдарга эмки айдын ичинде чек араны делимитация жана демаркациялоо тууралуу чечимдерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.

Атамбаев менен Мирзиёев жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:22 0:00

Бул жолугушууда расмий Ташкент он жылдан ашык убактан бери ишке ашпай келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча Бишкектин позициясын колдогону маалым болду.

"Келишим баракта калбаса"

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кесиптеши Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алды. Мындан ары бардык иш-аракет эки элдин достугун чыңдоого багытталышы керектигин белгиледи:

- Соода-экономикалык мейкиндикте жалпы кызыкчылыгыбыз көп. Чогуу аракеттенсек биздин соода-экономикалык алака-катышыбызды, соода жүгүртүүнү жакшыртсак болот. "Базарыбыз да, мазарыбыз да бир" деп бекер айтылбаса керек. Бардык аракеттерибиз элдин ортосундагы достукту чыңдоого багытталышы керек. Соңку үч айда жасалган иш-аракеттер эки өлкөнүн мамилесин улоого негиз, пайдубал болуп берет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев мындан туура 25 жыл мурун Ташкентте эки өлкөнүн түбөлүк достугу тууралуу келишимге кол коюлганын эстеди. Бул жолугушууну мамилелердин, алака-катыштын жаңы барагы деп баалады. Маркум Ислам Каримовдун эмгегин, салымын эскерип өттү:

- Ар бир мезгилдин өз лидери болот. Сиз Өзбекстан, өзбек эли күткөн лидерсиз. Биз экономикага, мамилелерди өнүктүрүүгө, кайсы бир тоскоолдуктарды жоюуга, тосмолорду алууга басым жасашыбыз керек. Биз элибиз чек араны сезбей тургандай абалга жетүүгө аракет жасашыбыз керек. Биз бүгүн, келишим түзүлгөн маараке күнүндө мамилелердин жаңы барагын ачып жатабыз. Бул келишим качандыр бир кезде кол коюлган, кийин унутулуп калган кагаз боюнча эле калбашы керек. Сиздин келишиңиз менен бул жандуу келишимге айланарына көзүм жетет.

Өзбекстан менен “кембагал бир тууган” катары эмес бирдей укуктагы өнөктөш, кошунадай мамиле түзүшүбүз керек.

Талдоочулар кыргыз-өзбек алака-катышынын эң талылуу жери – чек ара маселелери экенин белгилешет. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1400 чакырымга жакындайт. Анын 320 чакырымы тактала элек жана басымдуу бөлүгү талаштуу тилке болуп саналат.

Чек ара маселери боюнча эксперт Саламат Аламанов чек араны чукулунан чечүүнүн бир мүмкүнчүлүгү катары 1955-жылы кабыл алынган, бирок бекитилбей калган чечимдерди атады. Бул эки өлкө үчүн тең пайдалуу болот деп билдирди:

- Бул принцип – ар ким пайдаланып келген жерлерди ээлеп калышы керек деген сөз. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, илгерки колхоз-совхоздор жана башка жерди иштеткен мекемелер ошол чарбалык чек аралардын негизинде чечиши керек. 1955-жылы ошондой принцип колдонулуп чечилген болчу. Бирок ал Жогорку Кеңеш аркылуу бекибей калып, талаш маселелер уланып келген. Азыр деле ошол принципти колдонсо чечүүгө болот. Себеби ошол кездеги карталар бар. Ар ким эзелтен бери пайдаланып келген жери өзүндө калат. Муну ошол чек ара тилкесинде жашаган эл дагы түшүнөт.

Эл күткөн чечимдер

Кыргызстан менен Өзбекстан буга чейин суу маселеси боюнча мунаса таппай келген. Расмий Бишкек суу товар катары бааланышы зарыл, ага байланышкан чыгымдар төлөнүшү керек деген маселени көтөргөн. Ташкент суу тартыштыгы күчөйт деген жүйө менен Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каршылык билдирип жүрөт.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитовдун пикиринде, эң ириде эки өлкө кошуна экенин эстен чыгарбашы керек: ​

- Өзбекстан бизге экономикалык өнөктөш катары өтө маанилүү. Биз деле аларга өтө маанилүү кошунабыз. Өзбекстандын байлыгы, бар-жогу бар. Бирок аларда суу жок. Суу ресурстары биз менен Тажикстанда болуп жатпайбы. Ошондуктан биз Өзбекстан менен “кембагал бир тууган” катары эмес бирдей укуктагы өнөктөш, кошунадай мамиле түзүшүбүз керек. Жаныңдагы кошуна менен жакшы болбосоң жөн эле ары-бери катташың деле кыйын болуп калат.

Апта: Өзбекстанга сапар

Апта: Өзбекстанга сапар

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда иш сапар менен Өзбекстандын Самарканд шаарына барды.

Эки өлкөнүн алака-катышы ушул жылдын сентябрь айында өзбек президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин, бийлик Шавкат Мирзиёевге тийгенден тарта оңоло баштады. Алгач өзбек тарап, эшигин ачып, кол сунуп Кыргызстандан жоон топ адамды Анжиянга чакырды. Андан көп узабай кошуналарды чакырып чоң сый-урмат Ошто көрсөтүлдү.

Саясат талдоочу Эмил Жураев эки тараптуу алака-катышты жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына, муну пайдалана билүү керектигине токтолду:

- Кошуналардын баары Ислам Каримовго бата кылып, куран окутуп барып келишти, биздин президент болсо бара элек деп ойлонуп да жаттык эле. Анын аппараты Шавкат Мирзиёев ант берип кызматка киришкенден кийин барган алгачкы президент болду деп билдирип, бул кадам дагы туура болду. Сентябрь айынан бери эле Ташкенттин бизге карата саясаты оң нукка бурулуп, жакшы маанайдагы эки тараптуу жолугушуулар болду. Анда жакшы сөздөр айтылды. Эки өлкөнүн ортосунда кыйын маселелер бар. Чек ара маселеси өтө татаал болуп эсептелет. Соода-сатыкты жакшыртуу, эки элдин бири-бирине катташын мүмкүн тез эле чечсе болот. Чек ара маселеси көбүрөөк убакытты талап кылат. Бирок бир топ жылдан бери ордунан козголбой турган маселени ачык талкуулап, чечебиз деп турганы өтө чоң жышаан.

Соңку жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын алака-катышын сынаган бир топ орчун окуялар орун алды. Быйыл март айында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Чаласарт аймагына Өзбекстан аскерлерин күтүүсүз киргизген. Август айында ушул эле райондогу телередио сигналдарын таратуучу станция турган Үңкүр-Тоодогу тактала элек жердин айланасында жаңжал чыккан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG