Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Казакстан мунай тарткан танкерлерге чабуул жасалганын тастыктады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Энергетика министрлиги Кара деңизде Каспий куур консорциумунун (КТК) терминалынын жанында казак мунайын ташыган эки кеме кабылган чабуулга байланыштуу маалымат берди. Ага ылайык, "КазМунайГаз" жалдаган Мальтанын желеги астында сүзгөн "Матильда" танкери учкучсуз учактын соккусуна туш болду.

«Жарылуудан кийин өрт тутанган эмес, экипаж мүчөлөрү арасында жабыркагандар жок», - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Либериянын желеги менен сүзгөн Delta Harmony танкери мунайды жүктөп алууну күтүп турганда дрон тийген.

13-январда Рейтер агенттиги өз булактарына таянуу менен дрон чабуулдары тууралуу жазып, "КазМунайГаз" маалыматты ырастаган.

Чабуулду ким уюштурганы азырынча белгисиз. Украина да, Орусия да бул окуя боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Узундугу 1500 чакырымга жеткен Каспий куур консорциуму аркылуу Европага ташылган мунайдын 80% Казакстанда өндүрүлөт. Былтыр консорциумдун объектилерине бир нече жолу чабуул жасалып, куурдун иши тоскоолдуктарга кабылган.

Казакстан ККК объектилерине жасалган чабуулдардын айынан 480 миң тонна мунай жоготконун былтыр 11-декабрда өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов билдирген. Анын айтымында, Казакстан КККдан баш тартпайт, анткени учурда бул багытка реалдуу атаандаш жок.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG