Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

"Кремлдин тапшырмасын аткарат". Соловьёвдун билдирүүсү талаш-талкуу жаратты


Владимир Соловьев
Владимир Соловьев

Кремлдин таасирдүү пропагандисти деп таанылган Владимир Соловьёв согуш Украинадан тышкары аймактарга да жайылышы мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атады. Чөлкөмдүн мамлекеттеринин бийликтери азырынча Соловьевдун сөзүнө расмий комментарий берише элек. Бирок коомдук талкуулар жүрүүдө.

12-январда Армениянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Сергей Копыркинди чакырып, "мамлекеттик каналдын программасындагы билдирүүгө" байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды. Расмий Ереван программада айтылгандар катуу кыжырдануу жаратарын билдирген.

Орусиялык журналист Владимир Соловьёв согуш Украинадан тышкары аймактарга да жайылышы мүмкүн экенин “Соловьёв LIVE” деген программасында Венесуэла жана Ирандагы соңку окуялар тууралуу өз пикирин билдирип, Орусиянын “таасир аймагы” тууралуу айткан. Москва үчүн Венесуэла эмес, башка нерсе маанилүү экенин белгилеген.

Владимир Соловьёв
Владимир Соловьёв

“Арменияны жоготуу – чындап эбегейсиз көйгөй. Азиядагы, Орто Азиядагы, азыр аны Борбор Азия деп атап жүрүшкөн чөлкөмдөгү кырдаал - биз үчүн өтө чоң маселе болушу мүмкүн. Ошондуктан биз өз максат-милдеттерибизди так аныктап алышыбыз керек. Биз так түшүндүрүшүбүз абзел. Оюн бүттү. Эл аралык укукту, эл аралык тартипти карабайбыз. Эгерде улуттук коопсуздугубуз үчүн Украинанын аймагында атайын аскердик операцияны баштоо зарыл болсо, ошол эле жүйөлөргө таянып, эмне үчүн биз өз таасирибиздеги аймакта, башка очоктордо да атайын аскердик оперциябызды баштай албайбыз? Балким, улуттук доктринабызды аныктап, биздин таасирдеги аймактар кайсылар экенин ачык айтышыбыз керек. Ошондо баары түшүнүктүү болот”, - деди Москванын журналисти.

Москва Украинага кол салып, согуш баштаганын "атайын операция" деп атайт. Орусия ушундай негизде Украинага бастырып киргенине төрт жылга чукулдады.

Соловьёв Орусия АКШнын Венесуэладагы аракетинен "үлгү алышы керектигин" айтып, Вашингтон Николас Мадурону кармап кетүү менен "эл аралык укукту таназарга албады" деп билдирген.

Кремлдин таасирдүү пропагандачысы коңшу мамлекеттерге жана КМШга кирген өлкөлөрдүн дарегине карата мындай сөздөрдү мурда да айтып келген.

Соловьёвдун жогорудагы сөзүнө Борбор Азия мамлекеттеринен расмий реакция болгон жок.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Сергей Копыркинди 12-январда чакырып, "мамлекеттик каналдын программасындагы билдирүүгө" байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды. Армян тарап программада айтылгандар катуу кыжырдануу жаратарын билдирген. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, нотада мындай билдирүүлөр Армениянын эгемендигине ыксыз кол салуу катары эсептелери, Армения менен Орусиянын ортосундагы достук мамилелерди буза турганы белгиленген.

Кремлчил журналистке Ташкенттеги Журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин ректору, саясий илимдеринин доктору, профессор Шерзодхан Кудратхожа өз Телеграм каналы аркылуу жооп берип, Соловьёвдун айткандарын кескин сындады.

"Владимир Соловьёв түз эфирде буга чейин жашырууга аракет кылынган ойлорду: эл аралык укукту четке кагууга, суверенитетти шарттуу нерсе катары кароого болот, ал эми башка мамлекеттерди "өз таасириндеги аймак" деп жарыялоого мүмкүн дегенди ачык айтты. "Биздин Азия" деген формула - кокустук эмес, мамлекеттерди өз алдынча субъект эмес, объект катары көргөн, чек араларды тоскоолдук деп эсептеген таза колониялык тил", - деп жазды.

Кыргызстандык юрист Канат Хасанов Соловьёвдун орус медиасындагы ачык билдирүүсүнө так баа берилиши зарыл деп эсептейт. Ал алып баруучунун айткандары "журналисттик анализ жана эксперттик талкуунун алкагынан чыгып кетти" деп баалады.

Коомдук ишмер Эмил Каптагаев "Москванын башкы рупору эсептелген Соловьёвдун айткандарына олуттуу карап, келечектүү саясатты ошого жараша түзүү зарыл" деп эсептейт.

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

"Соловьёв - мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу. Ал өз оюнан чыгарып эч нерсе айтпайт, өз пикирин айтпайт. Мамлекеттик саясат каякта болсо, кандай тапшырма берилсе ошону айтат. Ошол факторду эске алышыбыз керек. Анын айткандарын жөн эле бир журналист келжиреп жатат деп кароого болбойт. Муну жадыбыздан чыгарбашыбыз керек. СССР учурунда Москва башкарып турса дагы 15 союздук республика болуп, алар суверендүү мамлекет болуп, салыштырмалуу өз алдынчалыгы бар болчу. Өзүнүн маданияты, маданий өнүгүүгө жолу бар болчу, азыр башкача саясат кетип жатат. Мурдагы падышалык Орусия шартындагыдай, өзүнө көз каранды нерсе катары карап жатат. Бул бизде эле эмес Орусиянын ичиндеги субъекттер, Башкырстан, Татарстан, Якутия бүт баарына ушундай көз карашта болуп жатат. Өзүнүн ичиндеги федеративдик түзүлүштүн өзүн ыдыратып, улуттук мамлекеттик түзүлүштөрдүн укуктарын кескин кыскартып, аларды жокко чыгаруу багытында жылып баратышат. Бул ачык эле айтылып, жасалып жаткан саясат. Биз көз карандысыз, суверендүүлүгүбүз бар, эл аралык деңгээлде таанылган мамлекет катары муну кулак сыртынан чыгарып койгонго болбойт деген пикирдемин. Бул көпчүлүктүн, дүйнөлүк коомчулуктун пикири ушул. Эч бир мамлекет эч кимди чоң, кичинесине карабай басып алууга, көз каранды кылып алууга акысы жок. Борбордук Азиядагы мамлекеттердин саясаты буга көздү ачып, ушул багытта өзүбүздү, эгемендикти, мамлекеттин эркиндигин кантип коргоп калабыз деген багытта саясий жылыштар болуш керек".

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Соловьёвдун сөзүнөн улам дүрбөлөңгө түшүү туура эмес деп эсептейт. Ошол эле учурда мындай сөздөрдүн мурда-кийин айтылышына орун бербөө зарыл деген ойдо.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Бул расмий Кремлдин позициясы же пикири деп айтканга ишенгим келбейт. Анктени Владмир Соловьёв жалаң эле жаңжалдуу пикирлерди айтып, ал Орусиянын өзүндө, Борбор Азияда талкуу болушун каалайт. Ал өзү пропагандист да. Биз анын сөзүнө дүрбөлөңгө түшүп калганыбыз дагы туура эмес. Анткени Борбор Азия, Кыргызстан эгемен мамлекет. Бирок ошол эле учурда мындай сөздөргө орун берилбеши керек, экинчи кайталанбашы зарыл. Ал дайыма эле ошондой ойлорду айта берет. Кремлдин пикири дагы ушундай дегенге ишенгим келбейт".

Ал эми дагы бир эл өкүлү Дастан Бекешев тескерисинче Тышкы иштер министрлиги буга реакция кылып, керек болсо ушундай сөздөрү үчүн Соловьёвдун Кыргызстанга келишине тыюу салууну сунуштады.

Дастан Беекшов
Дастан Беекшов

"Биздин Тышкы иштер министрлигибиз дагы реакция кылышы керек, сөзсүз элчини чакырып айтышы керек. Мейли, менчик телеканал болсо башкача чара көрсө болот. Бул жөнөкөй эмес, мамлекеттик канал болуп жатат. Ошондуктан, сөзсүз реакция жасаш керек, кеерк болсо ушундай кишилерди "персона нан-грата" катары өлкөгө кирүүсүнө тыюу салыш керек".

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев орусиялык алып баруучунун айткандары тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазды. Ал муну "Соловьёвдун агрессивдүү риторикасынын артында баналдуу коркунуч катылып турат" деп атаган.

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

"Албетте, бул бир жагынан алганда, Орусиянын бүт геосаясий амбицияларынын дүйнөнүн бардык аймагында биринин артынан бири кыйрап, бардык өнөктөштөрүн жоготуп жаткандагы "зомбижащиктин" алып баруучусунун ач-айкырык реакциясы экени түшүнүктүү. Бир жагынан Сирияны жоготту, андан кийин Венесуэла, кезекте балким Иран турат. Анан дагы Кошмо Штаттардын Москванын нааразылыгына көнүл бурбай, орус танкерлерин колго түшүрүшү. Соловьёвдун агрессивдүү риторикасынын артында Орусия жакында жалгыз калып, Кытайдын сателлит макамын бекемдейт деген баналдуу коркунуч катылып турат. Эгерде ушул коркунучтардын баары маскарапоздун тилинде болсо, балким ал падышанын жана анын айланасындагылардын баштарында экени түшүнүктүү. Башка жагынан караганда, Борбор Азия өлкөлөрү кандай болгон күндө да көңүлкош болбошу керек. Эл аралык укуктун олуттуу кризисинин азыркы шартында өзөктүк куралы жок бир дагы мамлекет өзүн коопсуз сезе албайт. Муну Украинанын мисалы көрсөттү. Ал тургай эч зыяны жок Гренландия Трамптын Венесуэладан кийинки максаты болуп калышы мүмкүн. Геосаясатка карышкыр менен чөөлөрдүн заманы кайтып келди. Иш жүзүндө адамзат тарыхында күчтүн үстөмдүгү сыяктуу эле бул тышкы саясаттын негизги куралына айланып баратат. Бул таң калыштуу деле эмес. Тарых кайталанат. Ошондуктан аймактын бардык өлкөлөрү өздөрүнүн коргонуусун, саясий системасын, саясий институттар жана мамлекеттик түзүмдөрдүн сапатын жогорулатуу менен бекемдеши керек. Элдин жашоо-турмушун жакшыртуу, башка өлкөдөн көз карандылыкты азайтуу максатында экономикалык реформаларды натыйжалуу жүргүзүү зарыл", - деген казакстандык талдоочу.

Сатпаев экономикалык жана саясий кризистер тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жакшы шарт түзүп берерин, бийлик менен коом ортосунда ишеним кризиси жаралбашы керектигин кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда ажырым жаратуучу маселе жок экенин, ага эки өлкө дагы чектеш эмес экенин жана мамлекет дагы жол бербейт деген пикирин айтты.

Соловьёв буга чейин да Борбор Азиядагы эгемен өлкөлөрдүн дарегине ар кандай жүйөсүз кептерди айтып жүргөн. Ал Кремлдин жигердүү үгүтчүсү катары таанылган. Ал Орусиянын федералдык каналында жана интернеттеги жеке каналында дээрлик күн сайын Путиндин саясатын жайылткан программаларды, талкууларды алып барат. Берүүлөрүндө Украинаны, АКШны жана Европа Биримдигин такай сындайт. Аны Батыш өлкөлөрү "кара тизмеге" киргизген. Ал эми 2024-жылы Арменияда анын эки программасы блоктолуп, көрсөтүүгө тыюу салынган.

2022-жылы Орусия Украинага бастырып кирип, согуш ачкандан кийин YouTube видеохостингинин администрациясы Соловьёвдун каналдарын өчүргөн. Теле алып баруучу муну "согуш" деп атап, YouTube видеохостингин жабууга чакырган.

2022-жылдын күзүндө Соловьёвдун мамлекеттик "Россия-1" телеканалында сүйлөгөн сөзү Казакстанда нааразылык жаратып, маселе парламентте көтөрүлгөн. Соловьев анда "америкалык биолаборатория жайгашкан Алматыга сокку урууну" сунуштаган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Соловьевдун берүүсүндө айтылган Казакстан тууралуу пикирлер расмий Москванын позициясы эмес экенин белгилеген.

Соңку учурда эксперттер белгилегендей, Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүндө таасирин күчөтүү аракети байкалууда. Мисалы Кыргызстанда былтыр ноябрдан тартып Кремлге жакын “Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал ишин баштады. Анын ачылыш аземине Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова катышкан. Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен долбоору катары сунушталган телеканалды Москванын башкы пропагандисттеринин бири Маргарита Симоньяндын жакын шакирти сүрөп жатканы маалым болгон. Мындай кадамды эксперттер Орусиянын Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги таасирин арттыруу аракети катары баалашууда.

Кыргызстандын аймагында Орусиянын “Биринчи канал” (ОРТ), “Россия 24”, РТР, “Культура”, “Звезда” сыяктуу ондогон телеканалдары тартат. Алар кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери эле Ала-Тоодо Кремлдин пропагандасын туруктуу таратып келатат.

Кыргызстан Москва түзгөн Евразия экономикалык биримдигине кошулардан бир жыл мурун – 2014-жылы Бишкекте Орусиянын Sputnik маалымат агенттигинин кыргыз редакциясы иш алып бара баштаган.

Мындан сырткары Орусиянын “Аргументы и факты”, “Российская газета”, "Московский комсомолец" жана “Комсомольская правда” гезиттери да Кыргызстанда онлайн жана гезит түрүндө жайылып турат.

Кабелдик кызматтардан ошол эле RT сыяктуу телеканалдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк болсо, интернеттен “РИА-Новости”, ТАСС, Интерфакс, Regnum сыяктуу маалымат агенттиктерин окууга болот.

Мындан сырткары “МедиаХаб” медиасынын журналисттери интернет жана социалдык тармактардагы орус пропагандасынын таасири жөнүндө иликтөөсүндө мындай көрүнүш Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү экенин аныктаган. Алар жогорудагыдай баракча-каналдар Орусиянын пропагандасына шайкеш постторду жарыялап, Батышты сындай турганын көрүшкөн. Фейк-баракчалар ошондой эле Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишип, мамлекеттик тилдерди өнүктүрүүгө каршы чыгып, жергиликтүү саясатчыларды каралоо кампаниясын жүргүзүшөрү да белгилүү болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG