Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:42

Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясында Сириядагы кандуу булоонду иликтөөгө каршы добуш берип, Орусия менен Иран баштаган 15 мамлекеттин катарына кирди.

Буга чейин Кыргызстан Орусиянын Украинадагы баскынчылыгын айыптаган резолюция боюнча калыс позияны карманып, добуш берген болчу.

Эл аралык мамилелер боюнча адистердин айрымдары муну расмий Бишкектин тышкы саясаттагы туруксуздугу дешсе, кээ бирлери тең салмактуулукту кармануудагы дипломатиялык “маневр” катары карашууда.

Кыргызстан иликтөөгө каршы

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Сириядагы аскерий операцияларда куралсыз калкты кырган кылмыштарды иликтөө боюнча атайын орган түзүү чечимин кабыл алды. Бул мекеме чогулткан далилдер кийин эл аралык аскер трибуналында каралышы мүмкүн.

Бул резолюцияны АКШ, Британия, Франция, Сауд Арабиясы жана Түркия баштаган 105 өлкө колдоду. Орусия, Кытай жана Иран сыяктуу 15 мамлекет ага каршы чыкты. Мындан сырткары 52 мамлекет добуш берүүдө бейтараптуулукту карманды.

Орусиянын позициясын КМШ мамлекеттеринен Беларус менен Кыргызстан колдоп, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Казакстан калыстыкты карманышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин биринчи катчысы Айымкан Кулукеева бул резолюцияга каршы добуш берүүнүн себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Сириянын өзү тарабынан колдоого алынбаган резолюциянын кабыл алынышы – БУУнун Башкы ассамблеясынын бул багыттагы ишин саясатташтыргандай көрүнүп жатат. Ошондой эле бул маселени чечүүгө анын түзүлүшү жардам бербегендей өңүттө сезилет. Бул органды түзүү 2011-жылы БУУнун адам укугу боюнча кеңеши тарабынан түзүлгөн көз карандысыз комиссиянын ишин кайталап жаткандай туюлат. Ошондой эле бул чечимди талкууга алууга убакыт берилбестен колго салуу болду. Мына ушуга окшогон себептерден улам Кыргызстан БУУнун жобосун жана эл аралык укук ченемдерин жетекчиликке алуу менен бул резолюцияга каршы добуш берди.

Бишкектин Крым боюнча бейтараптыгы

Ошол эле кезде Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында ошондон үч күн мурун эле Кыргызстан Крым боюнча Орусияга каршы резолюцияда бейтараптуулукту карманган эле. Анда Өзбекстан менен Казакстан Орусияны колдоп, резолюцияга каршы добуш берген. Кыргызстан Украина көтөргөн бул маселеде Орусияны ачык колдобой, бейтараптуулукту карманганы расмий Москвага жаккан эмес. Ошондуктан Орусиядагы Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү токтотууга чакырышкан.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов тышкы саясаттагы мындай олку-солкулук ишенимсиздикти жарата турганын белгиледи:

- Негизи ички саясат менен тышкы саясат дайыма байланышта болот. Ички саясаттагы башаламандык, куру сөзгө таянган чечимдердин ишке ашпай жатканы тышкы саясатта дагы байкалууда. Азыр тышкы саясатта бир чечим кабыл алууда атайын иштелип чыккан механизмдер жок. Бул жерде бир кишинин маанайына же кызыкчылыгына жараша эле кайсы бир эл аралык маселе боюнча чечим кабыл алынып жатканын мына ушундан көрсөк болот. Ошондуктан бирде андай, экинчисинде тигиндей чечим кабыл алынып жатат. Мындай көрүнүш биздин тышкы саясатыбыздын кадырын кетирип, ишенимсиздик жаратат.

“Тузакка” түшпөөнүн амалы

Ошол эле кезде башка бир дипломаттар Кыргызстан БУУнун мүчөсү, эл аралык укуктун субъектиси катары таанылганы менен, кайсы бир олуттуу маселелерде добуш берүү үчүн чоң державалардын маанайына жараша дипломатиялык “маневр” жасоого аргасыз экенин моюнга алышат.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Турсунбай Бакир уулу расмий Бишкектин добушу резолюцияга каршы басым көрсөтүү болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Өткөндө Кыргызстан Крым маселесинде Орусия тарапты ачык колдобой, бейтарап болуп туруп алган. Бул негизи биздин улуттук кызыкчылыктагы туура чечим. Бирок азыр эми биздикилер Сирия маселеси боюнча Орусиядан сөгүш угуп калбайлы деген этияттык менен анын тарабына өтүп, добуш бергени көрүнүп турат. Негизи кошуналар сыяктуу эле бейтарап позицияны карманып туруп алсак болмок. Бирок биздин жетекчилер Орусиянын кыжырына тийгенден чочулады окшойт. Кыргызстандын калкынын 90 пайызга чукулу мусулман болгон соң, исламий багыттагы мамлекеттердин позициясынан алыс кетпешибиз керек эле. Ошондуктан бул жаңылыш чечим болду.

Орусия былтыртан бери Сирияда Башар Асаддын режимин колдоп, аскерий операцияларды жүргүзүп келе жатат. Бомбалоодон жүздөгөн турак жай кыйрап, жайкын тургундар жок кылынганы айтылган. Жакында эле Сириядагы Асадга каршы уюмдашкан көтөрүлүшчүлөр жайгашкан Алеппо шаарындагы биргелешкен аскерий операциялардын натыйжасында куралсыз калк, анын ичинде балдар жана аялдар кыргынга учураганы тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери менен адам укугуна байкоо жүргүзүү обсерваториясы билдирген болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG