Ал арада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Ташкентке сапарына даярданып жатканы маалым болду.
Эки өлкө мамилесинде орчундуу маселе болгон чек араны тактоодогу мындай өнүгүүнү эксперттер оңунан баалашууда. Ошол эле учурда бул маселени чечүүдө этият мамиле кылууга чакыргандар да бар.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын такталган бөлүгү келишим менен бекитилерин коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов айтып чыкты. Министр Камилов өткөн аптада журналисттер менен жолугушууда жакын арада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев сапар менен Ташкентке барарын билдирген.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн чек арасынын такталган 1000 чакырымы атайын келишим менен бекитилерин өзбек башкы дипломаты белгилеген.
Өзбек милициясы Үңкүр-Тоодон чыгып кетти
Өзбек милициясы Үңкүр-Тоодон чыгып кетти
Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, 18-сентябрь күнү Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин толугу менен чыгарып кетти.
"Кыргызстан менен кызматташтыкта бир нече багыттар боюнча ийгиликке жетиштик. Тактап айтканда, биздин чек араны демаркация жана делимитациялоо сыяктуу татаал жана аяр маселе боюнча. Бүгүн дээрлик миң чакырымды жазып, эки тарап тааныган чек араны тарых үчүн түбөлүккө бекитүүгө келишим даярдап жатабыз", - деген Камиловдун билдирүүсүн орусиялык "Независимая газета" жазып чыкты.
Президент Атамбаевдин Ташкентке сапары даярдалып жатканын Тышкы иштер министрлигинен да ырасташты. Министрликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева буларды айтты:
- Тышкы иштер министрлиги тарабынан президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапары даярдалууда. Ал эми учурда чек араны тактоо боюнча жумушчу топ белгиленген график алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Кулукеева сапардын мөөнөтү такталып жатканын кошумчалады.
Кыргыз тарап сапардын болорун бышыктаганы менен, эки өлкө ортосундагы такталган аймактар боюнча келишимге кол коюлары тууралуу маалымат боюнча пикир айтуудан карманууда.
Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзсө, анын 320 чакырымы тактала элек. Башкача айтканда 58 талаштуу аймак бар. Буга чейин кыргыз бийликтери бул аймактарды келишим менен бекитүүнү сунуштаган.
Бирок мурдагы өзбек бийлиги буга көнбөй келгенин коопсуздук жана чек ара боюнча экс-вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев "Азаттыкка" билдирди. Ошондуктан Маматалиев такталган аймактарды келишимге түшүрүүнү оң баалайт:
- Бул аймактар өкмөттүк комиссиянын деңгээлинде бекитилген. Биз анын негизинде келишимге кол коелу деп сунуштаганыбызга бир топ жыл болуп калды. Бирок алар миң чакырым эмес, 700 чакырымына кол коелу деп кетенчиктеп келишкен. Ага биз макул болгон эмеспиз. Эгер 1000 чакырымга кол коюуга даяр болсо, анда жакшы көрүнүш.
Ошол эле учурда чек ара маселесин өтө аяр мамиле жасап, шашылыш кадамдарга барбай турууга чакыргандар да болууда.
Чек ара маселелери боюнча эксперт, Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов дал ушундай позицияны кармангандардын бири:
- Биринчиден, эки өлкө ортосундагы мамилелердин жылуулап жатканы бул жакшы көрүнүш. Бирок бул чек ара маселесин чечүүдө эске алуучу бир канча маанилүү жагдай бар. Алсак, чек ара деген бул өтө эмоционалдуу, суверенитет менен байланышкан нерсе. Ошондуктан мындай чечимге барардан мурун улуттук кызыкчылыктарды так билүү керек. Экинчиден, ошол жерде жашагандардын да пикирин эске алуу зарыл.
Негизи эле чек ара маселелери эки мамлекеттин мамилесин аныктоодо негизги көйгөй болуп келет. Бул маселеден улам эки кошуна ортосунда чыр-чатактар тез-тез катталып, адам өмүрүнө зыян келген учурлар да болгон. Мындай жагдай расмий Бишкек менен Ташкенттин жалпы алакасынын чыңалышын шарттаган.
Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов көз жумгандан кийин өзбек тарап мамилесин бир аз жумшартып, мурунку кол коюлган протокол-келишимдердеги талаштуу жерлерди кайра карап чыгууга макулдугун берген. Президент Алмазбек Атамбаев былтыр жыл аягында Өзбекстанга сапар менен барып келген соң чек ара маселеси боюнча эки тараптын бийлик өкүлдөрү бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.