Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:30

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча соңку бир жыл ичинде 14 жолу расмий жолугушуулар өттү. Жылыштар бар дешет, бирок азырынча маселе качан аягына чыгаары белгисиз.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму 20-29-июль аралыгында Бишкекте өттү.

Анын жыйынтыгы тууралуу сөз болгондо, расмий жетекчилер сүйлөшүүлөр канааттандырарлык жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелүүдө. Ошол эле учурда чек аралаш элдер кошуналар менен карым-катыш жүргүзө албай жатканын айтып, эки өлкө бийликтери маселени чечүүнү тездетсе деген тилек менен жашап жатышат.

Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Ак-Там айылынын 90 жаштагы тургуну Абдурахман Хасанбаев соңку жылдары "чек ара маселеси чечилди" деген жаңылыкты күтүп жашоодо. Анткени, үч-төрт чакырым аралыкта, Өзбекстандын аймагында туугандары отурукташкан кыштакка эркин каттай албай жүрөт. Атүгүл совет доорунда Өзбекстанга турмушка чыккан кыздары менен каалаган учурда кабарлаша албайт. Буга дал ошол эгемендиктен кийин башталган чек ара тактоо иштеринин акырына чыкпай келатканы себеп.

- Тээтиги көрүнүп турган айылда менин 70 пайызга жакын тууган-уругум күн кечирет. Беш баламдын үчөө ошол жакта отурукташып калган, экөө Кыргызстанда. Ортодогу аралык жарым саатка жетпеген жол. Бирок бири-бирибизди көрүү үчүн Баткен же Ош облусу аркылуу каттап, 16 саатта араң жетебиз. Чоңдор адамдарга ырайым кылышы керек го акыры, - дейт Абдурахман аксакал.

Чек арага тартылган зым тосмо
Чек арага тартылган зым тосмо

Постсоветтик өлкөлөр эгемендик алгандан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда башталган чек ара боюнча сүйлөшүүлөр бирде жанданып, бирде солгундап, бирок, такталып бүтпөй келатат. Акыркы ирет 2010-жылкы Кыргызстандагы ири саясий окуялардан кийин Өзбекстан чек арада тартипти күчөтүп, нары-бери каттоодо "телеграмма системасын" киргизген.

Ал эми эки өлкө президенттери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёевдин 2016-жылдын соңундагы жолугушуусу чек ара маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жанданышын шарттаган.

Бир жыл аралыгында тараптар 14 жолу кезигишти. Бирок, андан кандай тыянак чыгып жаткандыгы тууралуу эки тарап тең кеңири маалымат тараткан жери жок.

20-29-июлда Бишкекте өткөн жолугушууга өзбек делегациясын тышкы иштер министринин кеңешчиси Илхом Нематов баштап келди. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө "сүйлөшүүлөр салтка айланып калган достук маанайда" өттү деп айтылды. Кыргыз өкмөтү тараткан билдирүү деле жалпылоочу маалымат менен чектелди.

Мурдараак Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жасай турган жумуштар али да көп экенин "Азаттык" үналгысына билдирген:

- Сүйлөшүүлөр азыр системалуу түрдө жүрүп жатат. Бир Өзбекстанда, бир Кыргызстанда өтүүдө. Бирок жумуш алигиче көп.

Деген менен Кыргызстандын мурдагы коопсуздук, чек ара маселелери боюнча жооптуу вице-премьери Абдырахман Маматалиев "иш ойдогудай жүрбөй жатат" деген пикирде:

- Кайсыл жерде өкмөттүк комиссиялар чогулуп, канча чакырым жер бекитилгени, каерде кандай маселе талкууланганы жөнүндө эч кандай маалымат берилбей жатат. Эмнеге кармап жатышат, билбейм. Коңшу мамлекет болгондон кийин, эл аралык укуктук негиздер менен нары-бери каттоону жөнгө салып койсо болот.

Чек арадагы эскертме.
Чек арадагы эскертме.

Ал тапта эки боордош өлкөдө байырлап жаткан тууган-туушкандар бийликтерден карапайым кишилер үчүн чек ара аркылуу карым-катнашты жеңилдетүү маселесин тезирээк чечип берүүнү суранып келүүдө.

Өзбекстандын Анжиян облусундагы Маданият айылында жашаган 70 жаштагы Максым аксакал мындай абалды адам укуктарын одоно бузуу катары сыпаттады:

- Жолдорду ачып эле коюшса, туугандар бири-бирине тынч каттап жүрө берет. Ошону ишке ашыруу ушунчалык кыйын ишпи? Телефондо гана байланышып калдык. Эки өлкө башчылары сүйлөшүп, жолду ачып беришсе экен. Чек арада мыйзам бузгандарды камап сала берсин, бирок эреже бузбагандарга мындай мамиле жасалбашы керек. Бул адам укугун одоно бузуу болуп саналат. Бизди короого камалган кой сыңары чектеп салышты го...

СССР кулагандан бери Кыргызстан бийлиги Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча бир пикирге келе албай жатат. Мунун айынан чек аралаш өлкөлөрдүн карапайым калайыгынын ары-бери каттоосу солгундап калды. 1999-2000-жылдардагы өздөрүн исламчы санаган террорчулардын Баткен аркылуу Өзбекстанга кирүү далаалаты, 2005-жылдын май айындагы Анжыяндагы окуялар, 2010-жылдагы Кыргызстандагы ыңкылаптан кийинки окуялар өз кедергисин тийгизбей койгон жок.

Дээрлик ушундай эле чечиле элек жагдай кыргыз-тажик чек арасында да бар.

Расмий Бишкек дагы эки коңшусу - Кытай жана Казакстан мамлекеттери менен чек араларын эгемендик алгандан кийинки 16-17 жыл ичинде толук тактап бүткөн. Анда да Үзөңгү-Кууш, Каркыранын бөлүгү сыяктуу жең ичинен чечилген маселелер калкып чыгып, калайыктын нааразылыгын жараткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG