Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:29

Жалал-Абаддагы “Бегайым” коомдук-адабий фонду Өзбекстандын президентине ачык кат жолдоп, кыргыз-өзбек карым-катышын жакшыртуу маселесин көтөрдү.

Кайрылууда эки өлкө ортосундагы чек ара өткөрүү пункттарындагы катаал тартип тууган-уруктук мамилеге, билим берүү жаатындагы алакаларга кедергисин тийгизип жатканы, жергиликтүү этникалык калктын жаш мууну өзбек улуттук маданий баалуулуктардан ажырап баратканы айтылат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдонгон ачык кат 19-июлда “Бегайым” коомдук-адабий фондунун төрайымы Ранохан Мамытованын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Бул тууралуу Мамытова "Азаттыкка" комментарий берип, чек арадагы катаал тартип жөнөкөй жарандарга кедергисин тийгизип, тууганчылык байланыштарды солгундатып жатканын белгиледи.

Кайрылуу ээлери Өзбекстандан мурдагыдай балдар үчүн адабий китептер келбей калганына, өзбек жаштары улуттук адабият өкүлдөрүн тааныбай өсүп жатканына тынчсыздануу билдиришкен:

- Эмнеге муктаждык сезсеңиз, ошол маселени көп ойлоп калат экенсиз. Мен чыгармачыл балдар менен иштешем. Биздин негизги көйгөй - көркөм китептердин жетишсиздиги. Мектептерге барып, китепканаларга атайын баш багам. СССР доорундагы социализмди даңктаган китептер чаң басып жатат. Жеткинчектерди кызыктырган өзбек тилиндеги жомоктор жана башка адабияттар жок. Китепканачыларга суроо узатсам, "Кана эми ошондой китептер болсо. Балдар окусун деп текчелерге тизип койбойт белек" деп айтышат, - деди Ранохан Мамытова.

Ранохан Мамытова.
Ранохан Мамытова.

Кайрылууда чет мамлекеттердеги этникалык өзбектерди унутта калтырбоо өтүнүчү келтирилип, бул жаатта кыргыз бийлигинин этникалык кыргыздарга соңку жылдардагы камкордугу жакшы үлгү деп айтылат. Маселен, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында өзбекстандык кыргыздар үчүн 100 орун бөлүнгөнү белгиленип, Өзбекстандагы университеттерден деле кыргызстандык өзбектердин окуусуна шарт түзүү сунушталган.

Ранохан Мамытова бул кайрылуу Ташкентке жетип, алардын максаты ишке ашарынан үмүттөнүп турганын "Азаттыкка" минтип билдирди:

- Аябай ишенбесек да, быйыл болбосо кийинки жылы ишке ашабы деген ойдомун. Чек ара толук ачылбаса деле, жеңилдиктерди көбөйтүшсө экен. Мурдагыдай Жалал-Абад-Ташкент багытында поезд каттаса деген тилегибиз бар.

Мамытова жетектеген “Бегайым” коомдук-адабий фонду 2007-жылы түзүлгөн. Мүчөлөрдүн саны эки жүздүн тегерегинде.

Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүп жаткандар.
Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүп жаткандар.

Фонддун расмий Ташкентке жолдонгон бул каты коомчулукта түрдүүчө талдоого алынып жатат. Алардын арасында туура көрбөгөндөрү да бар. Тажикстандагы этникалык кыргыздар тууралуу макалаларды жазып жүргөн публицист Жолдош Турдубаев бул муктаждыктан чыккан кайрылуу деп эсептеди:

- Аргасыз болгондо жазып жатышат да. Муну жаман ойдо кабыл албаш керек. Экинчи маселе, ушуга шылтоолоп чагымчыл аракеттерди, көбүртүп-жабырткан сөздөрү көбөйтпөсө эле болду. Маселени орду менен коюп, убагында чечүү керек.

Турдубаев ушундай эле көйгөй өзбекстандык кыргыздарда да бар экенин айтып, "буга өкмөттөр маани бериши зарыл" деп деп эсептейт.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы бир нече жылга созулган салкын мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келген 2016-жылдын күзүнөн тарта жандана баштаганы белгилүү. Маданий алакалар артып, чек араны тактоо жаатында аракеттер да жанданды. Бирок чек ара пункттары качан толук ачылары азырынча белгисиз.

Өзбекстан 2010-жылы Кыргызстан менен чек ара өткөрүү пункттарында тартипти катаалдаштырып, 2013-жылдан тарта тууган-уруктарга бири-бирине телеграмма аркылуу каттоого мүмкүндүк берген.

Мындай мамиле соңку жылдары эки элдин бири-бирине кыз узатып, келин алуу салттарынын сээлдешин, кайтыш болгон ата-энесине, жакын тууганына топурак сала албай калгандардын көбөйүшүн шарттады.

Кошуна элдер азыркы тапта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден гана ири өткөрүү пункттары аркылуу ары-бери каттай алышат.

Эки өлкө чек арасындагы белгилер. Баткен облусу.
Эки өлкө чек арасындагы белгилер. Баткен облусу.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин белгилеп, бирок жогоруда айтылган көйгөйлөр, анын ичинде телеграмма системасы качан жоюлары белгисиз экенин айтты. Анткени, бул тартип Өзбекстан тараптан киргизилген.

- Сүйлөшүүнүн башталганынын өзү биз үчүн ийгилик. Жолугушуулар системалуу түрдө, ай сайын бир Кыргызстанда, бир Өзбекстанда өтүп жатат. Бирок жасала турган жумуш көп. Качан аягына чыгарын айта албайбыз.

Кыргызстанда өзбек тектүүлөр өлкө калкынын 14 пайызын түзөт. Негизинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында отурукташкан.

Учурда Кыргызстанда өзбек тилинде окуткан 43, өзбек тилин аралаш окуткан 100дөн ашуун мектеп бар. Ош жана Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринде "Өзбек тили жана адабияты" кафедралары иштейт. Аталган эки облуста өзбек тилинде расмий гезиттер чыгат. Андан тышкары, "Ынтымак" телерадиоканалында өзбек тилдүү берүүлөр эфирге берилет. Ошто Бабур атындагы өзбек драма театры ишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG