Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:19

Кыргыз-өзбек тилдеринде бирдей эркин жазган белгилүү жазуучу, котормочу, мугалим Турсунбай Адашбаев 78 жашында Ташкентте дүйнө салды.

Ал "Манас" дастанынын кара сөз баяны, Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романы баштаган чыгармаларды өзбек тилине которуп, жайылтып, ал аркылуу эки элдин боордоштугуна зор салым кошуп келген.

Адабиятчы Абдыкерим Муратов Турсунбай Адашбаевдин балдар үчүн жазган ырларынын бирин жатка окуп берип, сөзүн андан ары улады:

- "Түймө" деген ырында мындай саптар бар:

Эштай бала коңшуга,

Элек сурап барыптыр.

Кемселинин түймөсү,

Жолго түшүп калыптыр.

Кумурскалар түймөнү,

Тегеректеп көрүшүп,

Тегирмендин ташы экен,

Кетебиз дейт көтөрүп...

Кыргызстандын Ала-Бука районунда төрөлүп, көп жылдар бою Ошто иштеген, 1987-жылдан кийин Ташкентке кетип, Орто Азияга белгилүү балдар акыны, жазуучу жана котормочу катары таанылган Адашбаев өмүрүнүн акырына чейин өзбек окурмандарына кыргыз адабиятын жайылтууга жигердүү салым кошкон.

Абдыкерим Муратовдун айтымында, буга өзбек тектүү жазуучунун бала кезинен элдик оозеки чыгармаларды окуп, өзүнө сиңирип чоңойгону зор өбөлгө болгон:

- Айылдын раиси Шайитов Абдылда деген аксакал Адашбаевди достору менен мектепке чакырып алып, топтолгон калкка элдик оозеки чыгармалардан окутуп турган экен. Ошондо кат тааныган балдар "Көр уулу", "Алпамыш", "Раушан", "Манас" сыяктуу бир топ чыгармаларды өзбек жана кыргыз тилинде окуп берип, аларды өзүнө да сиңире баштаган. Анан 1958-жылы Турсунбай Адашбаевдин өмүр жолунда дагы бир урунттуу учур болгон экен. Ошол кезде өзбектин белгилүү эл акыны Миртемир Турсунов Кыргызстанга келип "Манас" эпосун которууга киришет. Ал киши кыргыз тилинен, кыргыз салтынан кыйналгандыктан өзүнө Турсунбай Адашбаевди жардамчы кылып кошуп алат. Ошондо эки жазуучу Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, кыргыздын салтын, Манастын тилин үйрөнүшөт.

Абдыкерим Муратов.
Абдыкерим Муратов.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Өзбекстандын "Достук", Кыргызстандын "Манас" ордендеринин ээси Турсунбай Адашбаев адабияттын астанасын өткөн кылымдын 60-жылдары аттаган. 1963-жылы Ташкен мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Акын катары туңгуч ыр жыйнагы 1964-жылы "Камалдын алмасы" деген ат менен жарык көрүп, 1972-жылы "Ала-Тоолук боломун" деген китеби кыргыз тилинде басылып чыккан.

Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун белгилешинче, Адашбаев которбогон кыргыз акыны жокко эсе. Ал өзүнүн чыгармачылык жолунда Ташкенттеги совет доорунан бери чыгып келаткан “Дүйнө адабияты” журналына ондогон жылдар бою кыргыздын дөө-шаа жазуучуларынан баштап, азыркы муун өкүлдөрүнүн чыгармаларына чейин которуп, үзгүлтүксүз бастырып турган:

- Ачыгын айтканда Адашбаев эки мамлекеттин, эки улуттун ортосунда турган адабий көпүрө болчу. Өткөн кылымдын 98-99-жылдары ал менин да эки китебимди өзбек тилине которгон. Менден башка да кыргыз жазуучуларынын далай чыгармаларын которгон. Ал совет адабиятынан баштап ушул күнгө чейинки эки элдин адабий көпүрөсү эле. Эми мындан кийин Турсунбай Адашбаевдей кишилер чыгабы же чыкпайбы, белгисиз...

Алымбеков Турсунбай Адашбаев жеке эле котормочу болбостон мыкты акын, жазуучу, коомдук ишмер, таланттуу педагог, эң башкысы жүрөгү кең, ак ниет атуул болгонун баса белгиледи. Калемдештер буга чейин бири Бишкекке, бири Ташкентке конокко барып, үй-бүлөлүк катышта да жүргөн экен.

Ал совет адабиятынан баштап ушул күнгө чейинки эки элдин адабий көпүрөсү эле. Эми мындан кийин Турсунбай Адашбаевдей кишилер чыгабы же чыкпайбы, белгисиз...
Надырбек Алымбеков.

Абдыкерим Муратов эки элге бирдей кызмат кылган жазуучунун кыргыз-өзбек адабиятына кошкон салымын мындайча баалады:

- Ал балдарды психологиясын билген, наристелердин дүйнөсүн ачып берген балдар ырлары менен кыргыз адабиятында да, өзбек адабиятында да өзүнүн ордун тапкан акын. Кийинки мезгилде Ташкентте жашап, ал жерде балдар журналынын башкы редактору болуп турган мезгилде да кыргыз адабиятын өзбек окурмандарына жайылтуу боюнча жигердүү иштеди. Касымбековдун "Сынган кылыч" романын, Сооронбай Жусуевдин, Жолон Мамытовдун, Сулайман Рысбаевдин бир топ чыгармаларын өзбек тилине которду. Демек биз Турсунбай Адашбаевди жоготуу менен кыргыз-өзбек адабиятынын көпүрөсү болгон бир мыкты акынды, бир мыкты адамды жоготтук.

СССР Жазуучулар биримдигине 1966-жылы мүчө болгон Турсунбай Адашбаев 1939-жылы 1-январда Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Гүлистан айылында туулган. Замандаштарынын айтымында, 1987-жылдан бери Өзбекстандын башкалаасында жашап келген акындын сөөгү Ташкентке коюлду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG