Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:45

Өзбекстан өкмөтү Оштогу Бабур атындагы өзбек драмалык театрына эки миллион сом (30 миң доллар) өлчөмүндөгү жардам жиберди.

Буга чейин өзбек бийликтери Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык драма театрына 50 миң долларлык көмөк көрсөтөөрүн убада кылган. Ушул күндөрү Өзбекстандан бул театрга жаңы спектакль үчүн жалпы суммасы эки миллион сомдук декорация жана кийим-кече жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна театрдын башкы режиссеру Набиджан Мамажанов кабарлады:

- 30-апрелде Өзбекстандан жөнөтүлгөн кийим-кече, сахна жасалгалары жүктөлгөн чоң автоунааны "Достук" чек ара бекетинен тосуп алдык. Жүктү Өзбектеатр чыгармачыл тобунун өкүлдөрү жеткирип келишкен. Көйнөктөр Ташкент улуттук театрынын уздарынын эскизинин негизинде тигилген экен. Ал эми таланттуу сүрөткер Акмолжан сахна жасалгасын мыкты даярдаптыр. Азыр биз аларды өз сахнабызга орнотуп жатабыз.

Мамажановдун айтымында, өткөн жылдын аягында расмий Ташкент Пиримкул Кадыровдун "Жылдыздуу түн" романынын негизинде акын жана философ Бабур тууралуу тарыхый спектакль даярдоону сунуштаган экен. Ал эми чыгармага колдонула турган кийим-кечени өзбек тарап даярдап бермей болгон.

Оштогу Бабур театры.
Оштогу Бабур театры.

Башкы режиссер мындай белекке театр жамааты сүйүнүп турганын айтып, жөнөтүлгөн кийим-кечени башка спектаклдерге дагы колдонсо болоорун белгиледи:

- Бул кийимдерди биз эми дагы 30-40 жыл колдонобуз. Бул жардам өзбек акчасы менен 220 миллион сумду түзсө, кыргыз сому менен 2 миллион болду.

Ушул жылдын 15-январында Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү, маданий ишмерлер Ош шаарына достук сапары менен келишкен. Делегацияны жетектеп жүргөн Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Икрамов аталган театрга баш багып, чыгармачыл жамааттын иши менен таанышкан. Анда Икрамов Кыргызстандагы өзбек театрына материалдык колдоо көрсөтөөрүн убада кылып кеткен.

- Өзбек өкмөтү бизге акчалай жардам бербейт. Алар ушул суммага костюм ар кандай сахна жасалгаларын жөнөтүшөт. Бул каражат театрдын чыгармачыл дараметин өстүрүүгө жумшалат. Акча ремонт же техника сатып алуу, театрды оңдоо сыяктуу иштерге чыгымдалбайт, - деди Набиджан Мамажанов.

"Бабурдун жан дүйнөсүндөгү тынчыздануу" спектакли көрүүчүлөргө жакында сунушталат. Чыгарма жалпы элге көрсөтүлөөр алдында Кыргызстандын Маданият министрлиги жана өзбекстандык искусство адистеринен турган атайын комиссиянын сынынан өтөт.

Бабур театры.
Бабур театры.

Ошондой эле июнь айларында Ош шаарына Анжиян облустук музыкалык драма театрынын жааматынын келээри күтүлүп жатат. Ал эми сентябрда Бабур театры "Бабурдун жан дүйнөсүндөгү тынчыздануу" спектакли менен Анжиянга барат.

Борбор Азиядагы маданий жайлардын бири эсептелген Оштогу Бабур атындагы өзбек драмалык театры 1918-жылы ачылган. Ага 2004-жылы президенттин жарлыгы менен академиялык деген статус берилген. Учурда театрда 160 адам иштейт, анын 70и чыгармачыл курам. Арасында эки эл артисти, 11 эмгек сиңирген артист бар.

Аталган театрдын көрүүчүлөр залы 2010-жылдагы июнь калабасында өрттөлгөн. Чоң материалдык зыянга кептелген имарат донор уюмдардын колдоосу менен кайрадан оңдолуп, калыбына келтирилген.

Бабур атындагы өзбек академиялык драма театрында былтыр июнь айында коюлган "Эне жүрөгү" спектакли.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG