Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:32

Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир да жолу кыргыз композиторлорунун опералык чыгармалары театрда коюла элек.

Айлыгынын аздыгынан музыканттардын көпчүлүгү эки-үч жерде иштегенге мажбур. Музыкалык билими жок бул жаатта иштегиси келгендер арбын. Мунун баары музыкалык чыгарманын сапатына залакасын тийгизүүдө. Кыргыз профессионалдык музыка өнөрүнүн учурдагы абалы тууралуу Кыргызстан композиторлор биримдигинин төрагасы Турдубек Чокиев маек курду.

"Азаттык": Ушу тапта Композиторлор биримдигинин канча мүчөсү бар?

Турдубек Чокиев: Тарыхый жагынан убагында идеологиялык милдетти аткарып келген жазуучулар, сүрөтчүлөр союздары бар. Алардын арасында саны жагынан эң азы бизбиз. Көзү өткөндөрдү кошкондо 96, азыр көзү тирүү басып жүргөндөрү - 56. Ал эми көзү өтүп кеткендерди өзүбүзгө кошуп айтып жүргөнүбүздүн бир чети бул тарых.

Экинчиден, алардын чыгармалары биздин радионун "Алтын фондунда" же телекөрсөтүүлөрдө, ошол эле Молдобасанов же Абдраев болобу - алардын чыгармалары такай аткарылып келатат. Демек алардын чыгармалары жашап аткандан кийин биздин чыгармачыл союздун жашап жаткан мүчөсү катары эсепте.

Кеп санда эмес болуш керек. Мына, союз таркагандан кийин айрым чыгармачылык союздар эки-үчкө бөлүнүп, анан ар ким өзүнүн катарын толуктап, санын көбөйтүш үчүн чала моңол жазуучулар деле, бизде деле...

"Азаттык": "Кой аксагы менен миң" дегендей...

Турдубек Чокиев: Ошондой, бирок ал деле керек экен. "Аксагы" менен миң болуп жатпайбы. Ошончо токсондон ашкан композитордун ичинен тогузу мыкты иштеп берсе Кыргызстан үчүн тогузу эле жетиштүү. Кеп санында эмес.

"Өз корообуздан ары чыкпай калдык"

"Азаттык": Биздин кошуна өлкөлөрдө, мисалы, Түркмөнстанда Опера жана балет театрын жоюп, социализм кезинде европалык музыка маданиятына көндүрүү, ошого жол салуу аракети болду эле. Мына ошол аракет эгемендик алынгандан кийин токтолуп эле калды. Муну залакасы тийип жатабы?

Турдубек Чокиев: Сөзсүз түрдө тийип жатат. Биз Лениндин "Бир кадам алга, эки кадам артка" дегениндей жасап койдук. Ошол эле Түркмөнстан жоёрун жоюп алып, ал жердеги мыкты ырчылар чет өлкөлөргө кетип калып, ошону кайра ордуна келтире албай жүрүшөт деп угам. Канчалык чын экенин билейм, бирок ошондой сөздөр бар.

Бүгүнкү жашоодо ааламдашуу деген бар, дүйнөдөн четте калып, өзүбүздүн эле улуттук музыкабыз, фольклорго басым жасап отура бергенибиз туура эмес. Аралашуу керек. Биз Моцартты, Бетховенди, Чайковскийди билбесек анда ким болобуз? Айтматов дүйнөлүк адабиятты өздөштүргөн, окуган, ошого аналитикалык ой жүгүртө билгени үчүн Айтматов. Биз азыр өзүбүздүн корообуздан сыртка чыкпаган мамилеге жетип калдык.

Ошол фольклорду деле дүйнөлүк музыкадагы жетишкендиктер менен айкалыштыра, жуурулуштура алып чыгуу керек. Мисалы, Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балет-ораториясы улуттук, ошонун ичинде камтылган обондор, кайрыктардын баары Молдобасанов өзү манасчынын баласы катары улуттук фольклорду денине сиңирип алган. Ошону дүйнөлүк оркестр үчүн иштеп чыгып, балет-оратория жазып, аны эл аралык деңгээлге чыгарган. Биз ошондой салтты четке кагып, бир жактуу болуп алгандай сезилет.

Дагы бир жагы бар. Бүгүнкү күндө билимсиздер аябай көп. Музыкалык билим албай эле ырчы болуп кетсе болот экен, той ырчысы болуп, андан да бийиктерге жетсе болот экен деген түшүнүктөр элге сиңип калды. Ошон үчүн азыр консерваторияны окубай, искусство институтуна кирбей эле ырчы болуп кетем деген аракеттер аябай күчтүү.

Ортозаардык, билимсиздик жалаң эле музыкада эмес, маданияттын бардык жаатында бар деп эсептейм. Ошол эле мактап жаткан кинолорду деле көрүп атам. Саны бар сапаты жок. Мисалы, "Курманжан датка" киносун сапат жагына келгенде "ура" деп кабыл алдык. Калгандарынын көпчүлүгү күнүмдүк эле элди алаксытуу, акча табуу, чөнтөгүн толтуруу максатында эле жасалып жаткан иштердей сезилет.

Музыкада деле ушундай, тойдун музыкасы, акча үчүн уюштурулган концерттер жасалып жатат. Керек болсо аттуу-баштуу обончуларыбыз деле жаштар үчүн изденүү, жакшы кайрыктар таап, терең, узак жашап кала турган обондорду жаратпастан, күнүмдүк обондорду жаратканга өтүп алышты. Мен мунун баары убактылуу нерсе болсо керек деп ойлойм. Негизи тарых, аалам, дүйнө кандайдыр бир бийиктиктерге жетип, анан кайра түшүп калса мунун баары убактылуу деп ойлойм.

Былтыркы жылдагыдай маданият деп жарыялап, быйылкыдай адепти кошуп ошону эле улантуу - мунун баары жөндөн эмес. Ошондон улам үмүт байлап калам. Кичине бурулуштар болот го деп калам.

"Азаттык": Сиз маектериңиздин биринде 20 жылдан бери Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында кыргыз композиторлорунун бир да ири чыгармасы коюлбаганын айткан элеңиз. Негизи жазылып, бирок каражаттын жоктугунан, башка мүмкүнчүлүктөр болбой калганынан улам коюлбай турган чыгармалар барбы?

Турдубек Чокиев: Мунун эки жагы бар. Биринчиси - театр кыргыз репертуарын коё электигине 25 жыл болду. Мурдагы репертуарынын деле бир-экөө калып, көбү жок болуп кетти. Мен театр жетекчилери менен жолугушууларда ушул маселени көтөрүп келатам. Себеби кыргыз опералары жазылып жатат. Мисалы, Сатылган Осмоновдун бир эмес, эки операсы турат. Биринчиси Баласагын тууралуу, экинчиси Үркүн боюнча жазган. Экөө тең коюлган жок. Эми ар кандай шылтоолор болду. Ал шылтоолордун баары суу кечпейт.

Театр жетекчисинин "кана, силер шедевр жазган жоксуңар" деген сөзү бар. Шедевр экенин коюла электе кайдан билет? Музыкасын жазып койгон бир нерсе. Анан аны режиссёр иштеп, дирижёр иштеп, анан аны коюп, сахнасын көркөмдөп, толук кандуу болуш үчүн, музыкасы ачылып, шедеврлиги ошондон кийин билинет. Аны биз коюп көрбөгөндөн кийин айта албайбыз. Албетте, музыкасын угуп көрсө болот, бирок музыканы толук сахнага алып чыкмайын чыгарма бааланбайт. Ошон үчүн башында каражат жетишсиздигинен ушуну айтып келишти. Анан азыр каражатты да айтпай калышты.

Мен театрдын көркөм кеңешинин мүчөсүмүн, Композиторлор союзунун жетекчиси катары бул маселени дагы козгодум. "Кана, жазгыла" деп атышпайбы. Мен "жазылганды койбойт экенсиңер. Мен жазбайт экем. Жазганым бар, бирок анын себеби башка. Бегалиев жазбайт экен. Дагы башкасы жазбайт экен. Жазылгандарды койбойт экенсиңер. Шедеврлер жок. Бирок мурдагы жазылган операларды жаңыртып алып чыкпайсыңарбы. Эмне үчүн "Князь Игорду" алып чыгып коюп атасыңар?" дедим.

Бул жерде бир нерсе бар. Үркүндүн 100 жылдыгында Малдыбаев, Власов, Ференин "Ажал ордуна" музыкалуу драмасын кайра коюу жөнүндө көркөм кеңештин атайын чечими болгон. Ошону койгондун ордуна булар ар кандай шылтоону айтып "Князь Игорду" коюп атат. "Князь Игорь" шедевр. Бирок "Ажал ордунаны" быйыл койсо болмок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG