Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:53

Сузактык блогер Шермухаммад Абдугафуров кыргызстандык өзбек жаштардын коомго интеграция болуу жаатындагы көйгөйлөрү жөнүндө ой бөлүштү.

Айрым укук коргоочулар 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин кыргызстандык өзбек жаштардын коомго аралашуусу начарлап, билим алууга, өнүгүүгө умтулуусу көңүл жылытпай келатканын айтышат. Мындай маселени өзбек тилдүү жарандык активисттер да кез-кезде көтөрүп калышат.

"Азаттык": Шермухаммад, Кыргызстандагы өзбек жаштарынын билим алууга умтулуусу, коомго аралашуудагы аракеттери көңүл жылытарлык эмес деген пикирлер өзбек блогосферасында тез-тез айтылып калат. Бул маселе канчалык олуттуу? Дегеле кыргызстандык өзбек жаштарына учурда кандай баа берсек болот?

Өзбек тилдүү мектептерди реформалоо маселесин да жакшылап ойлонуп көрүү керек. Балким, өзбек тилин жана адабиятын тереңдетип окуткан орус же кыргыз тилдүү мектептерге айландыруу максатка ылайыктуу болоор.

Абдугафуров: Кыргызстандагы башка жерлерди билбейм, бирок мен жашаган Сузак өрөөнүндөгү өзбек жаштары билим алууга суусап турат деп айта албайм. Эптеп 9-классты аяктап, күбөлүк алып, Орусияга жөнөп кеткендери толтура. Мисалы, мектепте 9-класска чейин 2-3-класс окуган болсо, 10-класста бир бөлмөгө баткыдай окуучу калат. Анын себеби да көп.

Биринчиден, "окуганым менен каерде иштейм?" деген суроого жооп таба алышпайт. Анткени беш жыл жогорку окуу жайда окуп, бирок жумуш таба албай Орусияга кеткендерди көрүп жатышат да. Же болбосо, диплом алып мектепте, банкта же башка жерде он миң сом айлыкка иштеп жүргөндөр, эптеп 9-классты бүтүрүп, Орусияга кетип, ал жактан айына 40-50 миң рубль жөнөткөнүн, машине алып, үй куруп жатканын көргөндөн соң, "окуп, мен ким болдум да, фамилиясын туура жаза албаган баланча ким болду?" деген суроону өзүнө бериши турган кеп.

Экинчиден, өзбек тилдүү мектептерде билим берүү сапатын жогору деп айтууга болбойт. Күчтүү мугалимдер пенсияга чыгып жатат. Жаштар арасында алардын ордун баса турган адистер жокко эсе. Жөнөкөй эле Word менен иштегенди билбеген информатика мугалимдерин көрүп жүрөбүз. Негизи эле, азыр мугалимдик кесип "мода" эмес.

Үчүнчүдөн, тил маселеси. Өзбекче мектепти аяктагандардын көбү кыргыз жана орус тилдерин жакшы билбейт. Жалпы республикалык тестирлөө болсо кыргыз жана орус тилдеринде гана өтөт. Ошондуктан, жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандар 9-класстан соң негизинен орус мектептерге өтүп кетип жатышат. Өзбек тилдүү мектептерди реформалоо маселесин да жакшылап ойлонуп көрүү керек. Балким, өзбек тилин жана адабиятын тереңдетип окуткан орус же кыргыз тилдүү мектептерге айландыруу максатка ылайыктуу болоор.

"Азаттык": Диний-экстремисттик уюмдарга кошулган кыргызстандыктардын көбүн өзбек тектүү жаштар түзөт деген расмий эмес маалыматтар да бар. Мунун себептерин эмнеден көрөсүз?

Кыздарды окутпай коюу, кээ бир үй-бүлөлөрдө такыр көчөгө чыгарбоо, жаш кезинде турмушка узатуу, араб жана пакистандыктарга окшошуп кийинүү да көбөйдү.

Абдугафуров: Бул суроого жооп биринчи суроодон келип чыгат. Окубаган баланы ар кандай жолдорго азгыруу оңой. Экстремизм жана терроризмге шектелип жаткандардын, айыпталгандардын көбү Орусияда жүргөн мигранттар экени буга далил. Андан тышкары, диний билим берүү жаатында да көйгөй бар. Арабча нерсе көрсө эле Ислам экен ойлогондор табылат. Жаштар Саудия, Пакистан же Түркиядан келген адамды жакшы билип-билбей эле ээрчий бербей, өзүбүздүн диний аалымдарды ээрчисе жакшы болмок. Диний ишмерлер да жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү абзел. Азыр акырындап бул жаатта иштер жүрүп жатат. Андан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аракети менен да экстремисттик идеяларды жайылтуу максатында жүргөн кишилер кармалууда.

Балким менин пикиримди көпчүлүк колдобойт, бирок жеке пикиримде динчилдик даражасы чегинен ашып кеткендей. Кыздарды окутпай коюу, кээ бир үй-бүлөлөрдө такыр көчөгө чыгарбоо, жаш кезинде турмушка узатуу, араб жана пакистандыктарга окшошуп кийинүү да көбөйдү. Чынбы же жалганбы, билбейм, айрымдар жоолук салынбаган аялдарга, мечитке барбаган эркектерге кадимкидей басым көрсөтөт экен. Кыргызстан - светтик мамлекет. Андыктан светтик өлкөнүн эрежелерин сактоо - максатка ылайыктуу. Албетте мындай сөздөрдү айткан адамды дароо "дин душманы" атап, каапыр деп сыпаттагандар чыгат.

"Азаттык": Өзбек жаштарынын коомго интеграция болуу жаатындагы көйгөйүнө укук коргоочулар 2010-жылдагы калабаны да мисал келтиришет. Буга сиздин пикириңиз кандай?

Абдугафуров: Жашыруун эмес, 2010-жылдагы окуялардан кийин өзбек тектүү жаштарда келчекке ишенбестик күч алган эле. Өзүмдү ага мисал кылып айтышым мүмкүн. "Бул жерге керегим жок экен, башка жакка кетишим керек окшойт" деп жүргөм. Бирок Кыргызстандын түрдүү аймактарындагы досторум, көп улуттуу эмгек жамаатым бул ойлорду жокко чыгарууга жардам беришти.

Ал кездери айрым жаштарда ой өзгөрүп, чет өлкөгө кетүү пикири туулуп, кээ бирлери Орусиядан жарандык да алышты. Ата-энелер өздөрү да ушуну каалашты. Бирок азыр жагдай башка, мен тааныган бир топ жигит-кыздар окуу жайларда окуп, жумушка орношуп жатышат. Мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын жаштар канаты да кыргызстандык өзбек жаштарды коомго интеграция кылуу жумуштарын күчөтсө, өлкө үчүн пайдасы тиет.

Маекти бул жерден угуңуз:

"Азаттык": Эми өзүңүз жөнүндө кеп кылалы. Өзбектер арасында белгилүү блогер экениңизди билем. Өзбек тилдүү блогерлердин сынагында алдыңкы орунду да ээлегенсиз. Азыр ишмердигиңиз кандай жүрүп жатат?

Мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын жаштар канаты да кыргызстандык өзбек жаштарды коомго интеграция кылуу жумуштарын күчөтсө, өлкө үчүн пайдасы тиет.

Абдугафуров: Белгилүү блогермин десем, мактангандай болуп калбайын. 2012-жылдан бери өзбек тилинде блог жазуу менен алектенем. Негизинен Өзбекстан тууралуу, ал жактагы көйгөйлөр, эл аралык окуялардын Өзбекстанга таасири жөнүндө жазар элем. Балким буга Кыргызстан менен Өзбекстандагы сөз эркиндигинин ортосундагы айырмачылык себеп болгондур. Анткени Өзбекстан жөнүндө Өзбекстандын ичинде туруп жазуу дайыма эле коопсуз эмес. Ошондуктан өзбек блогосфера базарында бош орун көп болчу. 2014-жылы өзбек тилдүү блогерлер арасында сынак болуп, 3-орунду ээлегем. 2015-жылы да ушундай сынак уюштурулган, бирок эрежеси өзгөрүп, өзбекстандыктар гана катышкан.

Азыр блог менен азыраак алектенип жатам. Убакыт жетишпейт. Анын үстүнө 2016-жылдын күз айларында менин блогум Өзбекстанда ачылбай калды. Алгач техникалык мүчүлүштүк деп ойлодум. Жаңы домен, жаңы хостинг алып, блогду көчүрдүм. Бирок ал да көп өтпөй эле Өзбекстанда ачылбай калды. Ошондо мени тосмолоп жатканын билдим. Анын себеби мага анык эмес. Журналистикасы начар, журналисттери тар "рамкадан" чыкпай иштеген Ислам Каримовдун заманында эмес, бир аз жанданып, көйгөйлөр ачык айтыла баштаган учурда, "Хьюман Райтс Уотч", BBC сыяктуу уюмдар Өзбекстанга кайтат деп күтүлүп жаткан жаңы доордо блогума чек коюу мага күтүүсүз болду. Күнүгө 150-200 киши кирген блогум Өзбекстанга кандай коопсуздук туудурат экен, аны билбейм. Муну мен "кичинекей эмгегиме берилген жогору баа" деп кабыл алдым. Балким, "Азаттык" менен маектен кийин блогумду ачып коюшар.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG