Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:38

Журналист Шохрух Саипов Ошто жашайт. Ал 2007-жылы буйрутма менен атып өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун иниси. Шохрух борбордогулар байкабаган аймактагы көйгөй, өзбек-кыргыз жаштарынын интеграциясы тууралуу кеп курду.

"Азаттык": Ошто азыр ак төөнүн карды жарылып, мөмө-чөмөсү төгүлүп жатса керек?

Шохрух Саипов: Азыр Ош дыйкандар үчүн эң сонун учур. Мөмө-жемиштин баары бышып, адамдар иш менен гана алек.

"Азаттык": Дыйкандардын соодасы демдүүбү? Өткөн жылдары эл Евразия экономикалык биримдигине азыгын сата албай калышпады беле. Ошондон көңүлдөрү кайт болуп, быйыл токтотуп коюшпадыбы?

Шохрух Саипов: Эл өзү үчүн эгип, сатып алып жатышат. Чынын айтканда тышка сатуу үчүн адамдарда үмүт деле калган жок. Себеби, ал уюмга мамлекет эки жыл мурда киргенде дыйкандар "сатабыз, акча болот" деп аябай ишенген. Пландан тышкары көп эгишкен эле. Бирок талаптарга жооп бербейт деген шылтоодон кийин сата албай отуруп калышты.

"Азаттык": Ошол дыйкандар арасында жаштар көппү же баары эле Орусияга агылып кеттиби? Деги эле дыйкан жаштар калдыбы?

Шохрух Саипов: Орусиядагы кризистен улам кайра келгендер көп эле. Ошол жакта тапкан беш-он сом акчасын бул жакта иштетип, күнөскана же кандайдыр тез пайда көрө турган дыйканчылык түрү менен алектенип жаткандар бар. Тактап айтканда, жаштар дыйканчылыктын жаңы багытын ойлоп таап жатышат.

Кыргызстан баарыбыздын мекенибиз

"Азаттык": Акыркы убактарда Орусияда терроризм-экстремизмге шектелген кыргызстандыктар көбөйүүдө. Ушундай кабарлардын чыгып жатканы абдан өкүнүчтүү. Биринчиден, кыргызстандык, экинчиден, өзбек улутундагы адам деп жатышканы. Бирок маселенин андан мурдараак жагын, себептерин караш керек да. Эмне үчүн ушундай жолго түшүп калышты деген.

Шохрух Саипов: Жашыруун деле эмес, 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин бизде укук коргоо органдары көбүрөөк өзбек жаштарын кармаган. Мен өзбекмин, Кыргызстандын жараны-патриотумун, улутка эч качан басым жасабайм. Бирок ал факт бойдон калат да. Мисалы, менин бир досумду да 2012-жылы "ошол окуяларда өлгөн адамдарды ташыгансың" деп бекер жерден кармап кетишкен. Ал эки саат ичинде 70 миң сом акча берип чыккан. Бул сыяктуулар көп эле. Анан андай адамдарда кандай ой пайда болот? Ичинде мамлекетке, укук коргоо органдарына агрессия жаралат да.

"Азаттык": Таарынычпы?

Куранды бир ачып окубаган жаштар аябай көп. Анан жанагы экстремисттик уюмдар буларга ар түрдүү хадистерди, же андагы тексттен кыркылган керектүү жерлерин жөнөтүшөт. Анан ошентип фанатка айланып, акырындап кошула башташат.

Шохрух Саипов: Ооба. Бул жерде жашап атам, салык төлөп атам, баарын кылып атам, анан эле мамлекет мени кысымга алып атат депчи. Алар ортодо калышат. Башка мамлекетке кетсе ал жакта туруктуу жашаган жери жок. Эч кимге сыр эмес, Өзбекстан бизди кабыл албайт. Себеби, биз Кыргызстанда төрөлгөнбүз, көз караштарыбыз да демократиялуу. Анан чынын айтканда биздеги өзбектер дагы көбү Өзбекстанга кетели дебейт. Орусияга кетип аткандар мурдатан иштеп келгендер. Калгандар эмне кылат? Анан орто жолдо ойлонот да. Экстремисттик, террористтик уюмдар аларга көйгөйдү чеччү үчүн жол окшоп көрүнөт. Ошол уюмдар балким буларга байланышка чыгат, же балким булар кокустан бир жерден жолуктуруп калат. Анан алардын видеоматериал же жасап аткан иштерин көрөт. Дагы бир маселе бизде мусулман болгону менен ислам динин көбү билбейт. Куранды бир ачып окубаган жаштар аябай көп. Анан жанагы экстремисттик уюмдар буларга ар түрдүү хадистерди, же андагы тексттен кыркылган керектүү жерлерин жөнөтүшөт. Анан ошентип фанатка айланып, акырындап кошула башташат.

"Азаттык": Жанагы таарынып жүргөндөрдү колго алуу оңоюраак болот турбайбы анда?

Шохрух Саипов: Ооба да.

"Азаттык": Бул эми маселенин бир чоң өңүтү. Дагы бир нерсени көп байкайм да. Ошол эле Ош, Жалал-Абаддагы өзбек жаштары эмне үчүн Бишкекке келип, университеттерде окушпайт, коомдук жайларда жүрүшпөйт? Оштон деле коомдук турмушка батыл аралашкандарын байкабайм да.

Шохрух Саипов: Мунун негизги себеби, бизде өзбек коомчулугу көбүрөөк акча табууну, баюуну максат кылышат. Окуу, мамлекеттик жумушта иштөө, армияда кызмат өтөө дегенден көрө акча табууну оңой деп билишет. Ата-энеси береби же өзү табабы, айтор беш-он сому болсо өзү жашаган жерде чакан дүкөн ачат. Бирок окууну экинчи этап деп билишет. Азыркыга чейин эсимде, 2000-2005-жылдары мамлекетте иш аз, баары бир жумушка кирбейбиз, дипломду чаң басып жатат, окуп эмне кыласың дешчү эле.

"Азаттык": Эмнеге жумушка кирбейбиз дешет? Айлыгы аз болгон үчүн элеби?

Шохрух Саипов: Ооба, айлык аздыгынан.

"Азаттык": Балким, аларды коомго тартууга бир нерсе жетпей жаткандыр? Маектешкенге чейин Оштун чекесинде жашап атып борбор тарабына келбегендер бар деп айттың эле.

Шохрух Саипов: Ооба, Ошто өзбек улуту басымдуу жашаган кичирайондор бар. Ошолордо шаардын борборуна бир да жолу түшпөгөн жаштар азыркыга чейин бар. Мектеби, ооруканасы жана башкасы жанында. Бирок шаарга бир дагы түшө элек. Эмнеге? Анткени тарбия ошондой. Ата-энеси "мен сага шарт түзүп берип атам, сен ушул жерде жаша, тамагынды таап же, бирок шаарга түшпө" дейт. Анткени "шаарда кандайдыр криминал болушу мүмкүн. Же болбосо, укук коргоо органдары кармап акчаңды тартып алат" дешет. Ушундай стереотип бар да. Укук коргоо органдары укугубузду коргобой эле басым жасайт деген стереотип азыркыга чейин бар.

Ооба, өзбек коомчулугунда күч органдарына кайрылып аткандар бар. Бирок көбүнчө маселени өзүнчө эле чечүүгө аракет кылышат. Аксакалдарга, мааледеги чоңдорго кайрылышат.

"Азаттык": Ошол эле учурда азыр карапайым элдин бири-бирине мамилеси кандай?

Саясат аралашпаса, элдик гана дипломатия болсо, карапайым элде эч кандай көйгөй жок.

Шохрух Саипов: Эгер саясат аралашпаса, элдик гана дипломатия болсо, анда карапайым элде эч кандай көйгөй деле жок. Болгону сасык саясат элдин мамилесин бузуп атпайбы. Мен бир мисалды айтайын. Университетте бир кыргыз досум бар эле. Дайыма чогулуп, чай ичип, кээ бир өзбек досторумдан да жакын. Анан 2010-жылкы окуядан эки-үч күн өткөндөн кийин шаардан жолугуп калып кучакташып алып ыйладык. Кадимкидей ыйладык.

Чындап караганда бизде эч кандай проблема жок. Бирок жанагы окуяда адамдар бири-бирин кандайдыр өлтүрдү, атты жана башка кылды. Алар туура эмес маалыматтын кесепетинен болду. Дезинформация, же атайын даярдалган жаштардын тобу болушу мүмкүн. Алар деле эс-акылында болсо эч кандай ал ишке бармак эмес. Аларга балким бирдеке ичирип же маңзаттарын бериши мүмкүн.

Жок деп айталбайм, өзбекте да, кыргызда да улутчулдар бар. Биз гана жашашыбыз керек дегендейчи. Бирок биз дайым кайталап айтабыз, кечиресиңер, Кыргызстан баарыбыздын мамлекетибиз, мекенибиз, баарыбызга жетет дейбиз.

"Азаттык": Ортодо ынтымак бекем болушу үчүн, интеграция үчүн эмне жетишпейт?

Эки улуттун маданияты, тарыхы, азыркы жашоосу, өз ара карым-катнашы боюнча бир телепрограмма ойлоп тапса болот. Аны бир-эки күн гана көрсөтүп коюу жетиштүү эмес, ар дайым көрсөтүү керек.

Шохрух Саипов: Биз өзүбүздүн кемчиликти, айыпты да билишибиз керек. Себеби, өзбектер кыргыз тилин жакшы үйрөнбөйбүз, мамлекеттик ишканада иштебейбиз, армияга барбайбыз. Биринчи өзүбүздү оңдойлу, жогорудагыларды жасайлы, окууга кирели, келечекте акырындап коомчулукка кошулалы дейбиз. Мисалы, жаш балдарды өзбек мектеп эмес кыргыз же орус мектепке берсин. Ал жакта аралашып, интеграция болот, акырындап бул маселе чечиле баштайт дейбиз. Андан тышкары мамлекеттен колдоо болушу керек. Мисалы, эки улуттун маданияты, тарыхы, азыркы жашоосу, өз ара карым-катнашы боюнча бир телепрограмма ойлоп тапса болот. Аны бир-эки күн гана көрсөтүп коюу жетиштүү эмес, ар дайым көрсөтүү керек. Анткени адамдар көбүрөөк телевизор көрүшөт, андан таасир алышат. Ал мамлекеттен аябай чоң колдоо болмок.

"Азаттык": Маегиңизге чоң рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG