Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:13

Президент Алмазбек Атамбаев алты жыл ичинде мугалимдердин айлыгы төрт эсе көтөрүлгөнүн билдирди. Мамлекет башчы республикалык казынанын 24% агартуу тармагына кетип жатканын айтты.

Билим берүү министрлигинин маалыматында Кыргызстанда иштеген 75 миңдей мугалим учурда орто эсеп менен 13 миң cом эмгек акы алат. Мугалимдер болсо орточо айлык мындан бир топ аз экенин, азыркы базар шартында бул каражат күнүмдүк оокаттан ашпай турганын белгилешет.

Мугалимдердин эмгек акысы соңку алты жыл аралыгында төрт эсеге көбөйгөнүн президент Алмазбек Атамбаев 12-июлда өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө cалым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди. Мамлекет башчы республикалык казынанын 24% бул тармакка бөлүнүп жатканын айтты:

- Жакшыбы-жаманбы өткөн беш-алты жыл ичинде биз мугалимдердин орточо маянасын төрт эсе көбөйттүк. Бир да мамлекетте мындай көрсөткүч жок. Мугалимдер үчүн ипотека иштей баштады. Быйыл Ысык-Көлдүн жээгинен абдан чоң жер бөлүп бердик. Ошол жерлерге татынакай корпустар курулат. Мына ошол эле чет элдик коноктор менен сүйлөшкөндө, же чет элге барганда билим берүү жөнүндө сүйлөшүп калабыз да. Дүйнөдө бүт мамлекеттерде билим берүүгө бюджеттин 3-4% берилет. Эң чоң дегени 6% жетет. Бизде 24% же мамлекеттик бюджеттин төрттөн бири билим берүү тармагына жумшалып жатат. Анткени биздин келечек билим берүүдө.

Маяна көтөрүлүп жатат деген менен мугалимдер колуна тийген акчасы кем-карчына толук жетпесин айтып эле жүрүшөт. Ат-Башы районундагы мектептердин биринде эмгектенген Чынара айым тоолуу аймакка деген кошумча акысы менен маянасы сегиз миң сомго араң чыгарын айтты:

- Мен башталгыч класстарга сабак берем. 7500-8000 сом алам. Эң көп алгандары 15 миң сомдон алышат. Бизде 30 миңге чейин маяна алгандар жок.

Ал эми Баткен облусундагы Кыштут айылындагы мектептин окутуучусу Тойчу Айдаровдун мугалимдик кесипти аркалаганына 10 жылдан ашыптыр. Айылдык мугалим кесиптештеринин арасында алты миңден аз айлык алгандар да бардыгын айтат:

- Кээ бирибиз 4-5 миң, эң алды 12 миңге чейин айлык алабыз. Ушуну менен балдарды багып, айылда мал карап, эптеп жан багууга болот. Мугалимдин эмгек акысын сөзсүз жогорулатуу керек. Азыркы айлык менен жашоо өтө кыйын. Биздин көптөгөн тажрыйбалуу мугалимдерибиз башка мамлекеттерге иштегени кетип жатышат. Алардын кеткени балдардын сапаттуу билим алышына таасирин тийгизбей койбойт. Ошолорду мектепке тартуу, кызыктыруу үчүн шарт түзүлсө жакшы болмок. Мугалимдерге мурдагыдай жардам, жеңилдиктер жок. Айлыкты көтөрүүгө өкмөт дагы аракеттенсе деп суранабыз.

Билим берүү министрлиги болсо 2010-жылдан бери Кыргызстанда мугалимдердин маянасы үч жарым эсеге жогорулаганын, мунун арты менен элет жериндеги мектептерде кадр маселеси чечилгенин белгилейт. Мекеменин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев жети жыл мурда орточо маяна үч миң сомдон араң өтсө азыр 13 миңге жеткенин айтты:

- Айлык үч жарым эсеге көбөйгөн. Көп айылдарда маяна мындай эмес деши мүмкүн. Бул бир ставка, 30 саат менен иштеген окутуучулардын маянасы. Айылдарда ар кандай болуп жатат. Бир ставканы төрткө бөлүп, кээ бирлер кирип-чыгып иштеп, айлыктары аз чыгып калууда. Бишкекте болсо мэрия мугалимдерге өздөрү кошумча акча берүүдө. Кошумчалары да бар, педагогикалык тажрыйбага орточо 2730 сом, бийик тоолорго 621, айылдарда иштегендерге 700 сом кошулуп жатат. Маяна көбөйгөндөн бери айыл жеринде кадр маселеси чечилди. Маселен, Нарындагы айылдарга барып мугалим болуп иштейт элем деп күтүп жаткандар бар. Жаш мугалимдер ишке тартылууда.

Ушул тапта 13 миң сом айлык аз дегендер четтен табылат. Шарапат айым Бишкекте мугалим болуп иштейт. Ал учурда бул кесипти аркалагандар калктын эң жакыр катмарына айланды деп нааразы:

- Бийлик орточо айлык 13 миң сомдон ашык деп атат. Азыр дүкөнгө барып, бир күндүк керектүү азык-түлүк алууга жок дегенде 500 сом кетет. Миң сомго бир баштык толбойт. Анан 13 миң сом эмнеге жетет? Ошол акча менен депутаттар, бийлик башындагылар жашай алабы? Ушул суроону өздөрүнө берип, эсептеп көрүшпөйбү.

Мындай пикирди билим берүү тармагы боюнча адис Асылбек Жооданбеков да колдойт. Анын көз карашында айлык мурдагыга салыштырмалуу жогорулаганы менен баалардын өсүшү эске алына элек:

- Биздин бюджеттик ченем менен алганда 24% көп акчадай сезилиши мүмкүн. Бирок мугалимдердин айлыгы көп эмес. Бийик тоолук райондордо, чарбасы бар жерлерде бул салыштырмалуу дурус айлык. Бирок райондук борборлордо, шаарларда иштегендерге жетишсиз. Көпчүлүгүнүн үй-жайы жок. Айлыктын аздыгынан кесипкөй мыкты адистер мектептерге барбайт. Өзүнө ишенген жаштар башка кесиптерди тандап кетип жатышат. Мугалимдик кесиптин баркы өтө төмөндөп кетти. Көпчүлүк учурда мугалимдик адистикти тестирлөөдөн төмөнкү балл алып калгандар тандап, тапшырып жатышат. Тиги же бул кесип болбой калса, мугалимдикти бүтүп, окуп турам деген мамиле.

Эксперттер окутуучулардын маянасын бюджеттин абалын эске алганда кескин көбөйтүү мүмкүн эместигин эскертишет. Билим берүү жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Сайназаров өкмөт мугалимдерге мурдагыдан жакшырак камкордук көрө баштады деп, ошол эле кезде айлык маселесин чечүүнүн башка механизмдерин сунуштайт:

- Мурункуга караганда азыр педагогдорго көрүлүп жаткан камкордук жакшыраак деп айтсак болот. Бирок алар 6-7 миңден 15 миңге чейинки айлык менен эптеп жашап атышат. 15 миң дегени да тоолуу райондордо иштегендер үчүн коэфициентти кошкондо чыгат. Айлыкты көбөйтүүнүн бир нече механизмдери бар. Алардын бирине кайрылсам. Азыр Кыргызстандын экономикасы базар шартына өттү деп айтып жүрөбүз. Бирок билим берүү тармагы эмнеге базар экономикасына өтпөй турат деген суроо туулат. Эгер тармак базар экономикасына өтсө билимдин сапаты да жакшырмак.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында өлкөдөгү орточо айлык акы 14 миң сом, ал эми минималдуу жашоо өлчөмү 6240 сомду түзөт. Ушу тапта Кыргызстан боюнча 75 миң мугалим бар. Билим берүү министрлиги өлкө боюнча 500дөй мугалим жетишпей турганын билдирет.

"Азаттыктын" архивинен: Кочкорлук мугалимдердин талабы (26.04.2017)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG