Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Тестирлөөгө нааразы болгон бүтүрүүчүлөр


Иллюстрация
Иллюстрация

Быйылкы жылы орто мектепти 62 миң окуучу аяктап, алардын 48 миң 448и жалпы республикалык тестирлөөгө катышты.

Тестирлөөдөн жогорку упай алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө президент “Алтын сертификат” тапшырды.

Быйыл мындай сертификатка 55 бүтүрүүчү татыктуу болду. Алардын 45и Бишкектеги орто мектептерден болсо, Чүй облусунан алты, Ош шаарынан эки жана Жалал-Абад, Нарын облустарынан бирден бүтүрүүчү илинген.

Бул жолу “Азаттык плюс” аймактардагы билим берүүнүн сапаты, тест тапшыруунун оош-кыйышын талкуулады.

Элхан Бактыбек уулу жалпы республикалык тестирлөөгө 11-класстан баштап өз алдынча даярданган. Мектепте “4” жана “5” деген бааларга окучу, бирок республикалык сынактан баллы босого чектен өтпөй калган:

- Интернет аркылуу өз алдынча бир жыл бою даярдангам. Атайын жалпы республикалык даярдаган жеке менчик билим берүү борборлоруна акча төлөп, окууга шартым жок эле. Мектепте жакшы окуганым менен тестирлөөдө сынактын суроолору биз окуган программага төп келбейт экен. Жогорку окуу жайларды кыдырганымда эч ким аттестатымды сураган жок. Бардыгы ЖРТнын жыйынтыгын сурап жатышат.

Бишкек мэри бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшырууда. 2017-жыл
Бишкек мэри бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшырууда. 2017-жыл

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү Чынара Батракеева билдиргендей, жалпы республикалык тестирлөө бүтүрүүчүлөрдүн жогорку билим алууга даяр же даяр эместигин билүү үчүн өткөрүлөт. Окуучунун жакшы көрсөткүчкө жетүүсү үчүн ата-энеси да жардам көрсөтүүсү шарт:

- Жогорку окуу жайдан мыктылар гана билим алууга келиши керек. Тест тапшыргандардын 45 пайызынын босого чектен өтпөй калганы трагедия эмес. Өтпөй калса, демек, тестирлөөгө даярдыгы жетиштүү эмес экенинен кабар берет. Эгер окуучу жакшы окуса, жакшы балл алат. Аттестаттагы бааларды баары эле объективдүү албайт. Бири тааныш-билиш аркылуу, башкасы жаттап алат. Ал эми ЖРТ андайга жол бербейт.

Жалпы республикалык тестирлөөдө илимий тексттер келет. Аны окуп, түшүнүү үчүн окуучунун базасы болушу керек. Тилекке каршы, азыр адамдар китеп окубайт.
Ислам Иманалиев

Нарын облусунун атынан жалгыз алтын сертификатка ээ болгон Бекзат Токтобеков президенттин колунан атайын сыйлык алган. Ал тестирлөөгө 8-классынан тартып эле даярдык көрүп баштаган. Бүтүрүүчүнүн айтымында, окуучу биринчи классынан баштап жоопкерчиликти сезүүсү керек.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары Ислам Иманалиев иштеген мектептен быйыл үч бүтүрүүчү алтын серитификат алган.

- Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрүбүз бизге көп китеп окуу керектигин айтышат. Анткени жалпы республикалык тестирлөөдө илимий тексттер келет. Аны окуп, түшүнүү үчүн окуучунун базасы болушу керек. Тилекке каршы, азыр адамдар китеп окубайт. Аз балл алып калуунун бирден бир себеби маалыматтын жетишсиздиги.

Бүтүрүүчүнүн сүйүнүчү жана ызасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG