Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:04

Орозобекова: Мектептерди ашар жолу менен курууну токтотуу керек


Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова

Булан институтунун баяндамасына ылайык, Кыргызстанда мектеп курулушуна олуттуу көңүл буруу зарыл болуп турат.

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстандагы авариялык мектептердин жагдайын талдаган көлөмдүү баяндамасын жарыялады. 22-июнь күнү чыккан баяндамада мектеп курулушунун динамикасы, мектепке муктаждык, жаңы курулуштардын каржы булактары талдоого алынган. Ошондой эле жаңы мектептерди сапатсыз кургандарды жоопко тартуу маселеси да көтөрүлгөн.

Уюмдун жетекчиси Чолпон Орозобекова Кыргызстандагы мектептердин абалы тууралуу "Азаттык" радиосуна маек берди.

Булан институтунун логотиби
Булан институтунун логотиби

Орозобекова: Биздин изилдөө эки айга созулду. Облустук билим берүү башкармалыктары, институттар, айыл өкмөттөр, мектеп директорлору, мугалимдер, ата-энелер жана башка мекемелер менен байланышып, маалымат чогулттук. Конкреттүү мисалдарды талдап жазып чыктык. Баяндаманын максаты - кырдаалга байкоо салып, аналитикалык документ даярдоо, негизги көйгөйлөрдү ачып көрсөтүү. Буга түрткү берген төмөнкүдөй себептер бар: соңку жылдары кыргыз өкмөтү мектеп курулушуна көңүл бура баштады, бир аз жандануу бар. Экинчиден, жаңы мектептердин курулушунун сапатында суроолор жаралууда. Үчүнчүдөн, президент Атамбаев "2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда бир да авариялык мектеп калбайт" деп убада берген. Андан тышкары, Жерүй кенинин лицензиясын сатуудан түшкөн каражаттын 100 миллион доллары мектеп курулушуна сарпталары айтылган. Демек, кошумча каржы келип жаткан соң мектеп куруу иши жанданышы керек. Ошондуктан кырдаалды анализдейли дедик.

"Азаттык": Өлкөдөгү 2222 мектептин 193ү авариялык абалда экени баяндамада көрсөтүлүп жатат. Бул сан кыргыз өкмөтүнүн авариялык мектептер жөнүндөгү маалыматтарына дал келеби?

Орозобекова: Бул Билим берүү жана илим министрлиги берген сандар, аларда бул мектептердин так тизмеси бар экенине күбө болдук. Бизди тынчсыздандырган жагдай, ЮНИСЕФ жана ЮСАИД 2013-жылы иликтөө жасап, Кыргызстандагы мектеп имараттарынын 80% кооптуу абалда деп жыйынтык чыгарган экен. Андан соң кыргыз өкмөтү "Коопсуз мектеп" программасын кабыл алып, 2042-жылга чейин жыл сайын мектеп курулушуна 4-5 миллиард сомдон бөлүп туруу милдетин алыптыр.

Билим берүү жана илим министрлигинде авариялык абалдагы 193 мектеп тууралуу толук маалымат бар. Анын ичинен 12 мектеп "кызыл тизмеге" кирет. Алар тез арада жаңыланып, курулушу керек. Анткени, таптакыр жараксыз абалда. Жыл аягына чейин оңдолот деген үмүтүбүз бар. Мисалы, Ак-Талаа, Кара-Суу, Сузак райондорунда, Бишкектин четинде ушундай мектептер бар. Айрымдары чатырда окуйт, кээ бирлери үйлөрдө, бала бакчаларда, клубда, айыл өкмөт имараттарында жана башка мекемелерде окутууну жүргүзүп жатышат.

"Азаттык": Аймактык салыштыруулар барбы? Негизинен кайсыл аймактарда көйгөй орчундуу?

Эреже боюнча, мектептин аянты бир-эки гектар болушу керек. Бирок жаңы конуштарда андай кенен жерлер калган жок. Мамлекеттик курулуш агенттигинин билдиришинче, айрым гана жаңы конуштарда мектептерге орун калып жатат.

Орозобекова: Ооба, салыштырып көрдүк. Ош облусунда авариялык мектептер көп экен, 56 мектеп кооптуу абалда. Ысык-Көлдө 42, Нарында 24, Жалал-Абадда 24, Баткенде 15, Таласта 14, Чүйдө 14. Бишкек шаарында төрт мектептин абалы оор. Айта кетчү жагдай, Чүйдө көйгөй көп. Анткени, Бишкектин тегерегиндеги 47 конуштун 17синде эле мектеп курулган. Жашоочулардын саны 900 миң. Көбү Бишкекке келип окуганга мажбур же коңшу айылдарга барат. Мектептерге балдар батпай, бир класста 45тен окуучу отурат. Жаңы конуштарга мектеп салынбай жатканынын бирден бир себеби мектепке деп бөлүнгөн жерлердин айрымдарын эл өз алдынча басып алып эле турак жай куруп алышкан. Алар социалдык мекемелерге орун калтыруу жагын эске алышкан эмес. Эреже боюнча, мектептин аянты бир-эки гектар болушу керек. Бирок жаңы конуштарда андай кенен жерлер калган жок. Мамлекеттик курулуш агенттигинин билдиришинче, айрым гана жаңы конуштарда мектептерге орун калып жатат.

"Азаттык": Баяндаманын соңунда 12 бөлүктөн турган корутунду чыгарылыптыр. Арасында ашар ыкмасына тыюу салуу сунушу бар экен...

Орозобекова: Дубандарда ашар жолу менен курулган мектептер абдан көп. Эгемендиктин башында абал начар болуп, социалдык мекемелер ашар жолу менен курула бериптир. Айрыкча, Аскар Акаев президент болгон 15 жылда мындай мектептер абдан көп салынган экен. Эч кандай техникалык коопсуздук сакталган эмес. Таштан фундамент төшөлүп, колдо бар курулуш материалдары колдонулган. Ал мектептер 5-10 жылда эле жараксыз абалга келген.

Азыр авариялык абалдагы мектептердин кескин көбөйүүсү ошондон. Агартуу тармагында көп жыл иштеген Чолпон Тиленбаев, Гүлжигит Сооронкулов, экс-министр Аскар Какеев да баяндамада айтышты, мамлекет ошол кадамга аргасыз барган. Ашар жолу менен мектеп салдырган акимдерге сыйлык берген деп. Булан институту мындан ары социалдык мекемелерди ашар жолу менен курууга тыюу салуу демилгесин көтөрүп жатабыз. Социалдык мекемелерди куруу - мамлекеттин милдети. Мамлекеттик стандарт, типтүү долбоор менен сапаттуу салынышы керек.

"Азаттык": Мектеп курулушундагы тендерлердин ачык-айкындуулугун да талап кылыпсыңар...

Орозобекова: Бул тууралу баяндамадa жаздык. Кечээ-жакында Башкы прокуратуранын имаратын курууда смета жогорулатылганы жөнүндө маалымат чыкты. Мындай коррупциялык көрүнүштөр мектеп курулуштарында да бар. Андыктан, ачык-айкындуулук керек. Тендерди ким утканы, сметасы жана башка маалыматтары жарыяланышы зарыл. Бир типтүү долбоорлор менен мектептер курулушу керек. Бааларда айырма чоң. Мисалы, 220 орундуу мектеп Москва районунда 100 миллион сомго, Кантта 43 миллионго салынган. Былтыр Казакстандын гранты менен Ошто "Жетиген" мектеби курулган. 500 орундуу. Бизге түшкөн маалыматтарда азыр ал мектептин сапатсыз салынганы ачыкка чыгып, көйгөй башталыптыр. Мындай учурлар текшерилип, тергөө жүрүп коррупцияга жол берилгени аныкталса, кылмыш иши козголушу керек.

"Азаттык": Социалдык мекемелерге инвестор тартуу жаатындагы маселелерге да көңүл бурулдубу?

Социалдык мекемелерди куруу - мамлекеттин милдети. Мамлекеттик стандарт, типтүү долбоор менен сапаттуу салынышы керек.

Орозобекова: Жакында Сауд Арабия Кыргызстанга мектеп курууга 30 миллион доллар бөлгөнү турат. Парламентте бул документ каралууда. Бул чоң акча. Анын үстүнө карыз акча. 2022-жылдан 2042-жылга чейин төлөп берүү керек. Андыктан, каражатты көзөмөлгө алып, сапаттуу имараттарды куруу керек.

Изилдөөнүн аягында төмөнкүдөй корутундуларды чыгардык: Финансы министрлиги курулуштун графигин бузбай, мектеп курууга акчаны убагында бөлүшү зарыл. Ошондой эле бюджеттен канча, Жерүйдөн түшкөн акчадан канча жана чет элдик инвестиция менен канча мектеп курулуп жатканы ачык жана так айтылышы керек. Биз Финансы министрлигинен бул жаатта маалымат алууда кыйынчылыктарга тушуктук. Экинчиден, жогоруда айтканымдай, ашар жолу менен мектеп курууну токтотуу керек. Быйыл премьер-министрдин тапшырмасы менен Курулуш жана архитектура агенттиги бир типтүү курулуш долбоорлорун иштеп чыгыптыр. Бул абдан кубандырат. Демек, мамлекеттик стандарттагы мектептер курула баштайт.

Андан тышкары, Чүйдө ички миграциянын айынан мектептерде балдардын көбөйгөнү чоң көйгөй. Бул психологиялык жактан мугалимге да, балага да түйшүк. Жаңы айылдарда мектептер такыр жок. Аймактарда чоң суулардан өтүп, коңшу айылдардагы мектептерге катташат. Бул абдан кооптуу. Ушул маселеге да көңүл буруу зарыл.

Кыргызстанда 2016-жылы 77 мектеп курулуптур. Анын 54ү Жерүйдөн түшкөн акчадан, 21и мамлекеттик бюджеттен, калгандары чет элдик инвесторлордун жардамы менен салынган. Биз баяндамада Кыргызстандагы бай адамдарды мектеп курууга тартуу керектигин да белгиледик. Чет элде бай адамдарга салыктан жеңилдик берип, ушундай социалдык мекемелерди курдурушат. Ушул тажрыйбаны колдонсо болот.

Дагы бир оручундуу маселе, Араб өлкөлөрүнөн мечит курууга көп каражат келип жатат. Саид Баюми деген адам жетектеген "Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" уюму Кыргызстандын бир топ айылдарына мечит салып берди. Кубандырганы, соңку жылдары мектеп курууга көңүл бурула баштаптыр.Биз расмий кат жазып кайрылганбыз. Ал уюмдун маалыматына караганда, быйыл төрт мектеп куруп жатышыптыр.

Медресеге ыктаган өспүрүмдөр

Медресеге ыктаган өспүрүмдөр

Учурда Кыргызстандагы мечиттердин кыйласы мектеп курагындагы балдар үчүн кезектеги жайкы окутуу лагерлерин уюштуруу иштери менен алектенүүдө.

"Азаттык": Булан институту жакындан бери социалдык көйгөйлөрдү камтыган баяндамаларды жарыялай баштады. Уюм тууралуу кыскача сөз кылып бересизби. Изилдөө кандай ыкмада, кимдердин жардамы менен жүргүзүлүп жатат?

Орозобекова: Жалпы аталышы - Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту. Алгач демилге Женевадан башталган. Эки команда иштейбиз. Бири эл аралык команда, Борбор Азияга багытталган изилдөөлөрдү жана баяндамаларды даярдайт. Жакында, бул чөлкөмдөгү чек ара, суу көйгөйлөрүн талдаган эмгегибиз жарыкка чыгат. Экинчи топ Кыргызстандагы маселелерди изилдейт. Көбүнчө билим берүү тармагына талдоо жасайбыз. Жакында медреселердин жагдайын иликтеген баяндамабыз чыккан. Мунусу мектептерге арналды. Кийинкиси чет өлкөдөн диний билим алып келгендер жөнүндө болот. Аларды кимдер окутат? Мечиттерде, муфтиятта иштегендер болобу, алардын билимин изилдеп, анын Кыргызстанга таасирин талдайбыз. Медресе темасын уланталы деп турабыз. Окуу жайларда диний билим берүүнү реформалоо концепциясын колдойбуз. Ал концепция ишке кире элек, азырынча министрликте өз ара талкууланып бекитилип жатат. Бирок тез арада ишке ашуусу керек деп эсептейбиз. Анткени, медреселердин окуу программаларын жакшыртып, сапатын жогорулатуу зарыл. Бул жаатта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирге иштешүүнү максат кылып жатабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG