Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:06

Кыргызстанда менчик бала бакчалардын саны өсүүдө. Буга салыктын бир нече түрү алынып салынганы жана айрым жеңилдиктердин киргизилгени түрткү берген.

Жеке менчик бала бакча “АВС” борбору Бишкек шаарында жети жылдан бери иштеп келатат. Учурда борбор калаада эки жерде ачылган. Аталган борбордун жетекчиси Айнура Суранбаеванын айтуусунда, бала бакча улам жаңыланууну талап кылат, тарбиячыларды окутуп-үйрөтүп туруу зарыл:

- Азыркы учурда борбор калаабызда бала бакчалар абдан көп. Көпчүлүк адамдар бала бакча кирешелүү бизнес деп ойлошот. Анын түйшүгү да ошончо. Балдарды сүйүп тарбиялоо керек экенин унутпашыбыз керек. Азыркы учурда биздин “АВС” балдар бала бакчасы эки жерде бар, Арча-Бешик конушунда жана Бакаев көчөсүндө. Бул бакчабыз ижарага алынган. Турак үй сыяктуу курулган, бирок өзүбүз бала бакчанын талаптарына ыңгайлашытырып, стандартка тууралаганбыз. Жети жылдан бери иштеп келе жатабыз. Чынын айтканда шаардан участок алып, жаңы бала бакча курууга каражат тартыш. Бирок жаңы конуштагы бакчабыз бала бакчалардын талабына ылайыкташтырлып курулган. Муну баса белгилеп айта алам. Тарбиячыларды жана тажрыйбалуу мугалимдерди жарыя аркылуу издейбиз. Арасынан адамгерчилик сапаттарына карап тандап алабыз. Анткени тажрыйбалуу адамдар менен иштешүү оңойураак болот. Ал эми жакшы мугалимдерди кармап калуу үчүн албетте айлык маянасы жакшы болушу керек.

Салыктын алынышы менчик бала бакчаны көбөйттү

Мындан бир нече жыл мурун Кыргызстанда бала бакчалар тартыш болуп, мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбайт деген статистикалык кейиштүү маалыматтар айтылчу. Анткени мамлекеттик бала бакчалар өтө аз, ал эми союз убагында курулган бала бакчалардын имараттары менчиктештирилип же болбосо айрым чет өлкөлөрдүн элчиликтерине, салык кызматына жана башка мамлекеттик органдарга берилип кеткен. Ал эми жеке менчик бала бакча ачып, иштетүү оңой эмес эле. Кыйынчылыкты салыктардын көптүгү жана тиешелүү лицензия алуудагы талаптар түзчү.

Ошол кезде Жогорку Кеңештин депутаттары бул көйгөйдү көтөрүп, менчик бала бакчаларды салыктын бир нече түрүнөн бошотуу туралуу мыйзам кабыл алынган.

Натыйжада менчик бала бакчалар кошумча нарк салыгынан, жер салыгынан, сатуудан түшкөн жана пайдадан түшкөн кирешенин салыгынан бошотулган. Муну мисал кылган азыркы чакырылыштагы парламент депутаттары жакында менчик мектептерди салыктын түрлөрүнөн бошотуу демилгесин көтөрүп чыгып, бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилген.

Аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Абдувахап Нурбаевдин айтуусунда, бул жеңилдиктерди өлкөнүн келечегине салынган инвестиция катары баалоого болот:

- Советер Союзунун учурунда салынган бала бакчалар эгемендүүлүк алганда мамлекеттик органдарга алынып кеткен. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынан салынбай калгандары бар. V чакырылыштагы депутаттар мыйзам кабыл алгандан кийин менчик бакчалар көбөйүп, эң негизгиси мамлекеттик бала бакчалардын жүгү азайды. Дагы бир нерсе жеке менчик бала бакчалар региондордо да ачыла баштады. Жеке менчик бакчаларда сапат кыйла жогору. Ата-энелер да берген акчасына жараша талап кылып жатышат. Балдар да орус, англис тилдерин үйрөнүп мектепке толук камдуу даярданып барып жатышат.

Абдувахап Нурбаев.
Абдувахап Нурбаев.

Менчик бала бакчаларды салыктын түрлөрүнөн бошотуу бул тармакта ишкерликти өнүктүрүүгө, акчасына жараша сапатын да көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу биздин маектешибиз Айнура Суранбаева да белгиледи:

- Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин бизге өтө жакшы жеңилдик болду. Жаңы ачылып жатканда дээрлик сегиз-он жылга чейин менчик мекемелерге оор болот экен, бул жагынан бизге жардам тийип жатат. Ата-энелерге да жеңилдик кылып бааларды арзандаттык, мисалы мурун бир бала үчүн айына 7000 сом алсак, азыркы учурда аны 6000-6500 сомго азайттык.

1600 бала бакчадан 500гө жакыны сатылып кеткен

Статистикалык маалыматтар боюнча, 1991-жылы Кыргызстанда 1600дөн ашуун бала бакча иштеп турган. Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы менчиктештирүү жараянынын башталышы менен бала бакчалардын басымдуу бөлүгү сатылып кеткен. Үч жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаттары бул жаатта атайын текшерүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында 197 бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип, 271 бала бакчанын имараты максатсыз пайдаланылып жүргөнү маалым болгон. Текшерүүнүн натыйжасында 65 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Менчик мектептердин баасы жана билими

Кыргызстанда 187 жеке менчик мектеп бар. Бул макалада алардын ичинен баалары башкаларына салыштырмалуу жогору дегендерине токтолобуз.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 305 жеке менчик бала бакчага ишмердүүлүк кылууга уруксат берилген. Алардын ичинен жеке ишкерлерге таандык бала бакчалар менен катар эле, ар кандай коомдорго, диаспораларга таандыктары да бар.

Мисалы, «Ыйык Ата журт» коомуна тиешелүү «Тунук наристе» деп аталган бала бакчалар Бишкектин бир нече жеринде, аймактарда ачылган. Бул бала бакчалар кыргыз тилинде ишмердүүлүк кылып, балдарга жаштайынан адеп-ахлак тарбиясын кошо үйрөтүшөт.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын көмөгү менен ачылган менчик бала бакчалар бар. Алардын ичинде жакында "Сапат" болуп өзгөргөн "Себат" билим берүү мекемесине таандык, SECOM билим берүү мекемесине таандык бала бакчалар бар. Бул бала бакчаларда балдар чет тилдерин жана математиканы терең үйрөнүп чыгышат.

Бишкектин тургуну Аида Жанышбекова бир нече жыл мурун Түркиядан көчүп келип, төрт жаштагы кызын тааныштарынын сунушу менен аталган бала бакчага берген:

- Түркиядан көчүп келгенде кызым төрт жарым жашта эле, кызым орусча бир да сөз билчү эмес. 4,5 жаштан алты жашка чейин бир жарым жыл "Секом" бала бакчасына барган. Азыр орусча так сүйлөйт. Мектепке барганга чейин эле математикадан бирден жүзгө чейинки сандарды так санап, алуу, кошуу амалдарын жакшы өздөштүргөн.

Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысы Нурбек Казыевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, акыркы жылдары менчик бала бакчалардын саны кескин өсүп келүүдө:

- Бизде азыркы учурда 305 бала бакча бар. Бул сан өзгөрүп турат. 2014-жылдан бери бакчалардын саны кескин түрдө өсүп келе жатат. Буга чейин 80 гана бала бакча бар болгон.

Бала бакчаларда диний тарбия-билим берүүгө уруксат жок

Менчик бала бакча ачууга мамлекет тарабынан коюлган бир катар талаптар бар. Алардын айрымдары жеңилдетилген:

- Бала бакчаларга лицензия бергенде жеке менчик имараты блушу керек деген талап койгонбуз, кийин бул талапты жеңилдеткиле дегенде ижара алууга уруксат бергенбиз. Бала бакчалардын санынын көбөйүп бара жатканы ошондон улам. Азыркы учурда үч жылга ижарага алганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Сөзсүз түрдө мектепке чейинки даярдык боюнча жогорку билими бар кадрлар болушу керек. Ошол эле учурда бала бакчаларга союз учурунан бери келе жаткан талаптарга таянып, орчундуларын алып өзүбүзгө талап кылып жатабыз. Мисалы, биринчиден, материалдык-техникалык база, экинчиси - окуу усулдук база, үчүнчүсү - эң негизгиси кадрлар базасы. Кээ бир спецификасына жараша талаптар бар. Мисалы логопед, педиатр, музыка сабагынан берген мугалим жана башкалар ачылып жатканда жок болсо кийин кошуп толуктап алса болот, жана алар толук эмес жумуш күнү менен иштешет. Ал эми дарыгерлер жумасына эки жолу келип көзөмөлдөп туруш керек.

Бала көтөргөн аял. Бишкек.
Бала көтөргөн аял. Бишкек.

Нурбек Казыевдин маалыматы боюнча, жеке бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги менен окуу пландарын жана уставын макулдашып туруп, андан кийин гана ачууга укугу бар. Бала бакчаларга диний тарбия-билим берүүгө уруксат берилбейт:

- Төрт-беш учур болду. Журналисттерден маалымат түшүп, биздин кызматкерлер Бишкектен төрт, Ош шаарынан бир бала бакчаны текшерүүгө алышкан. Ал бала бакчаларда наристелерге дин боюнча да билим берип жатышыптыр. Бизден лицензия алганда светтик билим берүүчү бала бакча катары алышкан болчу, уставында ошондой жазылган. Биз алардын баарына эскертүү бердик. Эгер аны эске алышпаса, лицензиясынан ажыратабыз.

Жеке менчик бала бакчаларда бир бала үчүн айына беш миң сомдон тартып, 500 долларга чейин акы алынат. Жайгашкан ордуна, түзүлгөн шарттарына жараша мындан кымбаттары да бар.

Нарында бала бакча тартыш

Менчик бала бакчалар көбөйүп жатканы менен, мамлекеттик бала бакчалардагы балдардын көптүгү көйгөй бойдон калууда. Алыскы аймактарда жеке менчик бала бакчалар дээрлик жокко эсе. Муну жергиликтүү бийлик суроо-талаптын аздыгына байланыштырып келет. Бирок ошол эле учурда мамлекеттик бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын саны талаптагыдан бир топ арбын.

Нарын облусунда бала бакча курагында 35 миңге чукул балдар болсо анын 10 миңге жетпегени гана бала бакчага барат. Анткени облус аймагындагы бакчалардын чамасы чектелүү болгондуктан бардык эле балдарды камтыйт албайт. Нарын облусунда бала бакчага талап жогору болгондугуна карабастан бир гана жеке менчик бала бакча бар. Бирок ал дагы жабылуу алдында турат.

Жалпы эки жыл гана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 60 балага ылайыкталган бул бала бакчанын жетекчисинин милдетин аткаруучу Каныкей Туралиева менчик бала бакча ачуу машакаты жана убарасы тууралуу буларды айтты:

- Негизи Нарын шаарында бала бакчага талап бар. Бирок кээ бир суук күндөрү балдардын саны аз болуп калат. Үч жылдан бери иштеп, азыркы учурда жабылганы жатабыз. Себеби биздин кагаз иштерибиз жагынан кемчиликтер болуп убактылуу жабууну чечтик. Кагаз иштерибизди оңдоп түздөгөндөн кийин кайрадан ишибизди улайбыз.

Дегеле Нарын шаарында бала бакчага болгон муктаждык жогору. Мамлекеттик бала бакчада болсо орун жок. Бир тайпада эле 20-30 балага чейин ашык олтурушат. Мындан улам бала бакчадан үмүтүн үзүп койгон ата-энелер ондоп саналат.

Маселен, Нарын шаарынын тургуну Гүлнара Самарова эки баласын тең бала бакчага берген эмес. Убагында аракет кылып кезеке турганы менен ортодо акча сурагандар болуп каражаты тартыштыгынан балдары чоңоюп мектепке баргычакты бала багып үйдө отурганын айтат:

- Биз балдарыбызды бала бакчага берүү үчүн кайрылганда кырк баланын ордуна 60 бала отурат деп албай коюшкан. Паракорчулук жолу менен 70 бала отурса деле алып жатышат. Мен таанышым жок эле балдарымды бала бакчага бере албай койгом. Ошондуктан мектепке чейинки даярдыкта балдарымды ары-бери сүйрөп жүрдүм. Менчик бала бакчага 6000 сом болсо да балдарымдын келечеги үчүн деп бермекмин.

Гүлнурага окшоп балдарын бала бакчага бере албай үйүндө гана тарбиялагандар көп. Нарын шаарындагы “Бактылуу балалык” балдар бакчсынын кызматкери Жанымкүл Бейшебаева орун үчүн жетекчилике “шапка” берүү кеңири жайылганын, өзүнө да сунуштап келгендер көп болгонун айтат. Бирок ал эч бирөөдөн акча алаган эмесмин деп актанат.

- “Арам оокат аш болбойт” деген принципке абдан таянам. 5000 сом кайдан табылат, аны берген ата-эненин ичи ооруп берет. Бирок адамдардын ичинде бар. Өздөрү сунуштап “Баламды эттеп киргизип коюңуз” деп келишет. Кээ бир учурда урушканга чейин барам.

Нарын облусунун аймагында мектеп жашына чейинки 35 миңге чукул бала бар. Анын он миңге жакыны гана бала бакчага барат. Ал эми көпчүлүк бала бакчаларда балдар ашыкча тарбияланып келет. Бала бакчага болгон талап Нарын шаарында акыркы беш жылда аябай күч алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG