Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Бакчага жетпеген балалык


Расмий маалымат боюнча Бишкекте мектеп жашына чейинки балдардын 25%, ал эми өлкө аймактарында 13% гана бала бакчага барат. "Азаттыктын" кабарчылары бул көрүнүштөн улам келип чыккан көйгөйлөргө жана бала бакчалардагы абалга кызыкты.

"Үчтөн жаткыра албайбыз да"

Мамлекеттик бала бакчаларда орун жоктугу жеке менчик бакчалардын көбөйүшүнө түрткү берди. Бирок орто катмардагы ата-энелердин көпчүлүгү алардын баасын көтөрө албайт. Кээ бир жеке менчик бала бакчалардын кызмат акысы жогорку окуу жайлардыкынан да кымбат. Мунун себептерин Бакыт Асанов изилдеп көргөн:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00
Түз линк


Бакчага жетпегендердин өксүгү

Мектепке чейин бакчага же атайын ийримдерге бара албаган жеткинчектер тарбиялык жактан бир топ аксайт. Социалдык эрежелерден, колундагы буюмду башкалар менен бөлүшө билүү деген түшүнүктөн алыс болушуп, теңтуштары арасында өзүн туура алып жүрүүнү көптө өздөштүрөт. Айрыкча 3-6 жаштагы балдар сөзсүз түрдө бир күндө бир ирет өзү теңдүүлөр менен ойноо керектигин адистер тынбай айтышууда. Үйдө тарбияланган балдардын өксүгүн Бактыгүл Чыныбаева сураштырды:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00
Түз линк

Бала бакча жана дин

Каракол шаарындагы “Ислам” жеке менчик балдар бакчасы тарбия берүүдө диний эрежелерге ыктайт. Уюштуруучулар алар ата-энелердин бир бөлүгү башка бакчалардын таппаган кенемтени толтуруп жатышканын айтышат. Мария Колесникова бул бакчага баш багып, балдар эмне менен алектенээрине кызыккан:

Бала бакча "адалбы"?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
Түз линк


"Бакчаны толугу менен камсыздайбыз"

Жалал-Абад облусунда быйыл тогуз бала бакчасы ишке киргени менен орундар али тартыш бойдон калууда. Мындай шартта ата-энелер пара берүүгө мажбур, бирок ал тууралуу эч жакка арыздана алышпайт. Ата-энелерди, бакча жетекчилерин жана расмий өкүлдөрдү Ырысбай Абдыраимов кепке тартты:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00
Түз линк

Баткен: ЮНИСЕФ 26 бакча уюштурууга жардам берди

Баткен районунда мектепке чейинки балдарды тарбиялоо же бала бакча маселесин эл аралык уюмдар менен биргеликте чечип жатышат. Ал эми Баткен шаарында мурда 10 миң калк үчүн 7 бала бакча иштесе, учурда 25 миң калк үчүн 2 бала бакча калган. Мурдагы бакча имараттары азыр УКМКнын, университеттин карамагында. Жеңиш Айдаровдун баяны:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00
Түз линк


Мамлекеттик стандарт бар, бирок...

Кезинде жапырт менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайтарып алуу боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн тармактык комиссия бул өтө оор жараян экендигин жана ал кыйынчылык менен ишке ашып жаткандыгын белгилөөдө. Ал арада көйгөйдү бир аз жеңилдетүүгө жардам берген жана саны көбөйүп жаткан менчик бала бакчалардын окутуу, тарбиялоо сапатын ким көзөмөлдөйт деген суроо ата-энелерди ойлондурууда. Азиза Култаева баяндайт:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:22 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG