Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Талас: көздөн учкан бала бакча


Иллюстрация
Иллюстрация

Таласта бала бакчалардагы бир орунга эки-үчтөн наристе туура келип, санитардык нормадан ашып жатат. Ал эми тийиштүү шарттары бар бала бакчалардын баасы көпчүлүк ата-энелердин чөнтөгүнө чак келбейт.

45 жаштагы Мария эки небересин мамлекеттик бала бакчага алып барат. Мектепке чейинки билим берүү уясындагы шарттар жетиштүү болбосо да, ал наристелери каттап жаткан бала бакчага канааттанат. Ошентсе да, келерки окуу жылынан тарта дагы бир небересин бардык шарты бар “Билимкана” аттуу жеке бала бакчага берүүнү ойлоп жатат:

- “Билимканага” төрт жаштагы баламды берейин деп пландап жатабыз. Ал азыр мамлекеттик бала бакчага барууда. Кантсе да, жакшы шарт бар жерде тарбия алсын деген ой. Мамлекеттик билим уяларында 60-70 балага эки тарбиячы туура келип атпайбы. Алар балага биз күткөн билимди бере албайт деп ойлойм.

Мамлекеттик бала бакчага ар бир наристе үчүн ата-энелер 600 сомдон төлөшөт. Жеке тарбия уясынын акысы 7000 сом. Төлөмдөгү мындай айырма бардык эле ата-энелер үчүн ыңгайлуу эмес. Бул маселени чечүүнү өтүнүп, алар көптөн бери өкмөткө коңгуроо кагып келишет.

Иллюстрация
Иллюстрация

Бала бакчаларга жеткинчектерди кабыл алуу белгиленген чектен эки эсе көп болгону Санитардык көзөмөл борборуна да жакпай келүүдө. Облустун санитар-адиси Нуржан Базарбаев мындай абал гигиеналык талаптардын сакталышына да кедергисин тийгизерин белгилейт:

- Айылдарда анча билинбейт, бирок Талас шаарындагы бала бакчаларда бир орунга эки-үч бала туура келет. Бир тайпада 70-80 бала тарбияланат. Аларды бир тарбиячы жана анын жардамчысы көзөмөлдөйт. Балдардын колун жууп, тазалыгын карап турганга дагы кошумча бир штат ачылышы керек. Бул маселеде көңүл буруунун өтүнүп өкмөткө кайрылып жатабыз, алар каражат тартыш экенин айтышат.

Ал эми жергиликтүү бийлик болсо жыл сайын облус аймагында балдар бакчалары ачылып, көйгөйдү чечүү аракеттери жүрүп жатканын айтат. Өкмөттүн облустагы өкүлүнун орун басары Азият Жаркыналиева:

- Жылына беш-алты бала бакча ачылат. Биз бала бакчалардагы наристелердин саны нормадан көп экенин билебиз. Бул маселени жоюуда аракеттер жасалууда. Эгер биз нормадан ашык бала алынбасын деп чектеп койсок, көпчүлүк балдар такыр эле үйдө отуруп калып жатпайбы.

Жайлоодогу бала бакча
Жайлоодогу бала бакча

Адистердин баамында, балдар бакчаларындагы шарттар наристелердин аң-сезиминин өсүшүнө да таасир этет. Тайпага нормадан ашык балдардын топтолуусу - тарбиячынын ишин да татаалдаштырарын балдар психологу Рысбүбү Насипбаева белгилейт:

- Бала мектепке чейинки куракта берилген билимди өтө тез кабыл алат. Кийин кеч болуп калат. Мисалы, заманбап телефонду бакчадагы балдар чукулап өздөштүрүп алат. Чоңдор аны үйрөнгүчө кыйналат. Адамдын эң кабыл алгыч учуру бул бала бакчадагы кези болот. Ошондуктан бул курактагы билим өтө маанилүү. Бала бакчаларда эки тарбиячы 70-80 балага билим берип жетишпейт.

Талас облусунда 51 бала бакча бар. Бул жергиликтүү элге жетишсиз болгондуктан, айрым тургундар коңшусунун балдарын үй шартында карап берип, акча табышат.

Совет доорунда иштеп турган мектепке чейинки билимканалар 1990-жылдардагы менчиктештирүү учурунда жеке колдорго өтүп кеткен. Жергиликтүү бийликтер андай бала бакчалардын имараттарын мамлекетке кайтаруу аракети көрүлүп жатканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG