Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:30

Бала бакчанын жеткиликтүүлүгү боюнча көрсөткүч 11% жогорулады


Базар-Коргондогу бала бакча

Базар-Коргондогу бала бакча

Кыргызстанда бала бакчалардын жеткиликтүүлүгү боюнча көрсөткүч өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билим жана илим министри Элвира Сариева билдирди.

Министрдин айтымында, буга дейре өлкөдөгү бала бакчалар мектепке чейинки курактагы наристелердин 18% гана камтып келген болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 29% болууда. Буга жеке бала бакчалар салыктан бошотулганы жана жаңы бакчалар ачылып жатканы себеп.

Быйыл мамлекет 100 жаңы бала бакча ачканы жатат.

Учурда өлкө боюнча 1,5 миң бакча жетишпейт.

Министр Сариеванын белгилешинче, соңку кезде бакчада тарбиячы болуп иштөөнү каалаган жаштардын саны өскөнү байкалууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG