Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 13:23

Кыргызстанда айрым медреселер мыйзамды бузуп ишмердик жүргүзөт, мектепти таштап диний окууга гана ыктаган жеткинчектердин саны расмий көрсөтүлгөндөн көп.

Бишкекте жайгашкан Тынчтык Инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстандагы медреселердин абалын изилдеп чыкты. Эксперттер бул тармак чукул реформага муктаж экенин белгилешет.

Борбор Азиядагы коопсуздук коркунучтарын жана конфликттердин алдын алуу боюнча иштеген бейөкмөт уюм Кыргызстанда исламды окуткан диний мекемелердеги, анын ичинде медреселердеги көйгөйлөр, окуу программалары, светтик билимди интеграциялоо маселеси, каржылык булактары тууралуу изилдөө баяндамасын жарыялады.

Кыргызстандын Конституциясында дин мамлекеттен ажыратылган. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен медреселерге каржылык колдоо көрсөтүлбөйт. Шарты да ошого жараша. Баяндамада көбүнчө араб өлкөлөрүнөн келген же өлкө ичиндеги кайрымдуулук уюмдардан түшкөн жардамга же садака сыяктуу мечиттерге түшкөн каражатка көз каранды экени айтылган.

Айрыкча шаарлардын чеке белиндеги конуштарда жайгашкан айрым медреселер ным жыттанган жертөлөдө балдарды окутуп, жатаканасында эң жөнөкөй да шарттары жок, санитардык талаптарга жооп бербей турганы белгиленет. Ошол эле учурда Бишкекте жана башка шаарларда окуу үчүн шарттары жакшы, короосунда мал-жаны, спорттук машыгуучу жайлары бар медреселер да бар экени белгиленет.

Баяндаманын авторлорунун бири, Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекова айрым медреселер Баш мыйзамды жана Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын бузуп, 9-классты бүтө элек өспүрүмдөрдү жана 7-8 жаштагы жеткинчектерди кабыл алган учурлар бардыгын айтат. Мындан сырткары изилдөө диний окуу жайды аяктаган улан-кыздардын көп учурда жумуш таппай же андан ары окуусун уланта албай калганын көрсөткөнүн белгилейт.

Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова

- Медресени бүткөн балдардын күбөлүгүн мамлекет тааныбайт. Себеби медреселер лицензия албагандыктан диплому стандартка туура келбейт. Экинчиден, медреселерди каттоо ишин катуурак көзөмөлгө алыш керек. Жер-жерлерде айрым мечиттер өз алдынча эле медреселерди ачып алышкан. Эч кандай уруксат кагазы жок 7-10 жашка чейинки жеткинчектерди окуткан учурларды көрдүк.

Өлкөдөгү диний кырдаалды, анын ичинде билим берүүнү көзөмөлгө алуу маселеси буга чейин Коргоо кеңешинде да көтөрүлүп концепция иштелип чыккан. Кийин Жогорку Кеңештин депутаттары медреселердеги билим берүүгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү демилгесин көтөрүшкөн. Буга медреселерде билим берүүгө лицензияны Мусулмандар дин башкармалыгы берип, Билим берүү жана илим министрлигинин четте калганы негиз болгон.

Ал ортодо Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Заирбек Эргешов мектепти таштап диний билим алууга гана ыктап жаткан жеткинчектердин саны такталып, көзөмөлгө алынып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда бир катар медреселер светтик билимди программаларына киргизүүдө.

Зайырбек Эргешов
Зайырбек Эргешов

- Мыйзам боюнча медресеге 9-класстан кийин келип окуса болот. Кээ бир жагдайларда балдар мектептерде дагы, сабактан кийин медреседе дагы окуй турганын айтып жатышат. Биз мониторинг жүргүзүп жатабыз. Эгер ошондой учур катталса, мыйзамдын негизинде чара көрөбүз. Медреселерде светтик билим берүү маселеси актуалдуу. Себеби медреселерде диний гана билим берип келишкен. Учурда дагы иштер жүрүп жатат. Светтик билим дегенде Кыргызстан тарыхы, кыргыз тили, орус тили, англис тили, информатика, география сабактары бир топ медреселерде окутулуп жатат. Эми Билим берүү жана илим министрлигинен өтүп, лицензия алуу иши турат.

Арген “Абдулла ибн Масуд” медресеси Бишкектеги чоң жана салыштырмалуу балдарга керектүү шарттар түзүлгөн медреселердин бири деп эсептелет. Азыр анда 300дөн ашуун бала диний билим алууда. Окуучулардын бири Арген Жээнтаев дагы 9-классты бүткөндөн кийин диний билим алууну тандаган. Ал медреседе диний кат сабатын жоюп, шарият жолунда тарбиялануу жетиштүү деп эсептейт:

Арген Жээнтаев
Арген Жээнтаев

- Мен бул жактан төрт жыл диний билим алгандан кийин дагы окуумду улантам. Азыр биз көбүнчө араб тилинин грамматикасын окуйбуз. Араб тилинин грамматикасы абдан терең да. Медресе абдан жагат. Чыныгы тарбия ушул жакта. Адеп-ахлак, кулк-мүнөз ушул жактан калыптанат, ал чыныгы жашоо-турмушта керек болот. Кыргызстан тарыхын кошо окусак жакшы болот. Калган сабактарды 9-класска чейин деле окуганбыз. Мындан сырткары бул жакта балдар ашпозчулукка окуп үйрөнүшөт.

Медресенин окутуучулары светтик билим берүүнү киргизүүгө каршы эмес. Ошол эле маалда диний жактан чала сабат жаштарды тарбиялоодон коркушат. “Абдулла ибн Масуд” медресесинин окутуучусу Абдилмажит Шарипов мындай дейт:

Абдилмажит Шарипов
Абдилмажит Шарипов

- Биз муфтият бекитип берген программанын негизинде окутабыз. Ханафи мазхабындагы аалымдар жазгандарды окутабыз. Азырынча программада светтик сабактар бар, бирок окута элекпиз. Бизде балдар төрт жыл окушат. Ушул убакытта дүйнөдөн артта калып кетет деген ой жок. Бул жактан кеткенде окууларын уланткан балдар көп. Светтик билимди киргизсе, бизден окуп кеткенден кийин милдеттүү кылып койсо болот. Мен жеке бир-эки сабакты киргизгенге каршы эмесмин. Эгер медресе теңме-тең диний, анан светтик билим алыш керек деп киргизсе, анда диний жактан терең илим ала албай калат. Дин чоң нерсе, ага көп убакыт бөлүш керек. Анын жарым убактысын алып койсо чала молдо болуп калат.

Ал ортодо медреселерге светтик билим берүүнү, ал эми мектептерге диний сабактарды киргизүү мыйзамга туура келбей турганы белгиленүүдө. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай билдирди:

- Бул үчүн мыйзамды оңдоп, тууралаш керек. Эгер мектепке барып диний билимди киргизгиле десе туура эмес болуп калат. Анткени Конституцияда мамлекет динден ажыратылган деп жазылып турат. Азыр мектептерде дин тарыхы деп окутулат, мусулманчылык деген эмне деп. Буддизм туурасында толук берилген эмес. Жалпы дүйнөдөгү диндерди кыскача болсо да баарын окутуш керек.

Кыргызстанда бир Ислам университети жана тогуз Ислам институту бар. Өлкөдөгү диний окуу жайлардын басымдуу бөлүгүн медреселер түзөт. Республика боюнча 102 медресе Дин иштери боюнча комиссиянын каттоосунан өткөн, учурда анын 78и иштеп жатат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына караганда, өлкө боюнча алты миңдей бала диний билим алат. Ал эми Булан институтунун изилдөөсүндө медреселерде окуп жаткан балдардын саны бул көрсөтүчтөн алда канча көп экени айтылат. Ошондой эле Кыргызстанда диний билим берүү мекемелеринин ишмердигин тартипке салып, көзөмөлдөй турган мыйзамдык нормаларды кабыл алуу зарылчылыгы, уруксаты жок иштеп аткан медреселердеги жана мектепте да, медреседе да окуп жүргөн балдарды эсепке алуу керектиги белгиленген. Мечиттердин жана облустук казыяттардын медресе ачуу укугуна көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы баса белгиленет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG