"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Испанияда темир жол кырсыгында 69 киши каза таап, жүздөн ашык киши жарат алды. Кыргыз өкмөтү балыктын жеми, картөшкө, алма, кумшекер өңдүү товарлардын импортуна алты айлык чектөө киргизгени турат. Милиция Адахан Мадумаровго кол салуу тууралуу маалыматты четке какты.
Кыргызстанда пенсия курагындагы мектеп мугалимдерин жумуштан кетирип, ордуна жаш адистерди алып келүү демилгеси коомчулукта курч талкуу жаратты. Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаеванын айтымында, мугалимдердин айлык акысы жогорулагандан кийин мектептерде бош орундар үчүн атаандаштык күчөдү.
Президент Жапаровдун Жалал-Абад облусундагы жолугушууларында эл эң көп көтөргөн маселе укук коргоо жана сот органдарына байланыштуу болду. Буга чейинки беш жылдыкта эмнеге реформа болгон жок?
Президент Садыр Жапаровдун жолугушууларында эл эң көп укук коргоо жана сот органдарынын үстүнөн даттанууда. Токмоктук тургундун "атасы жол инспекторуна 2000 сом пара берген деген айып менен эки жылга абакка кесилгенин" айтканы сот жана прокуратура системасына болгон талкууну күчөттү.
Президент эл менен жолукканда майнинг фирмалар тууралуу маселе көтөрүлүп, Алексей Ширшовдун ысымы аталды. Жапаров энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөнү айтылып келген Ширшовдун Кыргызстандагы долбоорлору, кайсыл тармакка канча акча салганы тууралуу алгач ирет кенен маалымат берди.
Президент Садыр Жапаровдун Токтогулдагы жолугушуусунда энергетикадагы кризис маалындагы майнинг фермалар тууралуу маселе көтөрүлүп, Алексей Ширшовдун ысымы аталды. Жапаров энергетикадагы коррупциянын башында турган делген Ширшовдун ысымын саясатчылар бийликке каршы сын үчүн колдонуп келгенин айтты.
“Кемпир-Абад иши” боюнча акталган Перизат Суранова мамлекеттен кенемте талап кылып сотко кайрылды. Түркмөнстанда Путин менен Пезешкиан жолукту. Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы криптовалютасын жойду. Улуу Британия аны чыгарган кыргыз компаниясына санкция салган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелеринин негизинде козголгон ишке кийин “жашыруун” деген гриф коюлган эле.
Темирлан Султанбеков жети жылга кесилсе, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев төрт жылга камалды. ДССУ кара тумоо тууралуу Орусиядан кошумча маалымат сурады. Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтканына Камчыбек Ташиев жооп берди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кызматка дайындалганга чейин камалып чыкканы тууралуу түшүндүрмө берди.
Марлен Маматалиев "парламент алсыз, нотариус болуп калды” деген сөздөргө терикти. Спикер “мындан ары негизсиз дооматтарга" карата чара көрүлөрүн эскертти.
7-октябрда Газадагы согушту тутанткан кандуу чабуулга үч жыл толду. Израилде 1200дөй адамдын өмүрүн алган чабуулдун курмандыктарын эскеришти. Газада болсо согуштун изи дагы деле өчө элек. Калаалардын бир топ бөлүгү урандыга айланган. Миңдеген үй-бүлө жакындарын жоготкон.
Каспий деңизиндеги машыгууда 14 аскер курман болду. Орусияда акыркы маалда мигранттарды текшерүү күчөп кеткени маалым болду. Нью-Йоркто жүрүшкө чыккандар Газадагы согушту айыптап, Израилдин өкмөт башчысын камоого чакырды.
Казакстанда Каспий деңизинде аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусу маалында шамалдын күчөшүнөн 14 аскер кызматкери сууга чөгүп каза болду. 25-сентябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бардык маданий, оюн-зоок иш-чаралары токтотулду.
Казакстанда Каспий деңизиндеги атайын машыгууда ондой аскер каза болгону кабарланды. 25-сентябрда аза күтүү жарыяланды. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Кытайдын лидери 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барды.
БУУнун башкы трибунасында дүйнө лидерлери согуш, санкция, климатка байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Жапаров эл аралык коомчулуктун көңүлүн Ысык-Көлдү сактоого бурду. Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын бүтүмүнө макул эместигин айтты. 37 жыл мурун кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгон.
Кыргызстан Европанын санкциялык саясатына тынчсыздануусун билдирип, шаркет менен туруктуу байланышта экенине карабай, чектөөлөргө кабылганын айтууда. Жапаров 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, европалык өнөктөштөр менен ачык диалог жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Айрым саясатчылар келаткан президенттик шайлоодо азыркы президент Садыр Жапаров менен ат салыша турган талапкерлер азырынча чыкпай жатканына көңүл бурууда. Президент соңку интервьюсунда Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин, шайлоого катышам дегендерге шарт түзүлөрүн айткан.
Москва шаарындагы басмаканада өрт чыгып, миграцияда жүргөн кыргызстандык он төрт кыз иске ууланган трагедияга быйыл туура он жыл болду. Бул окуя эгемендик жылдардагы миграциянын чоң кесепети катары жалпы улуттук трагедия деп кабыл алынып, ошол кезде аза күтүү да жарыяланган.
Чет жактагы айрым кыргызстандык активдүү жарандарды, журналисттерди фейк аккаунттар аркылуу каралоо уланууда. Кайсы бир өлкөнүн "агенти" деп, ыплас жол менен алардын үй-бүлөсүнө да асылышат. Серепчилер муну "пикирин ачык айткандарга атайын жасалган чабуул" деп, мындайга жол бербөөгө чакырып жатат.
Дагы жүктөңүз