Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Министр Акунбековдун "Таш заманына" Ташиев жооп кайтарды

Эрлист Акунбеков, Камчыбек Ташиев, Ыдырыс Исаков. Коллаж.
Эрлист Акунбеков, Камчыбек Ташиев, Ыдырыс Исаков. Коллаж.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кызматка дайындалганга чейин камалып чыкканы тууралуу түшүндүрмө берди.

Ал 7-октябрда Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) «Диалог» программасында эркин журналист Ыдырыс Исаков менен дебатта бул тууралуу суроого жооп берип, коомчулукта «кустуруу» деген аталыш менен белгилүү болгон коррупцияга каршы күрөштүн алкагында камалып, бирок эч нерсе табылбаганын билдирди. Ошол эле учурда кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

8-октябрда анын айткандарына УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берип, Акунбеков «жер семирткичтерди коммерциялык баада сатып жүргөнү тергөөнүн жүрүшүндө аныкталганын» билдирди.

Бул Ташиевдин кызматтан кеткенден кийин өзү жетектеген мекеме козгогон кылмыш ишине байланыштуу алгачкы комментарийи болду.

Азырынча аталган иш кандай жыйынтык менен аяктаганы белгисиз. Коомчулукта бул маселе боюнча ачык жооп болушу керектиги айтылууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кызматка дайындалганга чейин эмне себептен камалганын айтып жатып, бул окуяны «Таш замандын иши» деп атады. Ал түз эфирде көрсөтүлгөн дебат учурунда кайсы кылмыш ишине байланыштуу кармалганын тактаган жок.

Министр ошондой эле абактан УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенге чейин эле, ушул жылдын январь айында чыкканын кошумчалады.

Эрлист Акунбеков
Эрлист Акунбеков

«Таш заман болгон. Таш заманда "кустуризация" кылам деп киргизген. Эч нерсе таппай төрт ай кармаган. Эч нерсе тапкан эмес. Сиз да чукуп көрүңүз (ред.: Ыдырыс Исаков). Салык боюнча маселе барбы же жокпу, сиз сыйлаган Алмамбет Шыкмаматов мырзага да айтып көрүңүз. Эч нерсе таппаганы үчүн чыгарган», - деди Акунбеков.

8-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев министр Эрлист Акунбековго байланыштуу кылмыш иши боюнча комментарий берди.

Аны Ташиевдин тарапташы Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда Эрлист Акунбековго байланыштуу УКМКда бир нече факт боюнча материал болгону айтылды. Ошондой эле Кыргызстанга алынып келинген жер семирткичтер дыйкандарга сатылган учурда бажы төлөмүнөн бошотуларын караган өкмөттүн токтому бар экени белгиленди.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, Эрлист Акунбеков "он миңдеген тонна жер семирткич алып келип, аны дыйкандарга саттым деген жасалма документтерди толтурган". Бирок иш жүзүндө "товар кен казуучу жана башка ири ишканаларга коммерциялык баада сатылганы" тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган.

Камчыбек Ташиев. Архив сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архив сүрөт.

«УКМКнын тергөөчүлөрү документтерди текшерип чыгып, Финансы министрлигинин, Салык кызматынын жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлери менен биргеликте мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп чыгышкан. Баштапкы эсеп боюнча зыян 3 миллиард сомдун тегерегинде болгон. Мен Акунбеков "ооруп жатам" деп арыз бергенден кийин аны үй камагына чыгаргам. Андан кийинки тергөөнүн жүрүшү тууралуу комментарий бере албайм. Бардык материалдар тергөө кызматында бар. Ошол ишти жүргүзгөн кызматкерлердин айрымдары азыр да ошол жерде иштеп жатышат. Бир нерсени так айтам, Акунбековду эч ким заказ менен камаган эмес. Ал конкреттүү кылмыш ишинин алкагында кармалган. Мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирилгени тууралуу маалымат туруп, мен аны жаап-жашырууга эч качан бармак эмесмин. Акунбеков 15 жылга жакын Кыргызстанга жер семирткич ташып келген. Бул иш терең иликтенип, толук текшерилсе, дагы көп нерсе чыгышы мүмкүн», - деп айтылды Ташиевдин атынан жарыяланган билдирүүдө.

Акунбеков атайын кызматтын мурдагы башчысынын бул айткандарына 8-октябрдын кечинде Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берди.

Ал чындыгында 2025-жылдын 29-августунан 29-декабрына чейин СИЗО-1де төрт ай отурууга "мажбур кылышканын, Салык кызматынын мурдагы жетекчисинин иши боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү» беренеси менен айып коюлганын айтты:

"Мени менен чогуу өлкөбүздүн алдыңкы 30дан ашык ири ишкери да өттү. Бул ишкерлердин көбү белгилүү бир суммаларды төлөп, ошол замат эркиндикке чыгышкан. Ал кезде акча төлөсөң, кое берчү. Ал эми мен күнөөм жок болгон үчүн бекем позициямдан кайтпай, көгөрүп отурдум. Менин нөлдөн түптөгөн бизнесимдин көбү айыл чарба тармагында болду: жер семирткичтерди, үрөндөрдү, айыл чарба техникаларын жана ветеринардык препараттарды ташып келчүмүн. Бул продукциялар НДСтен бошотулган, болгону 3% бирдиктүү салык төлөнөт. Ошондон улам 3 млрд сом салык — бул абсурд болчу. Алардын логикасы төмөндөгүдөй болду: «Байлыгың бар экен, ошон үчүн көбүрөөк төлөйсүң», — дешти. 2026-жылдын 24-февралында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчиси тарабынан мага карата кылмыш куугунтугун, менин аракеттеримде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу, токтотуу жөнүндө токтом чыгарылган. Мен жоопкерчилик менен билдирем: мен эч качан мамлекеттик тендерлер менен алектенген эмесмин, мамлекеттен акча, мамлекеттик кредит же башка ушул сыяктуу каражаттарды алган эмесмин".

43 жаштагы Акунбеков кесиби боюнча экономист. Ал «Бай дыйкан» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын жер семирткич ташуучулар ассоциациясын жетекчиси болгон, Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Ош филиалында иштеген, өз алдынча ишкерлик менен алектенген.

Акунбековго кылмыш иши козголуп, камалганы тууралуу маалыматтар айтылып келгени менен анын кайсы айып боюнча жоопко тартылганы жана кайсы кылмыш ишинин алкагында кармалганы тууралуу ачык маалымат жарыяланган эмес эле.

Коомчулукта мамлекеттеги жогорку кызмат адамдарынын бирине байланыштуу айтылып жаткан маалымат ар тараптуу териштирилип, бул маселеге ачык жооп берилиши керек деген пикирлер айтылууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев да ушундай көз карашта.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

«Мунун чын-төгүнүн далилдеш керек. Муну бир гана киши, президент чечет. Прокурор же сот чечпейт. Президент министрлик кызматка дайындайт, керек болсо өз чечими менен кызматтан ала алат. Негизи кайсы бир адамга чындап эле кылмыш иши козголуп, ал аягына чыга элек болсо, аны мамлекеттик кызматка дайындоодо шашылбаш керек эле. Эгер ал иш кыскартылып, кылмыш курамы жок деп табылса же сотто акталса, же болбосо тергөөдө токтотулса, анда бул тууралуу ачык жарыяланышы керек болчу. Тергөөчү менен тымызын бүтүрүп коюп, "мен тазамын" деп коюу жетишсиз. Ошондуктан мамлекеттик кызматка, айрыкча министрлик кызматка таза адамдар барышы керек. Ошондо мындай суроолор жаралбайт эле. Эми министр таза болуп чыкты десе, муну тергөөчүнүн токтому менен эмес, тиешелүү документтер менен көрсөтүшү керек. Президент арбитр катары чыгып, бул туура же туура эмес экенин такташы керек. Балким, ал билген эмес, кийин билип калып кызматтан бошотушу мүмкүн. Мындай жагдай да болушу ыктымал».

Масалиев өкмөттө министрлер бат-бат алмашканы байкалып жатканын, жок дегенде беш жыл иштеп, жыйынтыгын көрсөтүшү керектигин белгилеп, соңку талкуу жараткан дебат боюнча "министр сын-пикирди уккусу келбейт окшойт" деген оюн кошумчалады.

Атайын кызмат Ташиев сөз кылган кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы маалыматты тактап жатканын билдирди. Кылмыш ишинин андан аркы тагдыры азырынча белгисиз. Салык кызматы да Ташиев айткан текшерүүлөр боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин президент Садыр Жапаров кадр тандоодо көйгөйлөр бар экенин айткан. Ал 11-мартта Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик кызматка кадрларды алардын жерлигине эмес, билимине жана кесипкөйлүгүнө жараша тандоо зарылдыгын белгилеген.

«Бир эле мисал. Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине он талапкер сунуштасам, тогузун коррупционер деп чыгышты. Бирин сунуштасаң, "бул тигил ишке аралашкан", "бул схемщик", "тиги андай" деп чыгышат. Ошондо "таза кадр Кыргызстанда калды беле?" деп сурадым. Биз дагы, силер дагы элге таза иштейбиз, келечекти курабыз, коррупцияны жок кылабыз деп убада берип шайланып келгенбиз. Ошол антыбызды иш жүзүнө ашырышыбыз керек», - деген Жапаров.

Акунбеков менен Исаковдун 7-октябрда УТРКда өткөн түз эфирдеги дебаты коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Анда айыл чарба тармагындагы бир катар маселелер көтөрүлүп, тармактагы системалуу көйгөйлөр тууралуу да сөз болду.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG