Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Министр Акунбеков кызматка дайындалганга чейин эмнеге камалып чыкканын айтты

Эрлист Акунбеков.
Эрлист Акунбеков.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кызматка дайындалганга чейин камалып чыкканы тууралуу түшүндүрмө берди.

Ал 7-октябрда Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) “Диалог” программасында эркин журналист Ыдырыс Исаков менен дебатта бул тууралуу суроого жооп берип, бирок кылмыш иши боюнча кенен маалымат берген жок.

“Таш заман болгон. Таш заманда “кустуризация” кылып киргизем деген. Эч нерсе таппай төрт ай кармаган. Эч нерсе тапкан эмес. Сиз да чукуп көрүңүз (ред: Ыдырыс Исаков). Салык боюнча маселе барбы же жокпу сиз сыйлаган Алмамбет Шыкмаматов мырзага да айтып көрүңүз. Эч нерсе таппаганы үчүн чыгарды”, - деди ал.

Эрлист Акунбеков менен Ыдырыс Исаков айыл чарба жаатындагы маселелер боюнча УТРКда дебатка чыкты.

43 жаштагы Эрлист Акунбеков 2026-жылдын 25-февралында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалган. “Бай дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү.

2020-жылдан кийин келген бийликтин тушунда коррупцияга каршы күрөш, мурда-кийин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кенткен мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иши “кустуризация” деген сөз менен белгилүү болуп калган. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG