Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентке айтылган сын-пикирлерге жооп берди. Ал Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө “мындан ары негизсиз доомат коюп, адамдын ар-намысына шек келтирген сөздөргө чара көрүлөрүн” айтты.
“Парламент алсыз. Нотариус болуп калды” деген социалдык тармактын колдонуучуларына, саясатчыларына же айрым чала саясатчыларына ошондой сөздөн алыс болсоңуздар дейт элем. Анча-мынча чала саясатчылардын сүйлөгөнүн карап көрдүм. “Алар өздөрү Кыргызстанга өмүрүндө беш жакшылык кылдыбы?” деген суроого жооп таба албай койдум. Биз Жогорку Кеңеште музей ачтык. Ал жерде мурда парламентте иштеп кеткен саясатчылар бар экен. Беш жакшы мыйзам жазды бекен деп карап таба албай койдук”, - деди ал.
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышын мурдагы чакырылыштарга салыштырып болбой турганын, себеби буга чейин Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу болуп Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары көп болгонун кошумчалады.
Марлен Маматалиев парламентте сүйлөгөн сөзүндө кайсыл бир саясатчынын аты-жөнүн так атаган жок.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын 17-декабрында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет жана беш депутаттык топ бар.
Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. Мындай дооматтарды спикер, басымдуу депутаттар четке кагып келишет. (BTo)
Шерине