Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

Физика боюнча Нобел сыйлыгы космостогу майда бөлүкчөлөрдү изилдеген окумуштууга ыйгарылды

Физика боюнча 2026-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаты, Бельгияда туулган америкалык окумуштуу Фрэнсис Хальцен.
Физика боюнча 2026-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаты, Бельгияда туулган америкалык окумуштуу Фрэнсис Хальцен.

2026-жылдагы физика боюнча Нобел сыйлыгы Бельгияда туулган америкалык окумуштуу Фрэнсис Хальценге ыйгарылды.

Сыйлык ага "АйсКьюб" нейтрино обсерваториясынын ишине кошкон салымы жана космостон келген энергиясы өтө жогору нейтринолорду ачканы үчүн берилгени маалым болду.

Башкача айтканда, Хальцен Түштүк уюлдагы музду пайдаланып, алыскы космостон келген өтө майда бөлүкчөлөрдү изилдөөгө жол ачкан. Бул тууралуу 6-октябрда Швециянын падышалык илимдер академиясы билдирди.

Бул бөлүкчөлөр нейтрино деп аталат. Алар көзгө көрүнбөйт. Башка заттар менен дээрлик өз ара аракеттенишпегендиктен, аларды байкоо өтө кыйын.

Бирок сейрек учурларда нейтрино атомдун ядросу менен кагылышат. Ошондо пайда болгон жарыкты атайын жабдуулар каттай алат. Хальцен дал ушул ыкманы колдонуп, космостон келген бөлүкчөлөрдү Түштүк уюлдагы калың муздун жардамы менен кармоону сунуштаган.

Ал бул идеясын алгач 1988-жылы сунуштаган. Кийин эл аралык окумуштуулар жана инженерлер тобун жетектеп, "АйсКьюб" обсерваториясынын түзүлүшүнө чоң салым кошкон.

Обсерватория бир куб километр музду камтыйт. Тагыраагы, узундугу, туурасы жана бийиктиги бир километр болгон ири муз катмарына жарыкты сезгич жабдуулар орнотулган.

Курулуш 2011-жылы аяктаган. Кийин окумуштуулар ушул жабдуулардын жардамы менен Күн системасынан алыс аймактардан келген нейтринолорду аныкташкан.

Бул ачылыш ааламды изилдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Космостогу башка бөлүкчөлөрдүн багыты өзгөрүп тургандыктан, алардын кайдан келгенин аныктоо кыйын. Ал эми нейтринолор узак аралыкты багытын дээрлик өзгөртпөстөн басып өтөт. Ошондуктан аларды изилдөө аркылуу бөлүкчөлөрдүн булагын аныктап, ал жакта кандай кубаттуу процесстер жүрүп жатканын түшүнүүгө болот.

Нобель комитети Хальцендин эмгеги астрономиядагы жаңы багыттын пайдубалын түптөгөнүн белгиледи. Окумуштуулар бул изилдөөлөр ааламдагы азырынча белгисиз кубулуштарды ачууга да жардам берет деп эсептешет.

Фрэнсис Хальцен 1944-жылы Бельгиянын Тинен шаарында туулган. Ал 1969-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Учурда АКШдагы "Висконсин-Мэдисон" университетинин профессору болуп эмгектенет.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG