Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Сочинин жээгинде мунай ташыган танкер өрттөндү

Сочинин жээгиндеги өрт. 6-октябрь, 2026-жыл.
Сочинин жээгиндеги өрт. 6-октябрь, 2026-жыл.

Орусиянын Транспорт министрлиги Сочинин жээгинде Кара деңизде мунай ташыган танкерге башкаруучусуз кайыктар кол салганын билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Либериянын желеги астында сүзүп жүргөн AFRAMAX RIO танкери жабыркаган.

"23 адамдан турган экипаждын баары - Индиянын жарандары, алар куткарылды. Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок", - деп билдирди министрлик.

Транспорт министрлигинин билдирүүсүнөн кийин Сочинин мэри Андрей Прошунин шаардык ыкчам штаб коопсуздук чараларынын алкагында деңиз жээгиндеги сейилдөөчү аймактарга жана пляждарга кирүүнү убактылуу чектөө чечимин кабыл алганын билдирди.

"Сочинин тургундарын жана конокторун өздөрүн коркунучка салбоого жана аларды ачуу боюнча расмий чечим чыкканга чейин күтүүгө чакырам", - деп жазды Прошунин.

Буга чейин Сочиде жашаган тургундар Кара деңиздеги кемеде өрт чыкканын билдиришкен. Сүрөттөрдө асманга көтөрүлгөн коюу түтүн көрүнгөн. Окуянын күбөлөрүнүн бири "Настоящее Время" басылмасына жээкте күйгөн жыт сезилип жатканын айткан.

"Сириус" федералдык аймагынын администрациясынын башчысы Дмитрий Плишкин өрттөн улам пляждар убактылуу жабылганын жазды.
Анын айтымында, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн «Сириустун» пляждары убактылуу жабылып, суу жана аба мейкиндигинин коопсуздугу Росгидромет менен биргеликте үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп жатат. Ал тургундарга сыртта узак убакыт болбоону жана терезелерди ачпоону сунуштады.

Өрттүн келип чыгышы боюнча азырынча түрдүү маалыматтар айтылууда. Украиналык мониторинг каналы Supernova+ Либериянын желеги астында сүзүп жүргөн AFRAMAX RIO танкери күйүп жатканын тастыктаган.

Ал эми "Агентство" басылмасы MarineTraffic кызматынын маалыматтарына таянып учурда Сочи районунда турган жалгыз танкер AFRAMAX RIO болгонун билдирди.

"Сочи Радар" телеграм-каналы өрт дрон кайыктын чабуулунан улам чыккан болушу мүмкүн деп жазды. Ошол эле учурда "Осторожно, новости" каналы сүйлөшкөн жергиликтүү тургундар өрт чыкканга чейин жарылуу угулбаганын билдиришкен.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG