"Эки айга камалды"
Нурлан Сулаймановдун кармалганын “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырасташты. Маалыматка ылайык, мурдагы министрди Ички иштер министрлиги (ИИМ) 3-октябрда кармаган.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2026-жылдын 5-октябрындагы токтому менен тергөөчүнүн С.Н.Ч.га карата 2026-жылдын 3-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандоо жөнүндө өтүнүчү канааттандырылды", - деп маалымдады райондук сот.
Буга чейин анын кармалганын милициядагы булактар "Азаттыкка" билдиришкен. ИИМ расмий маалымат бере элек. Мурдагы министрдин кайсы иш менен кармалганы азырынча беймаалым.
Нурлан Сулайманов ким?
Нурлан Сулайманов 66 жашта. 2005-жылдагы Март ыңкылабынан соң “жылдызы жанган”. Ал 2005-жылдан 2010-жылга чейин транспорт жана жолдор министри катары үзгүлүксүз иштеп, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийликтеги туруктуу кадрлардын бири болгон.
2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен парламент депутаттыгына шайланган. Бирок Жогорку Кеңештеги ишмердиги көпкө узарбай, министр кезиндеги иши үчүн кылмыш иши ачыларын алдында өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган.
Ал учурда Сулаймановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козголуп, издөө жарыяланган. Чет өлкөдө жүрүп, парламенттин ишине катышпаганы үчүн мандатынан ажыраган. Бирок камакка алынбастан 2018-жылы ага карата кылмыш иши кыскарганы белгилүү болгон.
Сулайманов 2020-жылдагы бийлик алмашуудан соң кайрадан бийликке жакын экени белгилүү болгон.
Ал мурдагы премьер-министр Акылбек Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси экени кабарланган. Бирок саясий чөйрөдө Сулайманов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин көздөй кишиси экени айтылган. Ал Өзгөн айланма жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырып, андагы өнөктөшү Ташиевдин уулу Тай-Мурас экени белгилүү болгон.
Соңку беш жыл аралыгында Нурлан Сулайманов расмий кызматты ээлебегени менен УКМКнын мурдагы төрагасы менен эң жакын мамилеси бар экени айтылып келген.
Сулайманов өзү кызматта болбогону менен уулу Элдар Сулайманов эки ирет Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайланды. Ал быйыл февралда Ташиев кызматтан кеткен соң мандатын тапшырып кеткен депутаттардын катарында болду.
Сулаймановго козголгон кылмыш иши
Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айып коюлган.
Нурлан Сулайманов депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу 2014-жылы издөө жарыяланган. Башкы прокуратура 2018-жылы ал издөөдө болгондуктан, кылмыш иши убактылуу токтотулганын билдирип, кармалса камакка алынарын, иши сотко өтөрүн билдирген.
2020-жылы парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2016-жылы эле токтотулганы ачыкка чыккан. Бишкек шаардык соту “жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти” деген негизде ал кылмыш жообунан бошотулганын маалымдаган.
Шерине