ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Украина: Прилуки шаарына соккунун курмандыктары 20га жетти

Прилуки шаарындагы соккунун кесепети. 7-октябрь, 2026-жыл
Прилуки шаарындагы соккунун кесепети. 7-октябрь, 2026-жыл

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, Орусиянын Чернигов облусундагы Прилуки шаарына соккусунун кесепетинен каза болгондор 20га жетти. Алардын бешөө балдар.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 55 адам жаракат алган, алардын арасында жети бала бар.

Беш кабаттуу турак үйдүн урандылары алдында издөө-куткаруу иштери уланууда.

7-октябрга караган түнү Орусия Украина аймагына баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт чабуул жасады. Соккулар Киев, Днепр, Запорожье, Кременчуг жана Прилуки шаарларына тийип, бир нече адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG