Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Орусияда Политковская эскерилди, ЖМКнын эркиндиги үчүн коалиция Кремлге кайрылды

Анна Политковская жашаган үйдүн жанындагы гүлдөр / Sotavision. Москва, 7-октябрь, 2026-жыл
Анна Политковская жашаган үйдүн жанындагы гүлдөр / Sotavision. Москва, 7-октябрь, 2026-жыл

Орусиянын башкалаасы Москвада жана Санкт-Петербург шаарында 7-октябрда көз карандысыз журналист Анна Политковскаянын элеси эскерилди.

Бул күнү бир нече киши Политковская киши колдуу болгон үйдүн жанына гүл жана шам алып келишти.

Москвада журналисттин сөөгү коюлган Троекуров көрүстөнүнө жана Политковская атып өлтүрүлгөн үйдүн кире беришине гүлдөр коюлду. Ал жерге жаңы эстелик тактасы да орнотулду. Санкт-Петербургда Соловецкий ташына гүл коюлду.

Анна Политковскаянын киши колдуу болгонунун 20 жылдыгына байланыштуу ЖМК эркиндиги үчүн коалиция билдирүү таратып, ага 32 өлкөнүн өкүлдөрү кол коюшту.

"Төмөндө кол койгон ЖМК эркиндиги үчүн коалициянын мүчөлөрү Орусиянын бийлигин анын өлүмүнө күнөөлүү бардык адамдарды, анын ичинде бул кылмыштын буюртмачыларын жоопко тартууга чакырат. Журналисттерге жана медиа кызматкерлерине каршы кылмыштардын жазасыз калышы кабыл алынгыс", - деп айтылат билдирүүдө.

Коалиция Орусиянын бийлигин журналисттерге өз ишин эркин жана коопсуз аткарууга мүмкүнчүлүк берүүгө, адилетсиз кармалып жана соттолгондордун баарын бошотууга жана журналисттик ишмердүүлүктү кылмыш катары кароону токтотууга чакырды.

Политковская "Новая газета" басылмасында иштеген, Чеченстандагы согуш, адам укуктарынын тебелениши тууралуу жана Кремлдин саясатын сындаган иликтөөлөрү менен белгилүү болгон. 2006-жылдын 7-октябрында 48 жашында Москвадагы үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн.

Журналисттин киши колдуу өлүмү боюнча иште милициянын подполковниги Дмитрий Павлюченков, Лом-Али Гайтукаев, Сергей Хажикурбанов жана бир тууган Ибрагим жана Жабраил Махмудовдор соттолгон. Айыпталуучулар 11 жылдык абак жазасынан тартып өмүр бою түрмөгө кесилген.

Журналистти өлтүрүүнү уюштурган деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Лом-Али Гайтукаев кийин ал абакта каза болгон. 20 жылга соттолгон Сергей Хажикурбанов 2023-жылы мунапыс менен бошотулуп, Украинадагы согушка тартылган.

Кылмышка ким буюртма бргени ушул кезге чейин белгисиз. Кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү 2021-жылы аяктаган. Политковскаянын жакындары жана кесиптештери анын өлүмүнө Чеченстандын бийлигинин тиешеси болушу мүмкүн экенин бир нече жолу айткан.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG