Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Химия боюнча Нобел сыйлыгы Анри Каган менен Кэнсо Соаиге ыйгарылды

2026-жылы химия боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаттары Анри Каган жана Кэнсо Соаи
2026-жылы химия боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаттары Анри Каган жана Кэнсо Соаи

2026-жылы химия боюнча Нобел сыйлыгы француз химиги Анри Каган жана жапониялык окумуштуу Кэнсо Соаиге молекуланын күзгүдөн чагылган сүрөтүндөй болгон “эгиз” формасынын бирин артыкчылыктуу түрдө пайда кылган механизмди ачкандыгы үчүн ыйгарылды.

"Анри Каган менен Кэнсо Соаи химиядагы жүз жылдан бери ачылбай келген суроого жооп табышты - гомохиралдуулук (homochirality) табиятта өзүнөн өзү кантип пайда болот? Алар таң каларлык химиялык реакцияларды ишке ашырды", - деди химия боюнча Нобел комитетинин төрагасы Хайнер Линке.

Буга чейин окумуштуулар аминокислоталар сыяктуу молекулалардын бири-бирине абдан окшош эки түрү бар экенин аныкташкан. Бирок тирүү организмдерде алардын бирөө гана кездешет. Мындай химиялык асимметрия узак убакыт бою илим үчүн табышмак бойдон калган. Каган менен Соаи ошол сырды чечүүгө жол ачышты.

Бул ачылыш дары-дармек өндүрүшү үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени бир эле заттын “эгиз” формалары адамдын организмине ар башкача таасир этиши мүмкүн.

2025-жылы химия боюнча Нобел сыйлыгы окумуштуулар Сусуму Китагавага, Ричард Робсонго жана Омар Ягхиге металлорганикалык каркастарды (MOF) иштеп чыкканы үчүн берилген. Алар газдар жана башка химиялык заттар өтө ала турган чоң көңдөйлөрү бар молекулалык түзүлүштөрдү ойлоп тапкан. Мындай материалдар чөлдүү аймактарда абадан суу бөлүп алууда, көмүр кычкыл газын кармоодо, уулуу газдарды сактоодо жана химиялык реакцияларды тездеткен катализатор катары колдонулушу мүмкүн.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG