Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков 27-августта жарыялаган катында алдыда боло турган шайлоо тууралуу маселени козгоп, муну менен катар 2021-жылы өткөн президенттик шайлоодогу талапкерлердин дээрлик көбү соттолуп, айрымдары камакта отурганын кошумчалап, куугунтук токтобой жатат деген оюн билдирди.
Саясатчы "эркин жана укуктуу өлкө курабыз деген улут үчүн чыныгы атаандаштуу президенттик шайлоо эң негизги фундаменталдуу талаптардын бири" экенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкө эгемендик алган 35 жылдык тарыхта чыныгы атаандаштык президенттик шайлоо болбогонун жазды:
"2020-жылга чейин Кыргызстан жарым жартылай эркин өлкөлөрдүн катарында болсо, акыркы 5 жыл эркин эмес өлкөлөрдүн тизмесинде. Сөз, чогулуш, сын айтуу эркиндиги толугу менен чектелди. Бийликке жакпаган пикир, сын айткан оппозициялык саясатчылар, журналисттер жана жарандык активисттердин баары куугунтукка кабылып, камалып, соттолушту. Саясий репрессия адам укугун, эркиндиктерди чектеген негизги куралга айланды. “Бийликти басып алуу”, “Башаламандык уюштуруу”, “Улут аралык кастыкты козутуу” беренелери боюнча жасалма кылмыш иши ачылып, соттолбогон бир дагы эгемен саясатчы, журналист жана жарандык активист калган жок. 2021-жылы өткөн президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин дээрлик көпчүлүгү соттолду же камакта отурушат. Мен жана И.Ташов камактабыз А.Мадумаров, К.Сооронкулова, К.Асанов, А.Сегизбаев, К.Исаев, Б.Калмаматов камалып чыгышты, Арстан Алай түрмөдө көз жумду. Бийликти сындаган саясатчылардын, журналисттердин жана активисттердин өздөрүн гана камап чектелбестен азыркы режим алардын үй-бүлөлөрүн, бала-чакасын, бир туугандарын жана жакын делген адамдарын кошо куугунтуктоо тарыхыбыздагы жаңы ачылыштардын бири болду. Ушундай катаал шарттар жана фактылар менен атаандаштуу шайлоо, саясий атаандаштык жаратуу мүмкүнбү?".
Жээнбеков учурда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде камакта отурат. 2025-жылдын 3-июнунда “Кой-Таш ишине” байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 7 жыл 8 айга кескен.
Эки ай мурда Жээнбековдун уулу Азат Равшан президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттары менен укук коргоочуларга кайрылып, атасы сегиз айга жакын убакыттан бери террорист-экстремисттер кармалган терезеси жок катаал шарттагы камерада камалып жатканын билдирген.
Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев соңку камоолордон улам келаткан шайлоодо күрөшкө тең чыга турган талапкерлер азырынча чыкпай жатканын айтууда:
"Бир тарап азыр бул кишиге атаандаш жок, мындан өтөөр, мындан мыкты, мындан мекенчил эч ким жок деп кошоматчылык кылгандар тегерегинде толтура. Бирок мен Равшан Жээнбековдун пикирине кошулат элем, кеп анда эмес. Татыктуу, Садыр Жапаровдон кем эмес кыздар, балдар көп бизде. Бирок иштеп берем деген, колунан келгендер иштегенден коркот. Равшан белгилегендей, өткөн шайлоодо 17 талапкер болсо, андан 14ү ар кандай себеп менен соттолуп, кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартылган. Экинчиден, алты жыл ичинде ким сын-пикир айтса негизи бар, негизи жок болсо дагы эл душманы, бузуку деп "марка" коюп, президент баш болуп куугунтук жүргүзгөнү сезилип жатат. Ошондуктан келе жаткан шайлоодо тең күрөшө турган күчтөр азырынча көрүнбөй турат. Анткени президенттин колунда бийлик, администрация, күч органдары турат. Эң негизгиси өзгөчө фонд, башкача айтканда, Кыргызстандын бюджети колунда. Барган жеринде мамлекеттик машина бул талапкерге иштейт. Ошондуктан тең атаандаш боло албайт. Илгертен эле иштеп жаткан президент талапкер болгондо дайыма суроо туудурат: Ал кызматын тапшырыш керекпи же кандай? Ошондуктан бизде алы жеткен, тең күрөшө турган талапкерлер көрүнбөй турат азырынча".
Анткен менен саясатчы Бектур Асанов бул шайлоодо сөзсүз бийлик утат деп айтууга эрте деп эсептейт. Ал бул тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында 27-августта айтты:
"Менимче бул шайлоодо тандоо болот. Эң негизгиси, шайлоо таза өтүшү керек. Бул шайлоо мурункудан өзгөчө болот. Элде тандоо болот. Бийлик сөзсүз утат деп айтууга болбойт бул жолу. Мисалы, Сооронбай Жээнбеков менен Бабанов талапкерлигин койгондо бийлик утат деген. Анда башы-көзү көрүнгөн саясатчылар мелдешип Жээнбеков утат дешкен, ал утту. Бирок бул жолу сөзсүз бийлик утат дегенге эртерээк. Менимче акыркы 1-2 ай калганда ким талапкер болгонуна жараша билинет болуш керек".
Президент Садыр Жапаров дээрлик ар бир маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, саясатчыларга басым-кысым жоктугун кайталап айтып келет.
Мамлекет башчы журналист Али Токтакуновго берген соңку интервьюсунда дагы саясий куугунтук жок экенин, алдыда боло турган президенттик шайлоого катышам дегендерге шарт түзүлөрүн айткан. Жапаров журналисттер, блогерлер бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин билдирген:
"...мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн. ...Президенттик шайлоого барам, дагы бир мөөнөткө барышым керек болуп калды. Бардыгына жол ачык, ким шайлоого барам десе бара берсин. Орусча айтканда "флаг в руки", биз эч кимди чектебейбиз. Буга бут тоскула дебейбиз, шайлоо таптаза өтөт. Мен парламенттик шайлоодо жарыялагам, азыр шайлоо укугун элге бердик. Мурда элге берилчү эмес. Мыйзам кандай болсо ошондой коюп, ар бир талапкер бара берсин. Врачтарды, мугалимди колдонуу болбойт, аны иш менен далилдейбиз".
Активист, "Кемпир-Абад ишине" байланыштуу камалып чыккан Эрлан Бекчоро айыпсыз абакта жатат дегендердин ишин президентти өз көзөмөлүнө алып, ырайым берүүгө чакырып жатат.
"Президенттик шайлоонун алдында саясий процесстер курчуп, сын-пикирлер ачык айтылып баштайт. Ушул учурда президент абакта айыпсыз жаткандардын ишин өз көзөмөлүнө алып, ырайым берсе шайлоо алдында чоң олжолордун бири болмок беле деп ойлойм. Биз УКМКны жетектеп турганда Камчыбек Ташиев куугунтукту ошол киши жасаган деп ойлочубуз, азыр ал киши жок. Президент өз көзөмөлүнө алып, көп чечимди өзү кабыл алса көптөр кубаттамак".
Июль айынын аягында Жапаров мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн. Жогорку Кеңеш шайлоонун датасын сентябрдын ортосунда аныктайт.
Ошол эле тапта International Partnership for Human Rights (IPHR) эл аралык уюму баш болгон бир катар эл аралык уюмдар билдирүү жасап, Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандык мейкиндикти жана жеке пикирди чектөө максатында онлайн репрессия колдонуу күч алганын эскертишкен. Кыргызстанда журналисттерге басым уланып жатканы да айтылган.
Шерине