Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

"Өз оюмду айткам". Мавлян Аскарбековдун иши сотко өттү

Мавлян Аскарбеков Бишкектин Ленин райондук сотунда. 20-август, 2026-жыл
Мавлян Аскарбеков Бишкектин Ленин райондук сотунда. 20-август, 2026-жыл

мазмуну

  • Мавлян Аскарбековдун соту жабык өтө баштады
  • Сот аны үй камагына чыгаруудан баш тартты
  • Саясатчы июнь айынан бери УКМКнын абагында отурат

20-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук угуу жабык өттү. Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун адвокаты билдирди. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.

Камоого негиз болгон Фейсбуктагы пост

Саясатчынын адвокаты Эрик Ирискулбеков судья Мавлян Аскарбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какканын, 24-августтагы отурумда тергөөдөгү далилдерди жокко чыгаруу боюнча өтүнүч караларын айтты.

Жактоочу соттук отурумга кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берген маалда Мавлян Аскарбековго Фейсбукта жазган постуна байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Анын айтымында, саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылган. Мавлян Аскарбеков жазган постко соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүп, эксперттер “анда улут аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар” деген тыянак чыгарып берген.

Эрик Ирискулбеков жүргүзүлгөн экспертизага макул эмес экенин айтып, иште бир да күбө жок деп эсептейт.

Мавлян Аскарбеков өзү сот залынан колу кишенделип, күч кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып журналисттерге "Президент Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деди. Мен өз оюмду өкмөткө кайрылуу менен айткам. Жашыруун видеолор монтаж болгон", - деп айтууга үлгүрдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.

47 жаштагы Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал соңку жылдары бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген.

Быйыл 12-июнда Фейсбуктагы баракчасына өзүнө каршы чагымчыл мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазып чыккан.

"Премьер-министрге кайрылып, кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы тууралуу айттым эле. Конструктивдүү талкуулап, эл алдында түз эфирде дебатка чакыргам. Базар күнү үйүмө УКМКнын үч кызматкери келип мени менен сүйлөшүп, жашыруун камерага тартышып, монтаждап азыр чыгарып жатышат", - деп жазган ал өзүнүн постунда.

Муну менен катар ал интернетте тараган видеону кошо тиркеген.

13 мүнөттүк "Жалган маалыматтын изи менен. Мавлян Аскарбековдун далилсиз сенсациясы" деген видеодо активисттин буга чейинки билдирүүлөрү сынга алынып, "өлкөнү эч ким каптап кетпегени, улуттук коопсуздук маселеси мыйзам менен темирдей корголгону" айтылган.

Ошол эле күндүн кечинде Аскарбеков кармалганы белгилүү болгон. Бишкектин Ленин райондук сотунда 13-июнда анын бөгөт чарасын аныктоо боюнча сот отуруму өтүп, ал эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган.

Коомдук пикир жана кармоолор

2024-жылдын аягында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу расмий башталгандан кийин өлкөдө кытай жарандары көбөйгөнү тууралуу сөздөр чыккан. Кытайлык жарандар аралашкан ар кандай окуялар катталган. Президент Садыр Жапаров ал кезде кытай жарандары ири долбоорлорго байланыштуу убактылуу келгенин, ар бир мигрант көзөмөлдө экенин билдирген.

Жапаров 14-июнда Балыкчы шаарында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салган учурда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандагы чет элдик жумушчулар темасына токтолгон.

Ал темир жол тармагындагы жетишкендиктерди мисал келтирип, ири долбоорлорго Кыргызстан чет жактан жумушчуларды тартканга мажбур экенин айткан:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Ошондуктан, блогерлер дейбизби, оппозиция дейбизби же өзүн көрсөткөн популист саясатчылар дейбизби, “каптап кетти, жайнап кетти” деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат да. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек. Албетте, мына биз ушундай өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз. Ал эми “өзүбүз курабыз” деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге барбагыла деп блогерлерибизди чакырып кетем”, – деген Садыр Жапаров.

Кыргызстанда мурдагы бийликтердин тушунда да саясий себептер менен саясатчы-активисттер кармалып-камалган учурлар болгон. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өлкө башына келген бийликтин тушунда да ондогон адамдар ар кандай иштер боюнча камалып чыгышты.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Башка басылмалар болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан.

Бирок быйыл февралда президент Садыр Жапаров менен атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясий тандеми урап, Ташиев иштен алынган соң айрым кылмыш иштерде жеңилдетүү байкалгандай болгон. Муну айрымдар саясий тирештин фонунда бийликтин саясий иштерге жумшартуу аракети катары карашса, кээлери келерки жылы өтө турган президенттик шайлоого байланыштырышкан.

Айталы, 2022-жылы кыргыз-өзбек чек ара келишимине байланыштуу нааразы болуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу өлкөгө өтүп жатканына каршылык билдирген отуздай саясатчы, укук коргоочу жана активист кармалып, алды дээрлик эки жылча камакта отурушту. 2026-жылдын мартында Бишкек шаардык сотунда көпчүлүгү акталышты.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бир бөлүгү сотто.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бир бөлүгү сотто.

Мындан сырткары Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров 2023-жылы өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. 2024-жылы долбоорлордун 11 журналисти жапырт кармалды. Алардын жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулган.

Абакка кесилгендерден Азамат Ишенбеков былтыр апрелде президенттин ырайымы менен эркиндикке чыкса, долбоорлордун жетекчиси Махабат Тажибек кызы быйыл мартта эч жакка чыкпоо тилкаты менен камактан бошотулду.

3-июнда Кыргызстан эгемен тарыхында биринчи ирет Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланган. Туруктуу жана туруктуу эмес 15 мүчө мамлекеттин ичинде расмий Бишкек 2027-2028-жылдары анда дүйнөлүк маселелерди талкуулоого жана чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк алган.

Кыргыз бийлиги муну чоң жоопкерчилик катары карап, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга салым кошорун билдирсе, укук коргоочулар Кыргызстан адам укуктары жаатындагы милдеттемелерин аткарууга басым жасашы керектигин эскертишкен.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG