Нарын районунда жайгашкан Жетим-Тоо кенинин айланасындагы талкуу эмнеден кабар берет?
Бөлтүрүктүн билдирүүсүнөн чыккан талкуу
Жетим-Тоо темасынын коомдо кайрадан талкуулана башташына «Кумтөр» компаниясынын жана «Улуу көчмөндөр мурасы» мамлекеттик холдингинин мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн соңку билдирүүлөрү жем таштады. 2020-жылдан соң Кумтөрдү башкарып, кийин коррупцияга шектелип, соттолгон Бөлтүрүк соңку учурда соцмедиада активдүү болуп, билдирүүлөрдү жасап жатат. Андагы маалыматтардан улам Теңгиз Бөлтүрүк Канадада жашап жатканын билүүгө болот.
Ал «Улуу көчмөндөр мурасын» жетектеп турганда Жетим-Тоону да изилдеп чыкканын айтат. Кенди кесипкөй адистер жана заманбап жабдыктар менен мамлекет өзү иштетсе болот деп эсептейт. Ал үчүн Батыштын стандарттары менен иштөө зарыл экенин белгилейт.
Теңгиз Бөлтүрүк өз сөзүндө темир кенин иштетүүгө кытайлар кызыгып келгенин айтып, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин ысымын да атаган.
“Жетим-Тоону иштетүү аракеттери болуп келген. Бир кездери Садыр Жапаров мени эки жолу чакырып, кенге Батыш инвесторлору, өзгөчө Кытай компаниялары кызыкдар экенин, алар 20 млн долларга казып баштагысы келип жатканын айткан. Атүгүл Темир Сариев 20 млн долларга жабдык сатып алып, экскаватор, жүк ташуучу трак дегендер менен руданы сузуп алып эле Кытайга жөнөтө берүүнү сунуштап жатканын айтты. Мен үчүн бул күлкүлүү болду. Ошол эле жерде Садыр Жапаровго “Азыр эле менин алдымда Темир Сариевге чалып, кайсы жерде кандай руда жатканы тууралуу маалыматтарды кайдан алганын, бул руданын курамы темирге жарды экенин, аны алгачкы этапта байытуу керектигин билет бекен, сураңызчы” дедим. Руданы эритүүгө жөнөтүү үчүн анын курамында темирди 62-65%дай кылып байытуу керек. Биздики болсо 27-32% жана бир өңчөй жайгашкан эмес”.
Бөлтүрүк Жетим-Тоонун рудасында темирдин үлүшү аз болгондуктан, эриткенге чейин аны байытуучу завод куруу зарылдыгын, ал 500-600 млн доллар турарын айтат.
Темир Сариевдин жообу
Көп өтпөй мурдагы премьер-министр Темир Сариев Теңгиз Бөлтүрүктүн билдирүүсүнө жооп берген пикирин жарыялады. Анын айтымында, 2021-жылы Садыр Жапаров ага Жетим-Тоону иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоо боюнча өз сунушун даярдоону тапшырган. Тоо-кен, геология, инженерия жана финансы боюнча атамекендик адистер менен бир нече ай бою союз кезиндеги жана 2008-2009-жылдары кытайлар иштеп чыккан документтерди изилдеген соң алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени даярдашкан.
Темир Сариев Теңгиз Бөлтүрүктүн кенди өздөштүрүүнүн жогорку рентабелдүүлүгү тууралуу билдирүүсү картинанын бир бөлүгүн гана чагылдырат жана кендин маанилүү технологиялык өзгөчөлүгүн – темир рудасын байытуунун татаалдыгын эске албайт деп эсептейт.
“Долбоордун экономикалык натыйжалуулугу кордун көлөмү жана темир рудасынын рыноктук баасы менен эле эмес, баарынан мурда товардык концентрат алуунун технологиялык мүмкүнчүлүктөрү, металлды бөлүп алуу деңгээли, кайра иштетүүнүн капиталдык чыгымдары жана даяр продукциянын өздүк наркы менен аныкталат. Так ошондуктан, ушул жагдайларды эске албай туруп, кендин жогорку рентабелдүүлүгү тууралуу кандай билдирүү болбосун эртелик кылат. Жумушчу топ иштеп чыккан концепция кенди этап-этабы менен иштетүүнү караган. Алгачкы этапта руданы казып алууну уюштуруу, темир концентратын өндүрүү жана аны сатуу, анын ичинде туруктуу суроо-талап болуп турган Кытай рыногуна сатуу каралган. Концентратты сатуудан түшкөн кирешени өзүбүздүн металлургиялык комбинатыбызды курууга жумшоо пландалган”.
Ошентип, Жетим-Тоонун айланасындагы талкуу күчөп жатат. Жетим-Тоодон темир казуу демилгеси 2008-2009-жылдары активдүү көтөрүлүп, казуу укугу кытайлык инвесторлорго ыйгарылганы кабарланган. 2010-жылдан кийин узакка созулган соттошуулардын жыйынтыгында кен мамлекетке кайтарылган. 2020-жылдан кийин кенди казуу демилгеси кайрадан активдүү талкууланып баштаган.
Жетим-Тоону казууга жана өзгөчө анын Кытай тарапка берилишине каршы чыккан жарандык активисттер бир канча жолу нааразылык акцияларын өткөргөн. Алардын айрымдары ар кандай айыптар менен камалып, соттолуп да кетишти. Коомдогу нааразы пикир кыйла курч болгондуктан, президент Садыр Жапаров темир кенин мамлекет өзү иштетерин билдирген.
Президент Садыр Жапаров ушул жылы июнь айында Ат-Башы районунда эл менен жолугушуп жүргөндө Жетим-Тоону иштетүү боюнча калк арасындагы суроого мындайча жооп берген:
“Биз болсо азыр Жетим-Тоону изилдеп атабыз. “Кумтөр” сыяктуу кылып 100% өзүбүз иштетели дегенге аракеттерди көрүп атабыз. Бирок, өтө чоң каражат кетет экен. Ал жерге бир завод салыш керек экен. Биз жөн эле сырьену сатып ийбей, металл иштетип чыгара турган завод коюп туруп, анан кийин 100% металлды иштеп чыгарышыбыз керек экен. Ошого 9 млрд долларга жакын кетет экен. Бирок, эгер ошол салынса, өзүн 5-10 жылда актайт экен. Биз азыр ошол каражатты издеп, аракет кылып атабыз, муну өзүбүз иштетебиз деп. Күчүбүз жетип калса, өзүбүз иштетебиз, жетпесе 30/70 дейбизби, 40/60 дейбизби – инвестор издеп тапсак, ошону менен кошо иштетебиз”.
Жетим-Тоо аймагын чалгындоо лицензиясы 2023-жылы "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына берилген. Быйыл май айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кенди чалгындоо иши баштала электигин билдирген.
"Жетим-Тоо эч кимге бериле элек"
Тоо-кенчилер ассоциациясынын жетекчиси Дүйшөнбек Камчыбеков учурда мамлекеттик мекемелер Жетим-Тоону баштапкы изилдөө иштерин жүргүзүү аракети менен жүргөнүн жана кен эч бир инвесторго бериле электигин айтат. Эксперт Теңгиз Бөлтүрүк мурда "Кумтөр" менен "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингинде иштеп турганда кетирген кемчиликтери көп болгондуктан, жопкерчиликке тартылганын эске салат. Кендин айланасындагы соңку талкуулар анын жеке пикиринен улам гана козголуп жатканын белгилейт.
"Бүгүнкү күндө эң биринчи кезектеги көйгөйлүү маселе – биз ал жерде толук кандуу геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, ошол жети участоктун болжолдуу айтылган кендери бар. Кайсы жеринде гематит жайгашкан, кайсы жеринде магнетити жайгашкан? Ошолор боюнча жети участокто бүгүнкү күндө "темирдин кору мынча, ар бир участок боюнча мынчадан жайгашкан" деген маалыматты аныктап, бекитип коюшубуз керек. Биз бүгүнкү күндө болжолдуу кор жөнүндө гана сөз кылабыз. Экинчиси, бул долбоор жөнөкөй долбоор эмес. Бул жөнүндө президентибиз менен 2021-жылы резиденцияда сүйлөшкөндө ага да айтылган. "Кенди ал жерде четинен эле торттой кылып кертип-кертип кесип алып, Торугартка алып барып сата берсек, миллиондогон-миллиарддаган акчаларды бюджетке түшүрөбүз" деп туура эмес маалымат берилген. Бүгүнкү күндө биринчи бул долбоордун корун аныкташыбыз керек. Андан кийин ошого жараша инфраструктурасын түзүш керек. Ал маселелерди чечкенге бери дегенде 5-7 жыл кетет жана 5-7 млрд доллар жумшашыбыз керек. Экономикада өнүгүүлөр жүрүп жатат, бирок бүгүнкү күндө мынча акчаны таап, ал жерге иштеткенге, ачык айтышыбыз керек, мүмкүнчүлүгүбүз жок".
Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймагында жайгашкан Жетим-Тоо дүйнөдөгү ири темир кендеринин бири болуп саналат. 1956-жылы аныкталган кендин узундугу 40 чакырымга чейин созулуп жаткан тоо кыркаларынан жана Данги, Туюк-Суу, Айран-Суу, Молдобашы, Телеке жана Күрмөнтү деген тилкелерден турат.
Алгачкы жолу 1960-80-жылдары союз геологдору, кийин 2008-2009-жылдары кытай адистери тарабынан изилденген кендин кору жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу так маалыматтар жок. Ар кандай божомолдор боюнча анда 3,5 млрд тоннадан 10 млрд тоннага чейин темир рудасы бар.
Шерине